Кыргыз Республикасынын ӨКМ тарабынан коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча финансылык каржылоо боюнча 2020-жылдын 22-июлуна карата

0
204 просмотров

КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигине бюджеттен  жалпы 209 млн 879 миң 700 сом бөлүнүп, толук каржыланды. Бүгүнкү күндө коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүгө каралган акча каражатынын 151 млн 651 миң 500 сому колдонулду, расчеттук эсепте 58 млн 228 миң 200 сом акча каражаты бар.

Колдонулган акча каражаттар:

— Обсервация пунктуларындагы жарандарга, тартылган медиктерге, ИИМ кызматкерлерине 3 маал ысык тамак-аш менен камсыздоого – 34 млн 774 миң 100 сом;

— Тамак аш менен камсыздоого – 34 млн 774 миң 100 сом;

— Дары дармектерге, антисептик, дозатор, бет кап, кол кап ж.б. сатып алууга жана дезинфекциялоого – 8 млн 736 миң 000 сом;

— Күйүүчү жана майлоочу майларды алууга – 13 млн  524 миң 600 сом;

— Хлор, матрац, кровать, шейшеп, идиш аяктарды жана дезинфекциялоо аппараттарын сатып алууга – 26 млн 846 миң 500 сом;

— Жеке коргоочу каражаттарга – 4 млн 415 миң 700 миң сом;

— Обсервация пунктуларында шарттарды жакшыртуу максатында муздаткыч, кир жуугуч машина жана телевизор сатып алууга – 1 млн  973 миң 300 сом;

— «Манас» Эл аралык аэропортунун транзиттик жүк ташуучу борборунун аймагындагы корпустарды убактылуу санитардык карантиндик пункт кылып өзгөртүп кайрадан курууга – 44 млн 712 миң 900 сом;

— Гуманитардык жардам көрсөтүүгө – 15 млн 187 миң 500 сом;

— Дезинфекциялоо иштерине тартылган өрт өчүрүү унаалардын насостору жараксыз абалга келип, кайра сатып алууга  – 1 млн 480 миң 900 сом.

КР ӨКМдин Басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here