2020-жылдын 9-июлу саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
159 просмотров

Шашылыш билдирүү: 9-11-июлдарда туруксуз аба-ырайы күтүлүүдө!

2020-жылдын 9-11-июлдарда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде мөндүр жаашынын ыктымалы бар. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

КР ӨКМдин тарабынан адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2020-жылдын 8-июль күнү №02-34/511-Т телефонограммасы чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө жеткирилген. Ошондой эле, КР ӨКМнин алдындагы ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

 

2020-жылдын 9-июль күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. 

Ош  шаары

2020-жылдын 8-июль күнү саат 20:05 чамасында Курманжан-Датка көчөсүндөгү №284/2 дарегинде жайгашкан “Кара-Алма” эс алуу жайы күйгөн. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 145 чарчы метр.

Өрттөн жабыркаган жана каза болгон адамдар жок.

Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин Ош шаардык №12 ӨКБдан 2 бөлүм, Ош шаардык №13 АӨКБдан 1 бөлүм тартылган.

Тартылган күчтөрдүн жардамында өрт саат 20:21де чектөөгө алынып, саат 21:04тө толук өчүрүлгөн.

Өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 20 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 22 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

Катар № Бөлүм №  Өрттүнкатегориясы  Убакыт Билдирүү жолу    Дареги, маалыматы, өрттүн себеби  Берилген стволГТКК
чыгуусаат/м жетүүсаат/м чектөөсаат/м толукөчүрүүсаат/м келүүсаат/м
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
Бишкек шаары
1.     7-ӨКБ1 б 1 15:08 15:30 жеткенге чейин 15:09 101 Октябрь району, Тунгуч кичи району, Ауэзов көчөсүндө куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.
2.     3-ӨКБ1 б 1 23:43 23:49 жеткенге чейин 00:30 101 Свердлов району, Жибек-Жолу проспекти №301, турак үйдүн чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.
3.     5-ӨКБ1 б 1 23:54 00:11 00:15 00:20 00:48 101 Свердлов району, Шабдан-Баатыр көчөсү 2/1, ачык аянтта 15 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.
4.     5-ӨКБ1 б 1 02:58 03:12 жеткенге чейин 03:41 101 Октябрь району, 5-кичи району №72, ачык аянтта 300 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.
Ош шаары
5.     12- ӨКБ1 б13- АӨКБ       1б   12- ӨКБ1 б 1 20:03
20:09
20:10
20:06
20:14
20:14
20:21 21:04 21:24
20:37
21:00
Курманжан-Датка көчөсү №284/2, “Кара-Алма” эс алуу жайынын аянты 145 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 3ствБ
Чүй облусу
6.     5-ӨКБ1 б 1 04:29 04:46 05:15 09:21 10:20 Кемин району, Орловка шаары, Киров көчөсү №20, ачык аянтта жыйылган 700 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
7.     15- ӨКБ1 б 1 12:43 13:10 13:22 13:35 14:08 Москва району, Кош-Дөбө айылы, 0,7га чабылган эгин талаасы жана 30 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
8.     2-ӨКБ1 б 1 13:42 13:56 14:05 14:37 15:09 101 Аламүдүн району, Төмөнкү Ала-Арча айылы, Логвиненко көчөсү, Сарайдын ичинде 40 чарчы метр жыйылган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.  1ствБ
9.     5-ӨКБ1 б 1 15:25 15:35 15:50 16:10 16:15 Кемин району, Бозоев көчөсү №6, ачык аянтта 25 сотык куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
10.       27-ӨКБ1 б 1 15:15 жеткенге чейин 15:30 Ысык-Ата району, Новопокровка айылы, ачык аянтта куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.
11.       22-ӨКБ1 б 1 16:20 17:00 21:15 Жайыл району, Сары-Булак айыл аймагы, Моңолдор айылы, тоонун бетинде болжолу менен 50 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 9-июль күнү өрттү өчүрүү иш-чаралары улантылат.
12.       7-ӨКБ1б 1 18:10 18:55 19:15 20:27 22:15 Сокулук району, Камышановка айылы, 5 га чабылган эгин талаасы күйгөн.  Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
13.       7-ӨКБ1 б 1 23:58 жеткенге чейин 00:10 101 Сокулук району, Мирное айылында дарак күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.
14.       22-ӨКБ1 б 1 03:28 03:33 03:39 04:50 05:09 Жайыл району, Алыбаев көчөсү №23 үйдүн, аянты 20 чарчы метр сарайдын чатыры өрттөнгөн.   Өрттүн себеби: такталууда.
15.       7-ӨКБ1 б 1 01:43 02:04 02:09 02:12 02:41 101 Аламүдүн району, Өскөн-Ордо коңушу, ачык аянтта 2 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.
Талас облусу
16.       93-ӨКБ1 б 1 14:28 14:55 15:17 16:40 17:10 Бакай-Ата району, Түйтө айылы, ачык аянтта 300 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
Жалал-Абад облусу
17.       20- ӨКБ1 б 1 12:47 12:51 12:55 13:10 13:34 Жалал-Абад шаары, Байзаков көчөсү №36, 20 чарчы метр мончонун чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
18.       94-ӨКБ1 б 1 15:25 15:33 15:35 16:27 16:45 Кара-Көл шаары, Ак-Шаар көчөсүндө турак үйдүн 18 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушу. 1ствБ
Баткен облусу
19.       108-ӨКБ1 б 1 14:02 14:13 14:28 14:43 15:33 Лейлек району, Кулунду айыл аймагы, Интернационал айылы, Эркиндик көчөсү №14, турак үйдүн 16 чарчы метр ички жасалгасы күйгөн. Өрттүн себеби: отко этиятсыз мамиле кылуу. 1ствБ
Ош облусу
20.       53- ӨКБ1 б 1 17:53 18:46 18:56 19:10 20:34 Өзгөн району, Чангет айыл аймагы, Чал-Койду айылы, Чокотай көчөсү №10, турак үйдүн короосунда “Дэу Ланос” үлгүсүндөгү унаа толук күйгөн. Өрттүн себеби: транспорттук техникаларды пайдаланууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу. 1ствБ

 

Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болду:

Бишкек шаары

Биринчи Май районунда 2020-жылдын 8-июль күнү саат 15:05те КР ӨКМнин Бишкек  шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Киев көчөсүндө жайгашкан №155 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Жалал-Абад облусу

Ноокен районунда 26-июнь күнү саат 19:00 чамасында 2006-жылы туулган бала Тоскоол-Ата токой чарбасынын Беш-Теке жайлоосундагы кошунасыныкына чыккан бойдон дайынсыз болгон.

2-4-июль күндөрү куткаруучулар тарабынан издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн, бирок натыйжа болгон жок.

8-июль күнү  жергиликтүү тургундар тарабынан маркумдун жансыз денеси жайлоодон табылган. Маркумдун жансыз денесин алып келүү үчүн КР ӨКМнин №55 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары, ИИМден 3 кызматкер чыгып кеткен.

Баткен облусу

Сүлүктү шаарында 8-июль күнү  саат 10:22де КР ӨКМнин №1 өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары ЖЧК “Ибрагимов” шахтасынын газ чыккан жерине тосмо орнотуп беришкен.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here