Кадамжай районунда селдин кесепетин жоюу иштери уланууда

0
81 просмотров

2020-жылдын 28-июль күнү болжол менен саат 18:00 чамасында Орозбеков айыл аймагынын Охна, Жошолу, Таш-Булак, Жал-Таш жана Күлдү сел жүрүүчү сайларынан сел түшүп болжол менен Охна сайынан жалпы 35-40м3 секундасына жеткен. Ал эми Көтөрмө а/а караштуу Кескен-Таш а. Жана Гайрат айылдарында сел кетүүчү сайлардан сел жүргөн.
-Орозбеков а/а Охна сайынын 7500 метр аралыгынан ар жеринен эрозиясына учураган жана 2020-жылдын 26-июль күнү болгон селдин кесепетинен бузулуп кайра калыбына келтирилген темир-бетон шакекчеси менен курулган 3 көпүрө сел суулары бузуп кеткен.
— Таш-Булак сайынан ички чарбалык жол катары пайдаланган жолдун 800метр аралыгын сел жууган.
— Жошолу сайынан ички чарбалык жол катары пайдаланган жолдун 970 метр аралыгын сел жууган.
Көтөрмө а/а караштуу Гайрат а. Кадамжай-Шахимардан автожолуна кум шагыл түшкөн,учурда а/ө тарабынан 1 даана погрузчик техникасы тартылып,жол ачылган.
— Гайрат а. 4-турак жайдын огородуна жана 1-турак жайдын подвалына сел суулары кирген.
— ДЭП №46 ишканасынын Көтөрмө-Тамаша авто жолунун 2020-ж.26-июль күнү болгон селдин кесепетинен бузулуп кайра калыбына келтирилген 4км аралыгы бузулган.

Көтөрмө айыл аймагындагы бугунку болгон селдин кесепеттерин жоюга айыл өкмөттөн 1 погрузчик жана ДЭП-46 ишканасынан 1 грейдер 2 погрузчик тартылды.
Орозбеков айыл аймагынан 3 даана авто-жүктөгүч 1 даана хова, 1 самосвал жана жергиликтүү элден 40 адам калыбына келтирүү иштерине тартылган. Кадамжай райондук ӨК бөлүмүнөн 15 куткаруучу тартылды

Аткарылган иш чаралар:
Бүгүнкү күнгө Көтөрмө айылындагы 12 турак үйлөрдүн 9 турак үйдүн тамаркалары тазаланып, ошондой эле 2300 метр ички чарбалык жолдун 1800 метири тазаланган (500метр) калган. Иш-чара уланууда
Орозбеков айыл аймагына КР ОКМнин Баткен областык башкармалыгынан 1500 литр кйуучу май болунуп берилип, айыл окмот тарабынан 1 даана погрузчик, 1 даана самосвал жана 15 жергиликтуу тургундар тартылып, ички чарбалык темир бетон шакекче менен курулган копуролорду калыбына келтируу иштери аткарылууда.
Ошондой эле, КР ӨКМнин 2020-жылдын Атайын алдын алуу жана озгочо кырдаалдардын кесепеттерин жоюу (СПЛМ) иш-чарасына Орозбеков айыл аймагындагы Охна сайынын 2520 метр аралыгын калыбына келтирүү сунушталып, учурда 1 даана погрузчик техникасы калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө. Мындан сырткары ички жолдорду, арыктарды тазалоо, сай жээктерин бекемдөө максатында Орозбеков айыл аймагына 130 даана габион торчо жана 400 литр, Котормо айыл аймагына 900 литр күйүүчү май болуп берүү пландалууда.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here