2020-жылдын 22-июлу саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
270 просмотров

Шашылыш билдирүү!

2020-жылдын 22-июлунан 23-июлуна чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Ошол себептен, коопсуздук иш-чараларды сактап жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.

ӨКМдин тарабынан адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2020-жылдын 21-июль күнү №02-34/527-Т телефонограммасы чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө жеткирилген. Ошондой эле, КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдарды башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

 

2020-жылдын 22-июль күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Талас, Баткен облустарында жана Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

 

Жалал-Абад облусу

Токтогул районунда 20-июль күнү саат 16:20 чамасында Үч-Терек айыл аймагында жаап өткөн жаандын кесепетинен кокту колоттордон сел жүрүп, Саргата айылынын Сатылганов көчөсүндө 3 турак үй, Атабеков көчөсүндө 4 турак  үй жана Мадеш көчөсүндө 3 турак үйдүн короолорун суу каптаган, жалпы 10 турак үйдүн короосун каптаган.

Мындан сырткары Саргата айылынын Кодиков көчөсүнүн 240метр ички чарбалык жолун каптаган, жол каттамы ачык унаалар кыйынчылык менен өтүүдө. Ошондой эле Кодиков жана Сатылганов көчөлөрүн байланыштырган көпүрөнүн шакекчелеринин жээгин сел суулары жууп кеткен, жол каттам унаалар үчүн жабык.

Тазалоо иштерине райондук ӨК бөлүмүнөн ыкчам топ, райондук Жарандык коргонуу комиссиясы жана жергиликтүү тургундардан 45 адам тартылды.

21-июль күнү тартылган күчтөрдүн аракетинде турак үйлөрдүн короолорун тазалоо иштери жүргүзүлгөн.

Тазалоо иштери уланууда.

 

Баткен облусу

Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагында 2020-жылдын 21-июль күнү саат 15:30 чамасында кыска мөөнөттүү жамгырдын кесепетинен коктулардан келген суулар Бостон, Жоогесек жана Орозбеков айылдарын бириктирүүчү копүрөнү жараксыз абалга келтирип, жолдун 200метр аралыгын кум шагылга толтурган.

Тазалоо иштерине айыл аймак тарабынан 1 жүктөгүч жана 1 ХОВО тартылган.

21-июль күнү тартылган күчтөрдүн аракетинде тазалоо иштери жүргузүлдү. Тазалоо иш-чаралары улантылууда.

 

Сейсмологиялык абал боюнча

Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2020-жылдын 21-июль күнү саат 11:47де Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Баткен облусунун Кадамжай районунун Шуран айылында 3 баал, Советский, Бел-Суу жана Алга айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 24 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 30 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

Катар №

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Бишкек шаары

1.     7-ӨКБ

1 б

1 10:53 11:02 11:57 12:39 12:49   Октябрь району, Алтын-Ордо конушу, ачык аянтта 6 га куураган чөп жана аянты 15 чарчы метр болгон курулуш вагону толук күйгөн. Өрттүн себеби: тамеки тартуудагы этиятсыздык. 1ствБ
2.     7-ӨКБ

1 б

1 12:49 12:54 13:04 13:16 13:26   Октябрь району, Исакеев көчөсү №4б, Авангард унаа оңдоочу жайында 15 чарчы метр курулуш вагону жана 200 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: тамеки тартуудагы этиятсыздык. 1ствБ
3.     7-ӨКБ

1 б

1 13:30 13:55 14:08 14:22 14:50   Октябрь району, Ч.Валиханов жана Л.Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде 600 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: тамеки тартуудагы этиятсыздык. 1ствБ
4.     6-ӨКБ

1 б

1 15:39 15:59 16:33 16:35 16:46   Ленин району, Ала-Тоо-1 конушу, Көк-Кыял көчөсү №69, турак үйдүн короосунда 2 куб отун жана жанаша жайгашкан Көк-Кыял көчөсү №67 турак үйдүн жыгач устундуу шифер жабылган 3 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
5.     7-ӨКБ

1 б

28-ӨКБ

1 б

3-ӨКБ

1 б

ШТАБ

 

1 16:20

 

16:45

 

17:32

 

17:32

16:40

 

17:03

 

17:48

 

17:48

18:19 21:18 21:50

 

20:24

 

19:53

 

20:30

  Октябрь району, 11-кичи району, гараж кооператив администрациясына караштуу 6 унаа токтоочу жайлар ичиндеги эмеректери менен толук жана казылган чуңкурда 2 га таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 5 ствБ
6.     4-ӨКБ

1 б

1 20:04 20:12 20:19 20:56 21:16   Ленин району, Өйдөңкү Жал кичи району, №22\1 көп кабаттуу үйдүн жанында 300 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
7.     5-ӨКБ

1 б

1 22:57 23:18 00:11 00:22 00:53   Октябрь району, 11-кичи району, казылган чуңкурда 300 чарчы метр куураган чөп жана таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Ош шаары

8.     109-ӨКБ

1 б

12-ӨКБ

1 б

85-ӨКБ

1 б

1 21:49

 

22:06

 

22:34

21:59

 

22:14

 

22:47

22:50 23:45 00:04

 

00:03

 

23:47

  Южный кичи району, Төлөнов көчөсү №4А, жыгач устундуу темир жабылган турак үйдүн 150 чарчы метр чатыры жана 100 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 3ствБ

Чүй облусу

9.     23-ӨКБ

1 б

1 10:08 10:33 10:42 10:55 11:35   Сокулук району, Белек айылы, Ат-майдандын аймагында 8 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
10.       22-ӨКБ

1 б

1 11:47 11:57 12:20 13:30 13:50   Жайыл району, Ново-Николаевка айылы, Д.Бедного көчөсү №58, жалпы аянты 50 чарчы метр болгон эки кабаттуу сарай, 500 түк чөп жана 100 түк саман күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
11.       24-ӨКБ

1 б

1 12:10 12:28 12:36 13:00 13:19 101 Чүй району, Калыгул айылы, ачык аянтта 1 га куураган чөп жана 50 түк саман күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1 ствБ
12.       27-ӨКБ

1 б

1 14:14 14:18 14:27 14:37 15:00   Ысык-Ата району, Кант шаары, Совет көчөсү №3а, 30 сотук куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
13.       23-ӨКБ

1 б

1 15:39 15:59 16:35 16:45 17:00   Сокулук району, Шопоков шаары, Линейный көчөсүндө жайгашкан кыш чыгаруучу цехтин аймагында 2 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
14.       4-ӨКБ

1 б

8-АӨКБ

1 б

1 15:58

 

16:19

16:11

 

16:39

16:45 17:44 18:25

 

18:23

  Аламүдүн району, Пригородный айылы, Биринчи Май көчөсү №38, жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 200 чарчы метр чатыры, 600 түк чөп жана 9 устун күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ
15.       15-ӨКБ

1 б

1 19:14 19:30 19:50 20:30 20:48   Москва району, Петровка айылы, Беш-Терек көчөсүндө трактордун чиркөөсүндө жыйылган 300 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
16.       1-ӨКБ

1 б

1 19:35 20:15 20:22 21:13 21:50   Аламүдүн району, Гроздь айылы, ачык аянтта 50 сотых куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. 1ствБ
17.       2-ӨКБ

1 б

1 21:32 21:37 21:44 21:52 22:20   Панфилов району, Кайыңды шаары, ачык аянтта 3 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Ош облусу

18.       68-ӨКБ

1 б

АСМ

1 15:26

 

15:38

15:32

 

15:41

15:43 16:00 16:37

 

16:05

  Алай району, Гүлчө айылы, Алымбек датка көчөсү №245, турак үйдүн 16 чарчы метр бөлмөсү жана үй буюмдары күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1991жылы туулган үй ээси колунан күйүк алган. Абалы туруктуу. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
19.       103-ӨКБ

1 б

1 21:29 21:46 21:50 22:00 22:55   Өзгөн району, Куршаб айыл аймагы, Алга айылы, Матразаков көчөсүндө жайгашкан электр карагайы күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска чыңалуусу. 1ствБ
20.       66-ӨКБ

1 б

1 02:03 02:49 03:41 04:47 05:41   Кара-Кулжа району, Кашка-Жол айыл аймагы, Тоготой айылы, Төрт-Күл көчөсү №8, жыгач устундуу темир жабылган турак үйдүн 108 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ

Жалал-Абад облусу

21.       57-ӨКБ

1 б

1 17:00 17:10 17:13 18:22 19:10   Таш-Көмүр шаары, Кристалл заводунун аймагында 1,5 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби:  чагылгандын отунан. 2ствБ

Ысык-Көл облусу

22.       36-ӨКБ

1 б

1 б

1 05:37

 

05:48

05:42

 

05:53

06:10   Жети-Өгүз району, Кызыл-Суу айылы, Борбордук базардын аймагында 2 жашылча сатуучу контейнер күйүп жатат. Өрттүн себеби: такталууда.

Баткен облусу

23.       75-ӨКБ

1 б

1 17:26 17:40 17:51 18:30 19:00   Кадамжай району, Үч-Коргон айыл аймагы, Үч-Коргон айылы, Елбону тилкеси, Анкор көчөсүндө жайгашкан көрстөндүн аймагында 2 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска чыңалуусу. 1ствБ

кол каражат

24.       62-ӨКБ

1 б

1 19:17 19:20 19:25 19:35 20:05   Кызыл-Кыя шаары, Кулатов көчөсүндө ачык аянтта 120 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска чыңалуусу. 1ствБ

Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болгон.

Бишкек шаары

Биринчи Май районунда 15-июль күнү Патриса Лумумбы көчөсүндө ЧЧК каналына 1976-жылы туулган эркек киши түшүп кеткен.

21-июль күнү издөө иш-чараларын улантуу максатында  КР ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары тартылды.

22-июль күнү иш-чаралар улантылат.

Жалал-Абад облусу

Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагындагы Арпа-Төктү тилкесинде 15-июлдан бери 1959-жылы туулган эркек жаран дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 19-июль күнү 102 кызматынан түшкөн.

21-июль күнү издөө иштерин жүргүзүүгө Чаткал райондук №81 өрткө каршы бөлүгүнүн куткаруучулары, ИИМден 4 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 35 адам тартылган.

Издөө иштеринин натыйжасында Чаткал дарыясынан маркумдун жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.

Тогуз-Торо районунда 6-июль күнү саат 14:00 чамасында Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолун куруп жаткан Чайна-Роуд компаниясынын жумушчусу кытай улутундагы эркек адам (1979-жылы туулган) дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат 10-июль күнү КР ӨКМнин Тогуз-Торо райондук бөлүмүнө түшкөн.

21-июль күнү  издөө иш-чараларын улантуу максатында саат 11:05те КР ӨКМнин РӨКОнун №2 өзүнчө издөө куткаруу отрядынан 5 куткаруучу тартылды.

22-июль күнү издөө иш-чаралары улантылат. Куткаруучулар Казарман айылында түнөп калышкан.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here