Мен, Өзгөчө кырдаалдар министри Аскаров Замирбек Марипбаевич, социалдык баракчалардын колдонуучуларынан берилип жаткан суроолорго жооп берүүдөмүн

0
78 просмотров

Мен, Өзгөчө кырдаалдар министри Аскаров Замирбек Марипбаевич, социалдык баракчалардын колдонуучуларынан берилип жаткан суроолорго жооп берүүдөмүн.
Учурдагы гуманитардык жардамды жерине жеткирүү боюнча иш-аракеттер тууралуу маалымат берүүнү чечтим.
Гуманитардык жардамдар чет мамлекеттерден, эл аралык уюмдардан, жеке ишканалардан келип түшүүдө: Кыргызстанга, жана ошондой эле ӨКМдин дарегине келип, аларды кабыл алуу, сактоо жана жерине жеткирүү иштерин уюштуруп жатабыз. Ал эми министрликтин дарегине келген жардамдан тышкары, бөлүштүрүү иштери тиешелүү министрликтер, ведомстволор жана жергиликтүү бийлик органдары тарабынан аткарылат. Гуманитардык жардамдар тууралуу толук маалыматтарды бул шилтеме аркылуу биле аласыздар: http://ky.mes.kg/2020/07/28/covid-19-ildeti-menen-k%D2%AFr%D3%A9sh%D2%AF%D2%AF-maksatyndagy-gumanitardyk-zhardamdar-2/
Министрликтин атына келип түшкөн гуманитардык жардамдарга токтолуп кетсек, Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасына 2 этап менен, жалпысынан 560 миң АКШ долларын түзгөн ун, хлор, медициналык каражаттардан турган жардамын көрсөткөн. 1000 тонна буудай уну Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын жана Ош шаарынын өкүлчүлүктөрүнө жеткирилген, 1 этабынын медициналык каражаттары КР Саламаттыкты сактоо министрлигине берилген. Хлор болсо дезинфекция иштерине жумшалган. Калган 1000 тонна ун жана медициналык каражаттар азырку учурда Министрликтин кампасында сактоого алынган.
Гуманитардык жардам көрсөтүүдө эл аралык партнерлор өзүнүн чоң салымын кошушкан – КРнын Кызыл жарым ай улуттук коому, “Врачи без границ” уюму, БУУнун балдар уюму жана Өнүгүү программасы, ОБСЕ жана башкалар. Ошондой эле, Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүнү координациялоо боюнча топ активдештирилип, анын координациясы менен бир топ жардам көрсөтүлдү. Жалпысынан эл аралык уюмдар 9 млн сомду түзгөн жеке коргоочу каражаттар, хлор, гигиеналык каражаттар жана башка товарлар жардам катары берилген. Алардын баары ӨК министрлигинин аймактык түзүмдөрүнө, ошондой эле, Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы, Ички иштер министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Мамлекеттик чек ара жана салык кызматтары мамлекеттик органдарына бөлүнүп таратылган.
Өз убагында, ошондой эле Мамлекеттик органдар тарабынан да биздин министрликке коргоочу костюм, медицинлык бет кап, кол кап жана башка гуманитардык жардам берилген.
Өлкөбүздө эпидемиялык абал учурунда жеке жарандар четте калбай өз салмдарын кошуп жатууда. Хлор, антисептик, күйүүчү майлар, коргоочу костюмдардан турган жардамдар берилүүдө. Аталган каражаттар министрликтин түзүм бөлүмдөрүнө бөлүнүп берилген. Мындан тышкары, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги КР Өкмөтүнүн тапшырмасынын негизинде чет мамлекеттерге жардам көрсөтүү боюнча иш чараларды жүргүзгөн. Токтоп кетсек,
— Кытай Эл Республикасына 5 млн 36 миң 500 сомду түзгөн медициналык каражаттар жеткирилиген.
— Тажикстан Республикасынын Тоолуу-Бадахшан облусунуна жана Афганистан Ислам Республикасынын Чон жана Кичи-Памиринде жашап жаткан этникалык кыргыздарга ун, одеяло, тазалык каражаттар, өсүмдүк май, күрүч түзгөн гуманитардык жардам көрсөтүүлдү. Жалпысынан 8 млн 497 миң сомду түзгөн.
— Өзбекстан Республикасына 13 млн 90 миң сом акча каражатына түзгөн цемент, күрүч, өсүмдүк майы гуманитардык жардам жөнөтүлгөн.
Ошондой эле, министрликтин жоопкерчилигинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резерв фондунан Кыргыз Республикасынан калкынын социалдык жактан аярлуу катмарына гуманитардык жардам көрсөтүү максатында бөлүнгөн, жалпысынан 8 198 тонна буудай унун жана 314 тонна кум шекер облустардын райондук борборлоруна жана облустук маанидеги шаарларга чейин жеткирүү, чет мамлекеттерден келген гуманитардык жардамдарды ташуу жана жүктөп түшүрүү, чет мамлекеттен келген жарандарды жерине жеткирүү иш-чаралары да жүргүзүлүүдө.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here