“Семетей” госпитилизация пунктунда 400 ашун орундук бош

0
158 просмотров

Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу жана авариялык-куткаруу иштери боюнча  башкармалыгынын башчысы подполковник Рыспек Жолдошбаев билдирди.

“Бүгүнкү күнгө карата “Семетей” госпитализация пунктунда бейтаптарды дарылоо үчүн 600 орундук даярдалган болсо, анын ичинен 138де бейтаптар дарыланып жатат, калган 462 орундук бош. Буга чейин ӨКМ тарабынан аталган 600 орундуктардын ичи бардык шарттары менен даярдалган, ар бир бөлмөдө душ, санузел, керебет койдурулган. Ал эми жандандыруу бөлүмүндө 50 орундук бар болсо, учурда 31 оор абалдагы бейтап бар, калган 19 орундук бош”, -деди ал.

«Семетей» госпитализация пунктундагы иш-чараларды уюштуруу жана материалдык-техникалык камсыздоо маселелерин чечүү аракеттери Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун жеке көзөмөлүндө.

КР ӨКМдин Басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here