Ысык-Ата районунда жол кырсыгынан 1 адам каза болуп, 3 адам жабыркады

0
178 просмотров
Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылындагы Ленин көчөсүндө “ВАЗ-2107” жана “Mercedes-Sprinter” унааларынын ортосунда жол кырсыгы катталган.
Кырсыктын кесепетинен 1 эркек киши (1997-жылы туулган) каза болуп, 3 адам жабыркаган (аты жөндөрү такталууда).
Жерине  КР ӨКМнин №27 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барып, каза болгон адамдын жансыз денесин унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркагандар медицина кызматынын унаасы менен ооруканага жеткирилген.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы.

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here