2020-жылдын 20-июль күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат
Ош, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Чүй, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Ысык-Көл облусу
Ак-Суу районунда 19-июль күнү саат 12:40 чамасында жаап өткөн жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары Каракол-Эңилчек унаа жолунун 6-чакырымын каптаган жана Маман айылында 1 турак үйдүн короосуна суу кирген.
Тазалоо иштерине КР ӨКМнин Ак-Суу райондук бөлүмүнөн 3 куткаруучу жана №11 ЖТИнан 1 жүктөгүч, Суу чарба башкармалыгынан 1 Водовоз тартылган.
Тартылган күчтөрдүн жардамында унаа жол жана 1 турак үйдүн короосу тазаланган.
Чүй облусу
Жайыл районунда 19-июль күнү саат 17:30 чамасында Кара-Балта шаарында ылдамдыгы болжол менен секундасына 28 метрге жеткен шамал катталып, 4 турак үйдүн жалпы 203 чарчы метр чатырын, Аюу-Таш кафесинин 250 чарчы метр чатырын жана 2 чарбалык курулуштун 210 чарчы метр чатырын учурган. Жабыркагандар жок.
Жерине КР ӨКМнин Жайыл райондук бөлүмүнөн ыкчам топ барып, тактоо иштерин жүргүзүшкөн. 20-июль күнү Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан кошумча тактоо иш-чаралары жүргүзүлөт.
Кыргызгидромет Чүй өрөөнүндө ылдамдыгы секундасына болжол менен 15-20 м/с жеткен шамал катталышы мүмкүн деп шашылыш билдирүү тараткан.
Нарын облусу
Нарын районунда 19-июль күнү саат 11:00 чамасында жаап өткөн жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары Нарын-Оруктам унаа жолунун 50-чакырымын кум шагылга толтуруп, унаа жол жабылган.
Жерине КР ӨКМнин Нарын райондук бөлүмүнөн 1 офицер жана №41 ЖТИден 4 кызматкер, 1 бульдозер тартылды.
Тартылган күчтөрдүн аракетинде унаа жол тазаланып, ачылган.
Бул боюнча Кыргызгидромет шашылыш эскертүү берген.
Ош облусу
Чоң-Алай районунда 18-июль күнү саат 19:30 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Чоң-Алай айыл аймагында каналдардан суу ашып, Дароот-Коргон айылындагы 8 турак үйдүн короосун, Кызыл-Эшме айылындагы 5 турак үйдүн короосун суу каптаган жана Беш-Кашар тилкесинде жайгашкан 1 турак үйдүн ичине суу кирген.
Жерине КР ӨКМнин Чоң-Алай райондук бөлүмүнөн ыкчам топ жана айыл аймактан 2 экскаватор, 1 жүктөгүч тартылган.
19-июль күнү тартылган күчтөрдүн аракетинде сел өтүүчү каналдар толугу менен тазаланган.
Жалал-Абад облусу
Базар-Коргон районунун Арсланбап айыл аймагында 16-июль күнү саат 15:00 чамасында жаап өткөн жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары Арсланбап айылында жайгашкан 4 турак үйдүн ичине кирген жана 12 турак үйдүн короолорун каптап, 2 турак үйдүн дубалын бузуп кеткен. Ошондой эле ички чарбалык унаа жолдун 200метр жана 1 ички чарбалык көпүрөө жараксыз абалга келип, Кызыл-Алма сайынын 2500мтр кум шагылга толуп калган.
Мындан сырткары Чет-Жаңгак айылында сел суулары Сарым-Салык сайынын 2000метр кум шагылга толтурган жана 1 ички чарбалык көпүрөө жараксыз абалга келген. Унаалар үчүн айланма жол бар.
Тазалоо иштерине КР ӨКМнен 1 экскаватор, 2 самосвал, айыл аймактан 1 жүктөгүч, 1 самосвал жана жергиликтүү тургундардан 40 киши тартылган.
19-июль күнү тартылган күчтөрдүн аракетинде Кызыл-Алма айылындагы ички чарбалык унаа жолдун 500метр тазаланган. Жалпы 2000метр тазаланган. Ал эми турак үйлөр 17-июль күнү толугу менен тазаланган. 20-июль күнү тазалоо иш-чаралары улантылат.
Баткен облусу
Лейлек районунда 19-июль күнү саат 10:30 чамасында Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 329-чакырымында жолдун жээгине көлөмү болжол менен 17м3 таштар түшкөн. Унаалардын каттамына тоскоолдук жана жабыркагандар жок.
20-июль күнү №13 ЖТИ тарабынан жолду тазалоо иш-чаралары жүргүзүлөт.
Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагында 2020-жылдын 13-июль күнү саат 15:40 чамасында кыска мөөнөттүү жамгырдын кесепетинен коктулардан келген суулар Боз-Адыр айылында 3 турак үйдүн ичине суу кирип, 1 чайхананы, ички чарбалык унаа жолдорду жана арыктарды каптаган. Мындан сырткары Кара-Токой айылында 1 турак үйдүн жер төлөөсүнө, 2 турак үйдүн жана 4 эски турак үйдүн ичине суу кирип, 2 турак үйдүн короолорун, 6 сарайды, Мергенов атындагы орто мектебинин, Кара-Токой бала бакчасынын короосун сел суулары каптаган. Ошондой эле ички чарбалык унаа жолдорду жана арыктарды каптаган.
Жерине айыл аймак тарабынан 3 камаз, 2 экскаватор, 1 жүктөгүч, жергиликтүү тургундардан 100 адам тартылды.
19-июль күнү тартылган күчтөрдүн аракетинде Боз-Адыр айылында ички канал толугу менен тазаланган. Ошондой эле ички чарбалык арыктарды тазалоо иш-чаралары жүргүзүлгөн. 20-июль күнү калыбына келтирүү иш-чаралары улантылат.
- Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
III. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
- КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча
Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 32 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 34 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.
Катар № |
Бөлүм №
|
Өрттүн
категориясы
|
Убакыт |
Билдирүү жолу
|
Дареги, маалыматы, өрттүн себеби
|
Берилген ствол ГТКК
|
|||||
чыгуу
саат/м |
жетүү
саат/м |
чектөө
саат/м |
толук
өчүрүү саат/м |
келүү саат/м |
|||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | |
Бишкек шаары |
|||||||||||
1. | 3-ӨКБ
1 б |
1 | 14:07 | 14:18 | 14:27 | 14:50 | 15:04 | Октябрь району, Белорусский жана Анкара көчөлөрүнүн кесилишинде павильондун 2 чарчы метр ички жасалгасы жана шыбы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | 1ствБ | ||
2. | 7-ӨКБ
1 б |
1 | 17:27 | 17:48 | 18:16 | 18:36 | 18:57 | Октябрь району, 12-кичи району, А.Токомбаев көчөсү, 2 га куураган чөп жана таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | 1ствБ | ||
3. | 5-ӨКБ
1 б |
1 | 22:12 | 22:26 | 22:35 | 22:42 | 23:15 | Октябрь району, 5-кичи району №71, контейнердин ичинде 10 чарчы метр таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | 1ствБ | ||
4. | 7-ӨКБ
1 б |
1 | 01:18 | 01:37 | 01:45 | 01:53 | 02:07 | Октябрь району, Тунгуч кичи району №17/1, ачык аянтта 500 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | 1ствБ | ||
5. | 4-ӨКБ
1 б |
1 | 04:48 | 04:59 | 05:10 | 05:48 | 06:03 | Ленин району, Манас проспектиси №2А, гараждын 18 чарчы метр аянты, муздаткыч, 2 велосипед, самокат, үй буюмдары жана 0,5 куб.метр жыгач күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | 1ствБ | ||
Ош шаары |
|||||||||||
6. | 13-ӨКБ
1 б |
1 | 18:35 | 18:39 | 18:40 | 18:58 | 19:29 | Касымбеков көчөсү, ачык аянтта 50 сотык куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | 1ствБ | ||
Чүй облусу |
|||||||||||
7. | 24-ӨКБ
1 б |
1 | 11:07 | 11:25 | 11:30 | 12:00 | 12:30 | Чүй району, Кара-Ой айылы, ачык аянтта 0,5 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | 1ствБ | ||
8. | 4-ӨКБ
1 б |
1 | 12:01 | 12:05 | 12:21 | 12:30 | 12:50 | Ысык-Ата району, Станция Ивановка айылы, ачык аянтта 0,5 куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | 1ствБ | ||
9. | 7-ӨКБ
1 б |
1 | 13:19 | 14:07 | — | жеткенге чейин | 15:03 | Аламүдүн району, Беш-Күнгөй айылы, ачык аянтта куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | — | ||
10. | 2-ӨКБ
1 б |
1 | 14:10 | 14:36 | 14:48 | 15:20 | 15:48 | Панфилов району, Эфиронос айылы, талаада 3 га арпа жана 1 га чабылган арпанын орду күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | 1ствБ | ||
11. | 23-ӨКБ
1 б |
1 | 15:25 | 15:45 | 16:03 | 16:09 | 16:24 | Сокулук району, Кара-Сакал айылы, ачык аянтта 0,4 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | 1ствБ | ||
12. | 22-ӨКБ
1 б |
1 | 17:00 | 17:11 | 17:17 | 17:32 | 17:52 | Панфилов району, Вознесеновка айылы, Центральный көчөсү, ачык аянтта 0,6 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | 1ствБ | ||
13. | 21-ӨКБ
1 б |
1 | 17:00 | 17:06 | 17:11 | 18:16 | 18:31 | Токмок шаары, Д.Бабаев көчөсү, ачык аянтта 1 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | 1ствБ | ||
14. | 24-ӨКБ
1 б |
1 | 17:08 | 17:40 | 17:45 | 18:08 | 19:00 | Чүй району, Кегети айылы, Конокбаев көчөсү №87, короодо 100 даана устун күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | 1ствБ | ||
15. | 22-ӨКБ
АКУ 3 кутк. |
1 | 17:13 | 17:18 | 17:27 | 17:30 | 17:35 | Жайыл району, Кара-Балта шаары, З. Космодемьянская көчөсү №1, ачык аянтта 3 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | кол каржат | ||
16. | 22-ӨКБ
1 б |
1 | 19:36 | 19:45 | 20:05 | 20:55 | 21:05 | Жайыл району, Кара-Балта шаары, Кара-Балта шаардык мүрзөнүн аймагында 0,8 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | 1ствБ | ||
17. | 24-ӨКБ
1 б |
1 | 20:13 | 20:15 | 20:20 | 20:40 | 20:43 | Токмок шаары, 1-кичи району, гараждын жанында 50 чарчы метр таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | 1ствБ | ||
18. | 8-ӨКБ
1 б 4-ӨКБ 1 б
|
1 | 20:31
21:04
|
20:58
21:27 |
22:54 | 01:30 | 01:50
00:20
|
Сокулук району, Манас айылы, Степной көчөсүндөгү №8 турак үйдүн сарайынын жана Мир көчөсүндөгү №52 турак үйдүн сарайынын жалпы жыгач устундуу шифер менен жабылган 270 чарчы метр чатыры жана 1050 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | 4ствБ | ||
19. | 24-ӨКБ
1 б |
1 | 21:37 | 22:00 | 22:15 | 00:18 | 00:55 | Чүй району, Дөң-Арык айылы, Мамбетказы көчөсү №37, короодо 350 түк жана 50 чарчы метр бастырма толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | 1ствА
1ствБ |
||
20. | 22-ӨКБ
1 б |
1 | 22:22 | 22:34 | 22:53 | 23:20 | 23:33 | Жайыл району, Кара-Балта шаары, Кожомбердиев көчөсү, ачык аянтта 0,4 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | 1ствБ | ||
21. | 27- ӨКБ
1 б |
1 | 23:03 | 23:12 | 23:21 | 23:31 | 23:40 | Ысык-Ата району, Новопокровка айылы, Советский көчөсү №1, ачык аянтта 30 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | 1ствБ | ||
22. | 21-ӨКБ
1 б |
1 | 23:13 | 23:20 | — | жеткенге чейин | 23:48 | Токмок шаары, Победа көчөсү, Агро-өнөр жай колледжинин аймагында 50 сотык куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | — | ||
23. | 15-ӨКБ
1 б |
1 | 23:45 | — | — | жеткенге чейин | 00:15 | Москва району, Маловодный айылы, талаада чабылган арпаны орду күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | — | ||
Ош облусу |
|||||||||||
24. | 53-ӨКБ
1 б 1 б |
1 | 13:20
13:24 |
13:29
13:29 |
13:55 | 14:30 | 15:15
14:57 |
Өзгөн району, Баш-Дөбө айыл аймагы, Баш-Дөбө айылы, Баш-Дөбө көчөсү №12, аянты 28 чарчы метр эки кабатту бастырма толугу менен, 60 түк чөп жана жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 45 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | 1ствА
2ствБ |
||
25. | 103-ӨКБ
1 б |
1 | 20:30 | 20:35 | 20:50 | 22:00 | 22:20 | Өзгөн району, Куршаб айылы, Квасюк көчөсү №40, короодо 200 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: балдардын от менен шоктугу. | 1ствБ | ||
26. | 53-ӨКБ
1 б |
1 | 04:20 | 04:29 | 04:45 | 05:10 | 05:30 | Өзгөн району, Төрт-Көл айыл аймагы, Шоро-Башат айылы, Э.Сыдыков көчөсү №63, короодо 4 куб.метр курулуш материалдары күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | 1ствБ | ||
Ысык-Көл облусу |
|||||||||||
27. | 32-ӨКБ
1 б |
1 | 16:12 | 16:20 | 16:24 | 16:30 | 16:49 | Ысык-Көл району, Тамчы айылы, Манас көчөсү №48, ашкана бөлмөсүндө газ плита күйгөн. Өрттүн себеби: тиричилик электр шаймандарын колдонууда өрт коопсуздуг эрежесинин бузулушу. | 1ствБ | ||
28. | 19-ӨКБ
1 б |
1 | 16:24 | 16:40 | 17:12 | 17:42 | 18:30 | Балыкчы шаары, Каркыра көчөсү №3, короодо вагон толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | 1ствБ | ||
Жалал-Абад облусу |
|||||||||||
29. | 20-ӨКБ
1 б |
1 | 17:21 | 17:31 | 17:34 | 18:30 | 18:46 | Сузак району, Таш-Булак айыл аймагы, Ынтымак айылы, аянты 80 чарчы метр жыгач устундуу шифер жабылган сарай толугу менен жана 100 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташусу. | 2ствБ | ||
30. | 20-ӨКБ
1 б |
1 | 17:46 | 17:50 | 18:04 | 18:16 | 18:23 | Жалал-Абад шаары, Пушкин көчөсү №1, кесиптик лицейдин короосунда 20 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | 1ствБ | ||
Баткен облусу |
|||||||||||
31. | 75-ӨКБ
1 б |
1 | 02:40 | 02:52 | 04:03 | 04:45 | 05:50 | Кадамжай району, Масалиев айыл аймагы, Алыш айылы, Жаштык көчөсү №1, жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 100 чарчы метр чатыры, 6 даана эшик, 8 даана терезе жана бөлмөнүн 10,5 чарчы метр жыгач полу күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | 1ствА
1ствБ |
||
32. | 62-ӨКБ
1 б |
1 | 03:37 | 03:40 | 03:54 | 04:00 | 04:10 | Кызыл-Кыя шаары, 60-лет Киргизия көчөсүндө Тойота Камри үлгүсүндөгү унаанын салону жана кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | 1ствБ | ||
Куткаруу кызматтары тарабынан 4 чыгуу болгон.
Бишкек шаары
Биринчи Май районунда 15-июль күнү Патриса Лумумбы көчөсүндө ЧЧК (БЧК) каналына 1976-жылы туулган эркек киши түшүп кеткен.
19-июль күнү издөө иш-чараларын улантуу максатында КР ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматы 6 куткаруучу тартылып, саат 13:20да убактылуу токтотулган. Натыйжа болгон жок. 20-июль күнү иш-чаралар улантылат.
Ысык-Көл облусу
Ысык-Көл районунда 19-июль күнү Чок-Тал айылында көлгө 1995-жылы туулган аттуу жаран чөгүп кеткен.
Издөө иш-чараларын жүргүзүүгө КР ӨКМнин №31 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылып, саат 20:30да иш-чаралар убактылуу токтотулган. Натыйжа болгон жок. 20-июль күнү иш-чаралар улантылат.
Жалал-Абад облусу
Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагындагы Арпа-Төктү тилкесинде 15-июлдан бери 1959-жылы туулган эркек жаран дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 19-июль күнү 102 кызматынан түшкөн.
Издөө иштерин жүргүзүүгө КР ӨКМнен 5 куткаруучу жана ИИМден 7 кызматкер тартылган.
Нарын облусу
Жумгал районунда 14-июль күнү Кабак айыл аймагынын Дүмдүрөмө айылында 1992-жылы туулган жаран үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат КР ӨКМне 18-июль күнү түшүп, издөө иш-чаралы жүргүзүлгөн.
19-июль күнү жоголгон жарандын жансыз денеси туугандары тарабынан табылган.
КР ӨКМ Басма сөз кызматы.