Ош шаарында эл көп каттаган жерлер залалсыздандырылды

0
126 просмотров

2020-жылдын 29-июль күнү, өлкө аймагына коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун тапшырмасына ылайык Ош шаарынын аймагында дезинфекциялоо иштери болуп өттү.

Тактап айтканда, КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгы тарабынан шаардагы Жолдошбаев, Раимбеков, Шакиров көчөлөрүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн кире бериш жерлери, 32 дүкөн, 22 дарыкана, 14 балдар ойноочу аянтчалар, 16 аялдама, 12 навайкана жана башка эл көп каттаган жерлер залалсыздандырылды.

Бул иш-аракеттер КР ӨКМ тарабынан өлкөнүн бардык аймактарында улантылууда.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here