2020-жылдын 1-июлу саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
85 просмотров

2020-жылдын 1-июль күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Жалал-Абад облусу

Токтогул районунда 24-июнь күнү саат 19:00 чамасында Үч-Терек айыл аймагында жаап өткөн жаандын кесепетинен кокту колоттордон сел жүрүп, Саргата-Такталык ички чарбалык унаа жолунун 100метр суу каптаган. Мындан сырткары Саргата айылынын Кодиков көчөсүнүн 250метр ички чарбалык жолун каптаган, турак үйлөргө зыян келтирилген эмес.

Тазалоо иштерине айыл аймактан 1 жүктөгүч тартылды.

25-июнь күнү тазалоо иштери жүргүзүлүп, ушул күнгө чейин күйүүчү майдын жоктугуна байланыштуу иш-чаралар болгон эмес. 30-июнь күнү тартылган күчтөрдүн жардамында, Саргата-Такталык ички чарбалык унаа жолунун 100метр аралыгы тазаланып бүткөн.

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 6 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 8 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

Катар №

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Бишкек шаары

1.     5-ӨКБ

1 б

1 10:04 10:18 10:42 11:19 11:50 Октябрь району, Исакеев көчөсү №4, эшик терезе чыгаруучу ишкананын 5 чарчы метр дарбазасы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
2.     5-ӨКБ

1 б

1 21:58 22:04 22:20 22:25 22:37 Октябрь району,  Л.Толстой жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишинде 400  чарчы метр куураган чөп жана таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Ош шаары

3.     12-ӨКБ

1 б

1 13:22 13:29 13:41 14:01 14:24 Алиев жана Молдониязов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан көрстөндүн аймагында 1 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Чүй облусу

4.     21-ӨКБ

1 б

1 б

1 14:41

 

14:49

14:50

 

14:58

14:59 14:46 15:18

 

16:18

Токмок шаары, Дунларов көчөсү №20, жыгач устундуу шифер жабылган турак үй, сарай, мончонун 121  чарчы метр  чатыры жана 4 сотык куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ
5.     5-ӨКБ

1 б

1 16:22 16:27 16:35 16:53 17:05 Кемин району, Кемин шаары, Каракөл көчөсүндө ачык аянтта 30 сотык куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Талас облусу

6.     91-ӨКБ

1 б

1 б

1 01:14

 

01:37

01:23

 

01:46

01:58 02:28 03:02

 

03:02

Кара-Буура району, Чымкент айылы, Чолпонбай көчөсү №43, жыгач устундуу темир жабылган турак үйдүн 168 чарчы метр  чатыры  күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. 2ствБ

Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болду:

Бишкек шаары

Октябрь районунда 30-июнь күнү саат 09:40да КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Юнусалиев көчөсүндө жайгашкан №173/5 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачышканда, батирдин ичинен 1952-жылы туулган эркек кишинин жансыз денеси табылган. Маркумдун жансыз денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Нарын облусу

Жумгал районунда 5-июнь күнү Миң-Куш айылынын тургундары 1978-жылы туулган жана 1977-жылы туулган Көкөмерен дарыясына балык кармоого кеткен боюнча дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.

29-июнь күнү издөө иштерин улантуу максатында жалпы 12 куткаруучу тартылган.

Натыйжа болгон жок.

30-июнь күнү издөө иштери улантылат.

Ысык-Көл облусу

Тоң районунда 30-июнь күнү Бөкөнбаев айылынын Кум-Дөбө тилкесинде УАЗ үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, унаа оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 2 адам (1 аял киши жана 1 жаш бала, аты-жөндөрү такталууда) каза болуп, 2 эркек адам (аты-жөндөрү такталууда) жабыркаган.

КР ӨКМнин №38 ӨКБ куткаруучулары каза болгон жарандардын жансыз денелерин унаадан чыгарышып ИИМнин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган жарандарды тез жардам кызматы райондук ооруканага жеткирген.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here