2020-жылдын 30-июнь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат
Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Ысык-Көл облусу
Каракол шаарында 2020-жылдын 27-июнь күнү саат 14:45 чамасында секундасына 25 метрге жеткен (Бофорт шкаласы менен) шамал катталып, Масалиев көчөсү №45 дарегинде жайгашкан “Май Хотел” мейманканасынын кампасынын 475 чарчы метр түзгөн темир чатырын учуруп кеткен. Жабыркагандар жок.
28-июнь күнү Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо жана түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн. 29-июнь күнү комиссия тарабынан акт түзүлүп, шамалдан келтирилген чыгым 394 550 сом түзгөн.
- Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
III. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
- КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча
Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 5 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 6 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.
Катар № |
Бөлүм №
|
Өрттүн
категориясы
|
Убакыт |
Билдирүү жолу
|
Дареги, маалыматы, өрттүн себеби
|
Берилген ствол
ГТКК
|
|||||
чыгуу
саат/м |
жетүү
саат/м |
чектөө
саат/м |
толук
өчүрүү саат/м |
келүү саат/м |
|||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | |
Бишкек шаары |
|||||||||||
1. | 5-ӨКБ
1 б 1 б 1 автошаты |
1 | 14:06
14:12 14:06 |
14:15
14:28 14:15 |
14:36 | 15:00 | 16:10
15:38 15:12 |
Биринчи Май району, Малдыбаев көчөсү №11, 45 батирдин аянты 30 чарчы метр балкону толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | 2 ствБ | ||
Чүй облусу |
|||||||||||
2. | 15-ӨКБ
1 б |
1 | 19:35 | 19:46 | 19:50 | 20:02 | 20:38 | 101 | Москва району, Петровка айылы, Заводской көчөсү №158, бастырманын астында 1 чарчы метр жыйналган чөп түтөгөн. Өрттүн себеби: балдардын от менен шоктугу. | 1 ствБ | |
3. | 5-ӨКБ
1 б |
1 | 23:52 | 00:04 | 00:25 | 00:59 | 01:01 | Кемин району, Кызыл Октябрь айылы, ачык аянтта 5 га куураган чөп жана 35 га чабылбаган буудай күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | 1 ствБ
|
||
4. | 28-ӨКБ
1 б |
1 | 04:58 | 05:47 | 07:41 | Аламудүн району, Кашка-Суу айылы, Достук көчөсү №20, болжол менен жыгач устундуу шифер жабылган аянты 100 чарчы метр бастырманын чатыры жана 400 түк чөп күйүп жатат. Учурда өрттү толук өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. | |||||
Талас облусу |
|||||||||||
5. | 91-ӨКБ
1 б |
1 | 08:02 | 08:08 | 08:10 | 08:19 | 08:55 | Кара-Буура району, Кызыл-Адыр айылы, Чаткал көчөсү №58, турак үйдүн 1,5 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. | 1 ствБ | ||
Куткаруу кызматтары тарабынан 4 чыгуу болду:
Бишкек шаары
Биринчи Май районунда 29-июнь күнү саат 11:09да КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Юг-2 кичи районунда жайгашкан №9 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.
Октябрь районунда 29-июнь күнү саат 23:30да КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Көк-Жар кичи районунда жайгашкан №18 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.
Нарын облусу
Жумгал районунда 5-июнь күнү Миң-Куш айылынын тургундары 1978-жылы туулган жана 1977-жылы туулган Көкөмерен дарыясына балык кармоого кеткен боюнча дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.
29-июнь күнү издөө иштерин улантуу максатында жалпы 12 куткаруучу тартылып, кеч киргендигине байланыштуу саат 19:45те издөө иштери убактылуу токтотулган. Натыйжа болгон жок. 30-июнь күнү издөө иштери улантылат.
КР ӨКМ Басма сөз кызматы.