Гуманитардык жүктөр өлкөнүн аймактарына жеткирилүүдө

0
113 просмотров

 

Өзбекстандан келген ун түрүндөгү гуманитардык жардамды Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабына  аймактарга жеткирилүүдө.

Аталган гумжардам Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарына жана Ош шаарына жеткирилет. 2020-жылдын 4-августуна карата Жалал-Абад, Баткен облустарына жалпы 1000 тонна ундун ичинен 420 тонна өлчөмүндө жүк жеткирилген.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине гуманитардык жардамды түшүрүү,  сактоо жана белгиленген жерге жеткирүү милдети жүктөлгөн. Гуманитардык жүктү бөлүштүрүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аткарылат.

 

КР ӨКМнин Басма сөз кызматы  

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here