Тоң районунда жол кырсыгынан 2 адам каза болуп, 2 эркек адам жабыркады

0
94 просмотров

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда 30-июнь күнү Бөкөнбаев айылынын Кум-Дөбө тилкесинде УАЗ үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, унаа оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 2 адам (1 аял киши жана 1 жаш бала, аты-жөндөрү такталууда) каза болуп, 2 эркек адам (аты жөндөрү такталууда) жабыркаган.

КР ӨКМнин №38 ӨКБ куткаруучулары каза болгон жарандардын жансыз денелерин унаадан чыгарышып ИИМнин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган жарандарды тез жардам кызматы райондук ооруканага жеткирген.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы.

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here