Жумгал району боюнча маалымат

0
149 просмотров

2020-жылдын 27-июль күнү саат 14:40, жана 15:20 чамасында Жумгал районунун Чаек айыл аймагындагы Май-Кокту жана Кашка-Терек коктуларынан түшкөн сел, кыян сууларынын кесепетинен аталган аймактагы Кучук-Арык сугат каналына таштанды жана кум-шагылдардын толушунан суунун деңгээли көтөрүлүп, Э.Сапарбеков көчөсүндө жайгашкан 31 турак үйлөрдү (мунун ичинен 6 турак жайдын үйүнүн ичине суу кирген) жана 2 соц обьектини кыян суулары каптаган.
Аталган аймакта табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерин аткарууга ӨКМнин Жумгал райондук бөлүмүнүн 20 кызматкерлери тартылып, Чаек айыл аймагынын 1 даана эксковатору, 1 даана погрузчиги, жана ДЭП-24 мекемесинин 1-даана погрузчиги, УОС-мекемесинин 1-даана погрузчик инженердик техникасы тартылып селден кийинки калыбына келтирүү иш-чаралары аткарылган.
Калыбына келтирүү иш чаралары 2020-жылдын 28-июль күнү уланып Жумгал райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан 20 кызматкер тартылып сел суу каптап кеткен 4 турак үйлөрдүн короо жайлары баткактан тазаланды. Андан тышкары ДЭП-24 мекемесинин 1 даана грейдер техникасы жолду тазалоо жана түзөө иштерин аткарууда, Чаек айыл өкмөтүнүн 1 даана эксковатору жана УОС мекемесинин 1 даана эксковатору жана 15 кызматкер тартылып Май-Кокту участкасында жолдун астында калган сел, кыян сууларын өткөрүүчу темир-бетон шакекчелери ачылып, өтмөктөрдүн ичин тазалоо иштери аткарылууда.
Аталган аймака убактылуу сел өткөрүүчү канал казылууда. Райондук Жарандык коргонуу кызматтары жеринде сел, кыян сууларынан келтирилген чыгымдардын көлөмүн тактап, аныктоо иштери жүргүзүлүүдө. Тазалоо жана калыбына келтирүү иш-чаралары бүткөн шартта дагы кошумча маалымат берилет.
Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызгидромет сел коркунучу тууралуу шашылыш эскертүү таркатышкан.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here