2020-жылдын 15-июлу саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
203 просмотров

Шашылыш билдирүү!

2020-жылдын 15-июлунан 17-июлуна чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Ошол себептен, коопсуздук иш-чараларды сактап жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.

ӨКМдин тарабынан адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2020-жылдын 14-июль күнү №02-34/521-Т телефонограммасы чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө жеткирилген. Ошондой эле, КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

2020-жылдын 15-июль күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда  өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Чүй, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

 

Нарын облусу

Жумгал районунда 14-июль күнү саат 20:00 чамасында жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Чаек айылындагы каналдан суу ашып, Май-Кокту тилкесинде жайгашкан 2 турак үйдүн ичине суу кирип, 3 турак үйдүн короолорун лөрдүн короолорун суу каптаган.

Тазалоо иштерине Жумгал райондук №43 ӨКБдан 15 куткаруучу жана айыл аймактан 1 жүктөгүч, 1 экскаватор, №24 ЖТИден 1 жүктөгүч, Суу чарбасынан 17 киши жана жергиликтүү тургундардан 20 киши тартылды.

Тартылган күчтөрдүн жардамы менен турак үйлөрдү тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Ош облусу

Алай районунда 13-июль күнү саат 17:30 чамасында жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон келген суулар Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун 128-чакырымын кум шагылга толтуруп, унаалардын өтүүсүнө кыйынчылык жараткан.

Тазалоо иштерине №959 ЖТИнан 1 жүктөгүч тартылып.

14-июль күнү тартылган техниканын жардамында тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүп унаа жол толугу менен тазаланган.

Кашкар-Кыштак айыл аймагында 14-июль күнү саат 18:30 чамасында жаап өткөн жаандын кесепетинен кокту-колоттордон келген суулар Ош-Гүлчө-Эркештам унаа жолунун 43-45-чакырым аралыктарын кум шагылга толтуруп, унаалардын өтүүсүнө кыйынчылык жараткан.

Тазалоо иштерине 59 ЖТИнан 1 грейдер тартылып.

Тартылган техниканын жардамында тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүп унаа жол бир тараптуу ачылган. Тазалоо иш-чаралары 15-июль күнү улантылат.

Жалал-Абад облусу

Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл аймагында 2020-жылдын 13-июль күнү саат 18:20 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Чоң-Сай айылында 5  турак үйдүн чарбалык тилкелерин сел суулары каптаган. Ички чарбалык унаа жолдорго, арыктарга кум шагыл толтурган жана 1 ички чарбалык көпүрөнү сел суулары жууп кеткен. Мындан сырткары 50 баш койду агызып кеткен. Жеринде уюлдук байланыш жок болгондугуна байланыштуу маалымат кечиктирилип берилген.

Жерине КР ӨКМнин Ала-Бука райодук бөлүмүнөн ыкчам топ, айыл аймактан 1 грейдер жана жергиликтүү тургундардан 15 киши тартылып.

Тартылган күчтөрдүн жардамында ички чарбалык унаа жолдорду калыбына келтирүү жумуштары жүргүзүлгөн. 15-июль күнү иш-чаралар улантылат.

 

Баткен облусу

Лейлек районунда 2020-жылдын 12-июль күнү саат 15:00 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен:

Исфана шаары 3 турак үйдүн ичине, 3 турак үйдүн жер төлөөсүнө,  короолоруна сел суулары кирген. Раухана тилкесинде 38 бодо малды агызып, Чимген, Мурза-Патча жана Бешбала жээктерин сел суулары жууп кеткен. Таза суу менен камсыз кылган таза суу түтүкчөлөрүнүн башкы суу бөлүштүргүчүнө сел суулары кирген. Чымген айылында жолго орнотулган 6 даана түтүкчөнү жана Катраң айыл аймагынын Баул айылында №499 темир бетон мамычасы, №517, 518 жыгач мамычалары жана Голбо айылындагы №22,26,29,30,31,32 жыгач мамычаларын сел суулары агызган. Мындан сырткары 200 метр таза суу түтүктөрүн сел суулары бузуп, ички чарбалык унаа жолду сел суулары каптаган.

Тогуз-Булак айыл аймагынын Тогуз-Булак айылында каналдын жээктерин жана Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 338-чакырымындагы көпүрөнүн сел тосмолорун сел суулары жууп агызып кеткен.

Жерине КР ӨКМнин Баткен облусу боюнча башкармалыгынан ыкчам топ, Исфана шаардык мэриясы тарабынан 4 даана экскаватор, РЭТнан 2 бригада тартылып.

14-июль күнү тартылган күчтөрдүн аракетинде турак үйлөр толугу менен тазаланган. Мындан сырткары суу түтүкчөлөрү калыбына келтирилип, ички чарбалык жолдор тазаланган.

Баткен районунда 14-июль күнү саат 20:00 чамасында жаап өткөн жаандын кесепетинен каналдан суу ашып Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 264-чакырымын кум шагылга толтуруп, унаа жол жабылган.

Тазалоо иштерине №2 ЖТИден 1 грейдер тартылып.

Тартылган техниканын жардамында унаа жол бир тараптуу тазаланып, ачылган. 15-июль күнү иш-чаралар улантылат.

Кыштут айыл аймагында 2020-жылдын 12-июль күнү саат 19:00 чамасында кыска мөөнөттүү жамгырдын кесепетинен Кыштут айылында коктулардан келген суулар 7 турак үйдүн ичине жана короолоруна сел суулары кирген. Ички чарбалык унаа жолдорго, арыктарга кум шагыл тотурган жана 1 ички чарбалык көпүрөнү сел суулары жууп кеткен. Ошондой эле Газ, Согмент айылдарындагы ички чарбалык унаа жолдорунун ар жерин сел суулары жууп кеткен.

Жерине КР ӨКМнин РӨКОнун №3 ӨИКОдон 11 куткаруучу, Баткен райондук №26 ӨКБдан 7 куткаруучу, жалпы 18 куткаруучу жана айыл аймагынан 2 жүктөгүч, РЭТтен 1 бригада, жергилүктүү тургундардан 10 адам тартылып.

14-июль күнү тартылган күчтөрдүн аракетинде 7 турак үй толугу менен тазаланган. Мындан сырткары ички чарбалык унаа жолдор жана арыктар калыбына келтирилген.

Суу-Башы айыл аймагында 2020-жылдын 13-июль күнү саат 15:40 чамасында жаап өткөн жаандын кесепетинен коктулардан келген суулар Боз-Адыр айылында 3 турак үйдү, 1 чайкананы, ички чарбалык унаа жолдорду жана арыктарды каптаган. Мындан сырткары Кара-Токой айылында 2 турак үйдүн ичине суу кирип, 2 турак үйдүн короолорун, 6 сарайды, Мергенов атындагы орто мектебинин,  Кара-Токой бала бакчасын сел суулары каптаган. Ошондой эле ички чарбалык унаа жолдорду жана арыктарды каптаган.

Жерине КР ӨКМнин Баткен райондук бөлүм башчысы, ЖК комиссиясы жана жергиликтүү тургундардан 40 адам тартылып.

Тартылган күчтөрдүн аракетинде селдин кесепеттерин жоюу жана Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иш-чаралары жүргүзүлгөн. 15-июль күнү калыбына келтирүү иш-чаралары улантылат.

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 16 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 16 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

Катар №

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Бишкек шаары

1.     7-ӨКБ

1 б

1 10:32 10:42 10:49 11:12 12:09   Октябрь району, Анкара жана Виноградный көчөлөрүнүн кесилишинде ачык аянтта 250 чарчы метр куураган чөп жана таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: тамеки чегүүдөгү этиятсыздык. 1 ствБ
2.     6-ӨКБ

1 б

1 15:27 15:36 16:18 17:01 17:48   Ленин  району, Айни жана Чортеков көчөлөрүнүн кесилишинде 1 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1 ствБ
3.     5-ӨКБ

1 б

1 17:48 17:55 17:59 18:21   Октябрь району, 7-апрель көчөсү,  ачык аянтта 50 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. кол

кар-т

4.     3-ӨКБ

1 б

1 19:09 19:12 19:30 19:36 20:23   Свердлов району, Т.Айтматов көчөсү №33Б, турак үйдүн жанында ачык аянтта 800 чарчы метр куураган чөп жана таштанды күйгөн. Өрттүн себеби:  тамеки чегүүдөгү этиятсыздык. 1 ствБ
5.     7-ӨКБ

1 б

1 21:03 21:12 21:16 21:42 22:00   Октябрь району, Көк-Жар конушу, Молдокулов көчөсү, ачык аянтта 2 га куураган чөп күйгөн.  Өрттүн себеби:  тамеки чегүүдөгү этиятсыздык. 1 ствБ

Ош шаары

6.     12-ӨКБ

1 б

1 20:47 20:55 20:58 21:14 21:32   Ак-Тилек кичи району, 18-көчө, турак үйдүн бөлмөсүндө пластик терезе, кир жуучу машина жана 4 даана дөңгөлөк күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1 ствБ
7.     85-ӨКБ

1 б

1 21:37 21:41 21:56 22:00 22:08   Абдразаков көчөсү, Ак-Буура каналынын боюнда 5 сотык куураган чөп жана таштанды күйгөн.  Өрттүн себеби: такталууда. 1 ствБ

Чүй облусу

8.     1-ӨКБ

1 б

1 12:15 12:24 12:29 12:37 12:48   Аламүдүн району, Ленин айылы, Восточный көчөсү №226, сарайда аянты 4м2 болгон отун жана таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
9.     23-ӨКБ

1 б

1 13:55 жеткенге чейин 14:25   Сокулук району, Маловодный айылы, Киров көчөсү №37, ачык аянтта куураган чөптөн чыккан өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
10.       24-ӨКБ

1 б

1 14:13 14:14 14:20 14:44 15:00   Токмок шаары, 3-кичи району, ачык аянтта 1 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
11.       23-ӨКБ

1 б

1 14:40 15:07 17:35 19:00 20:15   Сокулук району, Шалта айылы,  таалада 90 га чабылган арпанын орду күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
12.       5-ӨКБ

1 б

1 15:37 16:13 жеткенге чейин 17:13   Кемин району, Кара-Булак айылы, ачык аянтта куураган чөптөн чыккан өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн. Өрттүн себеби: такталууда.
13.       27-ӨКБ

1 б

1 18:22 18:35 жеткенге чейин 19:10   Ысык-Ата району, Люксембург айылы, Садовый көчөсү №19, ачык аянтта куураган чөптөн чыккан өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн.  Өрттүн себеби: такталууда.
14.       28-ӨКБ

1 б

1 18:32 18:48 19:16 19:28 19:43   Аламүдүн району, Таш-Дөбө айыл аймагы, Орто-Сай айылы, ачык аянтта 4 га куураган чөп күйгөн.  Өрттүн себеби: такталууда. 1 ствБ
15.       24-ӨКБ

1 б

1 18:47 18:48 18:53 19:00 19:12   Токмок шаары, 3-кичи району, ачык аянтта 1000 чарчы метр куураган чөп күйгөн.  Өрттүн себеби: такталууда. 1 ствБ
16.       23-ӨКБ

1 б

1 21:30 21:50 22:00 22:20 22:30   Сокулук району, талаада 1 га чабылган арпанын орду күйгөн.  Өрттүн себеби: такталууда. 1 ствБ

Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болду:

Чүй облусу

Чүй районунда 13-июль күнү Алга айылында ЧЧК (БЧК) каналына 1979-жылы туулган аял киши түшүп кеткен. 14-июль күнү издөө иш-чараларын жүргүзүүгө  КР ӨКМнин №21 ӨКБ куткаруучулары тартылды.

15-июль күнү иш-чаралар улантылат.

Аламүдүн районунда 14-июль күнү Ала-Арча суу сактагычына 1953-жылы туулган эркек киши чөгүп кеткен.

Издөө иштерин жүргүзүүгө КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары тартылып, маркумдун жансыз денесин суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жалал-Абад облусу

Тогуз-Торо районунда 6-июль күнү саат 14:00 чамасында Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолун куруп жаткан Чайна-Роуд компаниясынын жумушчусу кытай улутундагы эркек адам 1979-жылы туулган дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат 10-июль күнү КР ӨКМнин Тогуз-Торо райондук бөлүмүнө түшкөн.

14-июль күнү издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн  КР ӨКМ №46 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылган.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here