2020-жылдын 13-июлу саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
228 просмотров

2020-жылдын 13-июль күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Ош, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Баткен облусу

Лейлек районунда 2020-жылдын 12-июль күнү саат 15:00 чамасында кыска мөөнөттүү жамгырдын кесепетинен:

Исфана шаарында 3 турак үйдүн ичине, 3 турак үйдүн жер төлөөсүнө,  короолоруна сел суулары кирген. Раухана тилкесинде 18 бодо малды агызып, Чимген, Мурза-Патча жана Бешбала айылдарында 2020-жылдын “ААжКЖ” иш мерчемдери менен курулган каналдардын жээктерин сел суулары жууп кеткен. Таза суу менен камсыз кылган таза суу түтүкчөлөрүнүн башкы суу бөлүштүргүчүнө сел суулары кирген. Чымген айылында жолго орнотулган 6 даана түтүкчөнү агызган.

Тогуз-Булак айыл аймагынын Тогуз-Булак айылында 2020-жылдын “ААжКЖ” иш мерчемдери менен курулган каналдын жээктерин жана Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 338-чакырымындагы көпүрөнүн сел тосмолорун сел суулары жууп агызып кеткен.

Тазалоо иштерине КР ӨКМнин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, 1 офицер, мониторинг департаментинен 1 адис, Лейлек райондук бөлүмүнөн 5 офицер, Лейлек райондук №74 ӨКБдан  16 куткаруучу тартылган.

12-июль күнү тактоо жана кесепеттерин жоюу иш-чаралары  жүргүзүлүп, 4 турак үй толук тазаланган. Түн киргендигине байланыштуу тактоо жана кесепеттерин жоюуу иш-чаралары токтотулган. 13-июль күнү улантылат.

Баткен районунун Кыштут айыл аймагында 2020-жылдын 12-июль күнү саат 19:00 чамасында кыска мөөнөттүү жамгырдын кесепетинен Кыштут айылында коктулардан келген суулар 7 турак үйдүн ичине жана короолоруна сел суулары кирген. Ички чарбалык унаа жолдорго,  арыктарга кум шагыл тотурган жана 1 ички чарбалык көпүрөнү сел суулары жууп кеткен. Ошондой эле Газ, Согмент айылдарындагы ички чарбалык унаа жолдорунун ар жерин сел суулары жууп кеткен.

12-июль күнү тактоо иш–чаралары жүргүзүлгөн. Кеч киргендигине байланыштуу тактоо ишчаралары токтотулган. 13-июль күнү тактоо жана кесепеттерин жоюу иш-чаралары жүргүзүлөт.

Сейсмологиялык абал боюнча маалымат

Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 12-июль күнү саат 06:28де Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Нарын районунун Кара-Булак айылында, Ак-Талаа районунун Орто-Сырт айылында 4 балл, Ат-Башы районунун Ак-Бейит, Казыбек, Кызыл-Туу айылдарында 3,5 балл, Ак-Талаа районунун Баетов, Кара-Суу айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 12-июль күнү саат 23:46да Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Жети-Өгүз районунун Оргочор, Подгорное, Кызыл-Суу айылдарында 3,5 балл, Жети-Өгүз, Саруу, Мундуз айылдарында 3 балл, Жети-Өгүз районунун Дархан айылында жана Каракол шаарыда 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 13-июль күнү саат 01:05те Кыргыз Республикасы менен Тажик Республикасынын чегинде  очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Лейлек районунун Алга, Жеңиш, Ак-Суу айылдарында 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 10 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 10 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

Катар №

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Бишкек шаары

1.     5-ӨКБ

1 б

 1

 

18:55 19:07 жеткенге чейин 19:07 101 Ленин району, ВДНХ аймагында куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствВ
2.     5-ӨКБ

1 б

 

1 18:55 19:07 19:16 19:34 20:10 Биринчи Май району, Исанов-Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде ачык аянтта 400 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствВ
3.     5-ӨКБ

1 б

1 05:53 06:10 06:27 06:36 06:52 Биринчи Май району, Горький көчөсү, Ботаникалык бактын аймагында 300чарчы метр ачык аянтта куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствВ

Ош шаары

4.     29-ӨКБ

1 б

 

1

 

 

17:11 17:13 17:21

 

17:35 17:46 Амир-Тимур кичи району, Папан көчөсү, ачык аянтта 15 чарчы метр куураган чөп жана таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.  1ствБ

Чүй облусу

5.     27-ӨКБ

1 б

1 09:05

 

09:08

 

09:20

 

09:41

 

09:55

 

Ысык-Ата району, Люксембург айылы, Советская көчөсүндө 5 га эгин талаа күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствВ
6.     27-ӨКБ

1 б

1 11:35 11:45 11:48 11:59 12:09 Ысык-Ата району, Люксембург айылы, Ваккер көчөсүндө ачык аянтта 300 чарчы метр куураган чөп  күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствВ

Ош облусу

7.     13-АӨКБ

1 б

1 17:08 18:00 жеткенге чейин 19:14 Кара-Суу району, Каратай айылы, ачык аянтта 5 га куураган чөп жана 80 сотых арпа күйгөн.  Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
8.     53-ӨКБ

1 б

1 00:10 00:23 жеткенге чейин 00:40 Өзгөн району, Куршаб  айыл аймагы, Куршаб айылы, ачык аянтта куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.

Нарын облусу

9.     45-ӨКБ

1 б

1 21:42 21:47 жеткенге чейин 22:05 Ат-Башы району, Ат-Башы көчөсүндө, “Субару Легаси” үлгүсүндөгү (мам.№такталууда) жеңил унаасы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.

Ысык-Көл облусу

10.       15-ӨКБ

1 б

1 04:15 04:21 04:35 05:10 05:45 Каракол шаары, Келечек жаңы конушу, бастырманын 20 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушу. 1ствБ

Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болду:

Бишкек шаары

Октябрь районунда 12-июль күнү саат 13:30да КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары 4-кичи районунда жайгашкан №1 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

 

Свердлов районунда 12-июль күнү саат 18:10до КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Восток-5 кичи районунда жайгашкан №8/3 үйүнүн батиринин жабылып  калган эшигин ачып беришкен.

Ош шаары

11-июль күнү саат 19:30 чамасында Амир-Тимур кичи районунда жайгашкан Южный каналына 1988-жылы туулган эркек киши түшүп кеткен. 12-июль күнү издөө иш-чараларын улантуу максатында КР ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары, ИИМден 4 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 6 адам тартылып, саат 15:15те маркумдун жансыз денеси табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

КР ӨКМнин Басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here