2020-жылдын 10-июлу саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
262 просмотров

Шашылыш билдирүү!

2020-жылдын 10-11-июлдарда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде мөндүр жаашынын ыктымалы бар. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

2020-жылдын 10-июлунан 11-июлуна чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Ошол себептен, коопсуздук иш-чараларды сактап жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.

КР ӨКМдин тарабынан адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2020-жылдын 8-июль күнү №02-34/511-Т жана 2020-жылдын 9-июль күнү №02-34/513-Т телефонограммалары чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө жеткирилген. Ошондой эле, КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

 

2020-жылдын 10-июль күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусу

Тоң районунда 2020-жылдын 9-июль күнү саат 11:00 чамасында кыска мөөнөттө жаап өткөн жаандын кесепетинен Балыкчы-Бөкөнбаев унаа жолунун 60-70-чакырым аралыктарын (Кызыл-Туу айылы) суу жууп кум шагылдарга толтурган.

Тазалоо иштерине Тоң райондук №38 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары, №33 ЖТИден 1 грейдер, Күн-Чыгыш айыл аймактан 1 экскаватор тартылган.

9-июль күнү тартылган күчтөрдүн жардамында тазалоо жана калыбына келтирүү иш-чаралары жүргүзүлүп, жол бир тараптуу ачылган.

10-июль күнү улантылат.

 

Тоң районунда 2020-жылдын 9-июль күнү саат 10:00 чамасында Балыкчы-Кочкор унаа жолунун 4-чакырымында “Фолксваген-Пассат” унаасы менен Шахман оор жүк ташуучу унаасынын  катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын кесепетинен 3 адам (2 эркек: 1974-жылы туулган, 2008- жылы туулган, 1 аял: 1978-жылы туулган) каза болуп, 3 адам (1 кыз: 2012-жылы туулган, 2 эркек бала: 2004- жылы туулган, 2006-жылы туулган) жабыркаган.

Тазалоо иштерине КР ӨКМнин Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 4 куткаруучу, тез жардам кызматкерлери, ИИМ кызматкерлери тартылган.

Куткаруучулар жерине барып, каза болгон адамдарды унаадан чыгарышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жабыркаган жана каза болгон адамдарды тез жардам кызматкерлери шаардык ооруканага жеткизишкен.

Сейсмологиялык абал боюнча

Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 9-июль күнү саат 12:39да Таджикистан Республикасынын аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун Алга, Жеңиш айылдарында 5 балл, Сүлүктү шаарында Лейлек районунун Исфана шаарында 4 балл, Катраң айылында 4 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 18 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 20 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

Катар №

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Бишкек шаары

1.     8-ӨКБ

1 б

1 11:10 11:18 11:55 12:43 13:09   Биринчи Май району, Махатма-Ганди көчөсүндө жайгашканМолодежный” багында 1 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: атайын өрттөө. 1 ствБ
2.     5-ӨКБ

1 б

1 12:08 12:18 жеткенге чейин 13:28   Октябрь району, Жукеев-Пудовкин көчөсү №85/6, унаа токтотуучу жайда “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү унаанын салону күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.
3.     6-ӨКБ

1 б

1 18:32 18:36 18:45 18:50 19:00   Ленин району, Салиева-Лев Толстой   көчөлөрүнүн кесилишинде ачык аянтта 1га чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
4.     5-ӨКБ

1 б

1 04:06 04:18 жеткенге чейин 05:26   Октябрь району, Түгөлбаев көчөсү №67, 2 чарчы метр турак үйдүн бөлмөсү күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1982-жылы туулгағ аттуу эркек киши жеңил күйүк жаракат алган. Өрттүн себеби: такталууда.

Ош шаары

5.     85-ӨКБ

1 б

1 09:48 09:51 10:01 10:18 10:31   Масалиев көчөсүндө жайгашкан №78 көп кабаттуу үйдүн жанында ачык аймакта 5 сотык куураган чөп жана таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
6.     13-АӨКБ

1 б

1 б

1  

17:54

18:03

 

17:56

18:07

 

18:18

 

19:00

 

19:12

19:02

  Бабараимов көчөсү №11, турак үйдүн 2 бөлмөсү жана үй-тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ

 

Чүй облусу

7.     22- ӨКБ

1 б

1 08:45 09:35 15:50 16:45 18:20   Жайыл району, 8-июль күнү саат 16:20да Моңолдор айылында тоонун боорунда ачык аянтта 120 га куураган чөп күйгөн. Өрт 9-июль күнү өчүрүлгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
8.     21-ӨКБ

1 б

1 13:57 14:07 14:19 14:26 15:00   Чүй району, Чүй айылы, Новопокровская көчөсү №53, 9м3 жыйылган отун күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1 ствБ
9.     23-ӨКБ

1 б

1 14:47 15:10 15:15 15:43 16:10   Сокулук району, Военно-Антоновка айылы, Комсомол көчөсү, ачык аянтта 7 га  куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1 ствБ
10.       5-ӨКБ

1 б

1 14:50 15:09 15:16 15:40 16:05   Кемин району, Подгорный айылы, Юбилейный көчөсү №41/2, ачык аянтта 60 сотых куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: отко этиятсыз мамиле кылуу. 1 ствБ
11.       27-ӨКБ

1 б

1 15:23 15:29 15:32 15:47 16:20   Ысык-Ата району, Новопокровка айылы, ачык аянтта 15 сотых куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
12.       21-ӨКБ

1 б

1 15:35 15:47 17:24 17:48 18:10   Токмок шаары, Западная көчөсү №20, 100 чарчы метр тунуке менен жабылган сарай жана 300 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
13.       2-ӨКБ

1 б

1 17:17 17:40 17:45 17:52 18:12   Панфилов району, Эфронос айылы, ачык аянтта 25 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
14.       28-АӨКБ

1 б

1 23:31 23:47 00:34 01:03 01:28   Аламүдүн району, Орто-Сай айылында ачык аянтта 2 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
15.       3-ӨКБ

1 б

1 б

1  

17:16

17:31

 

17:24

17:39

 

18:36

 

18:57

 

19:23

19:17

  Аламүдүн району, Лебединовка айылы, Ленин көчөсү №153, сарай, гараж жана 100 түк чөп күйгөн. Өрттүн жалпы аянты 150 чарчы метр. Өрттүн себеби: такталууда 2ствБ

Жалал-Абад облусу

16.       78- ӨКБ

1 б

1 09:22 09:40 жеткенге чейин 10:35   Базар-Коргон району, Кеңеш айыл аймагы, Орто-Сай айылы, турак үй күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.
17.       20-ӨКБ

1 б

1 20:38 20:44 20:45 20:57 21:27   Жалал-Абад шаары, Шерматов көчөсүндө жайгашкан Ак-Өргө кафесинин жанында таштанды таштоочу жай күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Нарын облусу

18.       45-ӨКБ

1 б

1 03:36 03:45 03:50 06:00 06:40   Ат-Башы району, Ак-Жар айылы, Жанузаков көчөсү №9, 45 чарчы метр бастырманын чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

 

Куткаруу кызматтары тарабынан 5 чыгуу болду:

Бишкек шаары

Октябрь районунда 9-июль күнү саат 15:13тө КР ӨКМнин Бишкек  шаары боюнча башкармалыгынын  Куткаруу кызматынын куткаруучулары 6-кичи районунда жайгашкан №21 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Жалал-Абад облусу

Ноокен районунда 26-июнь күнү саат 19:00 чамасында 2006-жылы туулган бала Тоскоол-Ата токой чарбасынын Беш-Теке жайлоосундагы кошунасыныкына чыккан бойдон дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат 102 кызматынан түшкөн.

8-июль күнү жергиликтүү тургундар тарабынан маркумдун жансыз денеси жайлоодон табылган.

Жерине Ноокен райондук №55 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн куткаруучулары, ИИМден 3 кызматкер тартылып, 9-июль күнү саат 20:30да маркумдун жансыз денесин алып келип, туугандарына өткөрүп беришкен.

Жалал-Абад шаарында 9-июль күнү саат ­22:01де КР ӨКМнин №58 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Барпы-Сейил көчөсүндө жайгашкан №117 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Ысык-Көл облусу

Тоң районунда 2020-жылдын 9-июль күнү саат 11:00 чамасында кыска мөөнөттө жаап өткөн жаандын кесепетинен Балыкчы-Бөкөнбаев унаа жолунун 60-70-чакырым аралыктарын (Кызыл-Туу айылы) суу жууп кум шагылдарга толтурган. 9-июль күнү тартылган күчтөрдүн жардамында тазалоо жана калыбына келтирүү иш-чаралары жүргүзүлүп, жол бир тараптуу ачылган. Кеч киргендигине байланыштуу саат 19:00дө тазалоо иштери убактылуу токтотулган.

 КР ӨКМ Басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here