2020-жылдын 3-июль күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат
Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Ысык-Көл облусу
Тоң районунда 2-июль күнү саат 20:30 чамасында Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун 48-чакырымында (Шор-Булак айылы) “Хонда-Степвагон” жана “Ауди-100” үлгүсүндөгү унаалары кагышкан. Кырсыктын кесепетинен 4 адам (1 жаш кыз жана 3 эркек, аты-жөндөрү такталууда) каза болуп, 2 эркек адам (1984-жылы туулган, 1983-жылы туулган) жабыркаган.
Окуя болгон жерге КР ӨКМнин Тоң райондук №38 ӨКБдан 4 куткаруучу, ИИМ кызматкерлери, тез жардам кызматы тартылган.
Куткаруучулар каза болгон жарандардын жансыз денелерин унаадан чыгарышып, ИИМнин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган жарандарды тез жардам кызматы райондук ооруканага жеткирген.
Нарын облусу
Нарын шаарында 2-июль күнү саат 22:00 чамасында кыска мөөнөттө жаап өткөн жаандын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары Чыргайлуу көчөсүндөгү №72, Көтөрмө көчөсүндөгү №67, 69, 70 турак үйлөрдү, жалпы 4 турак үйдүн короосун суу каптаган.
Жерине КР ӨКМнин Нарын шаардык №16 ӨКБдан 40 куткаруучу тартылды.
Куткаруучулар мотопомпанын жардамы менен сууларды сордуруп, турак үйлөрдүн короолорун тазалап беришкен. Ошондой эле суунун нугун буруу иштери жүргүзүлгөн.
-
Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
III. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
-
КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча
Бир сутканы ичинде республиканын аймагында 10 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 11 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.
Катар № |
Бөлүм № |
Өрттүнкатегориясы |
Убакыт |
Билдирүү жолу |
Дареги, маалыматы, өрттүн себеби |
Берилген стволГТКК |
||||
чыгуусаат/м |
жетүүсаат/м |
чектөөсаат/м |
толукөчүрүүсаат/м |
келүүсаат/м |
||||||
1 |
2 |
3 |
4 |
5 |
6 |
7 |
8 |
9 |
10 |
11 |
Чүй облусу |
||||||||||
1. |
8-АӨКБ1 б2-ӨКБ1 б |
1 |
09:1409:20 |
09:3209:33 |
жеткенге чейин |
10:1909:53 |
Аламүдүн району, Биримдик конушу, Ынтымак көчөсү №3, ачык аянтта желим челектер күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. |
— |
||
2. |
2-ӨКБ1 б |
1 |
09:30 |
09:35 |
09:45 |
10:00 |
10:10 |
Панфилов району, Кайыңды шаарында 0,5 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. |
1ствБ |
|
3. |
21-ӨКБ1 б |
1 |
13:17 |
13:26 |
жеткенге чейин |
13:43 |
Токмок шаары, Ибраимов көчөсү №81, турак үйдүн короосунда таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. |
— |
||
4. |
27-ӨКБ1 б |
1 |
13:50 |
14:00 |
жеткенге чейин |
14:45 |
Ысык-Ата району, Жээк айылы, Гагарин көчөсү №44, турак үйдүн короосунда куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. |
— |
||
5. |
4-ӨКБ1 б |
1 |
14:30 |
14:43 |
14:52 |
15:13 |
15:35 |
Ысык-Ата району, Станция Ивановка айылында ачык аянтта 0,5 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. |
1ствБ |
|
6. |
28-ӨКБ1 б |
1 |
14:47 |
15:00 |
16:10 |
16:17 |
16:59 |
Аламүдүн району, Заречный айлына жакын жайгашкан суу топтоочу жайдын аймагында 2 га куураган чөп жана бактар күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. |
1ствБ |
|
7. |
23-ӨКБ1 б |
1 |
18:00 |
18:20 |
19:02 |
20:48 |
21:25 |
Сокулук району, Асылбаш айылы, Борубаев көчөсү №40, турак үйдүн короосунда 850 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. |
1 ствБ |
|
Баткен облусу |
||||||||||
8. |
26-ӨКБ1 б23-куткаруучу |
1 |
12:5613:59 |
13:5014:28 |
15:25 |
17:28 |
18:3218:32 |
Баткен району, Суу-Башы айыл аймагы, Боз-Адыр айылы, Шаркабад тоосунунда 30 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. |
колкаражат |
|
Талас облусу |
||||||||||
9. |
17-ӨКБ1 б |
1 |
15:05 |
15:09 |
15:12 |
15:16 |
15:29 |
Талас шаары, Мырзалиев көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн короосунда 100 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. |
1ствБ |
|
10. |
91-ӨКБ1 б |
1 |
21:01 |
21:04 |
21:06 |
21:10 |
21:25 |
Кар-Буура району, Кызыл-Адыр айылы, Сатыбалдиев көчөсүндө ачык аянтта 10 чарчы метр куураган чөп жана таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. |
1 ствБ |