Республиканын аймагында дезинфекциялоо иштери уланууда

0
66 просмотров

Залалсыздандыруу иштери жөө жүрүү менен жана өрт өчүрүү унаа менен аткарылып, дезинфекциялоо иштери  жарандар көп бара турган объектилерге, маселен дүкөндөр, банктар, базарлар, дарыканаларда жана унаа жолдордо жүргүзүлүүдө. Иш-чаралар министрдин тапшырмасынын негизинде аткарылууда.

2020-жылдын 24-август күнү өлкө боюнча 21 950м² имараттардын ичи сырты, 131 830 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, иш-чарага 88 куткаруучу тартылган.

Маселен,

  📌Чүй облусунунда 3 000 погондук метр унаа жол дезинфекцияланып, 20 литр хлор  колдонулду;

📌Талас облусунда 32 000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланды;

  📌  Жалал-Абад облусунда 4 400 м² имараттын ичи сырты жана 3 700 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып 40 кг суюк хлор колдонулду;

 📌 Ош облусунда 10 400м² имараттын ичи сырты жана 47 000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 373 кг хлор колдонулду;

 📌 Баткен облусунда 21 130 погондук автоунаа жолдор дезинфекцияланды;

 📌 Ош шаарында 7150 м² имараттын ичи сырты жана  25 000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланды.

 КР ӨКМдин Басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here