2020-жылдын 1-сентябры саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
130 просмотров

2020-жылдын 31-август күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 9 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

Катар №

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7

8

9 10 11

Бишкек шаары

1.     2-ӨКБ

1 б

1 13:38 13:41 13:47   Свердлов району, “Дордой” базарында контейнерден чыккан өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн. Өрттүн себеби: такталууда.
2.     4-ӨКБ

1 б

1 15:20 15:27 15:29 15:38 16:10   Биринчи Май району, Краснознаменный көчөсү №14А, турак үйдүн ашканасында электр плитасы жана шкаф күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
3.     28-ӨКБ

1 б

4-ӨКБ

1 б

1 16:07

 

16:29

16:20

 

16:39

 

16:55

 

 

17:27

18:03

 

17:19

  Ленин району, И.Ахунбаев жана Репин көчөлөрүнүн кесилишинде таштанды жана гараждын 60 чарчы метр аянты күйгөн.  Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ
4.     6-ӨКБ

1 б

1 19:39 19:55 19:57 20:04 20:38   Ленин району, Л.Толстой жана Садыгалиева көчөлөүнүн кесилишинде, ачык аянтта 60 чарчы метр  куураган чөп күйгөн.  Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
5.     3-ӨКБ

1 б

1 22:00 22:03 22:06 22:10 22:18   Свердлов району, Осмонкул жана А.Огонбаев көчөлөрүнүн кесилишинде, ачык аянты 150 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Чүй облусу

6.     22-ӨКБ

1 б

1 12:42 12:55 13:35 13:55 14:20   Жайыл району, Полтавка айылы, мүрзөдө 1,5 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
7.     24-ӨКБ

1 б

1 15:28 15:33 15:38 16:00 16:04   Токмок шаары, №3-кичи району, жыгач устундуу шифер менен жабылган наабайкананын 30 чарчы метр чатыры күйгөн.  Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Жалал-Абад облусу

8.     78-ӨКБ

1 б

1 16:18 16:38 16:39 17:10 17:39   Базар-Коргон району, Базар-Коргон айыл аймагы, Чек айылы, Токтогул көчөсү,

жыгач устундуу тунуке жабылган турак үйдүн 450 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.

1ствБ

 

Куткаруу кызматтары тарабынан 10 чыгуу болду:

Бишкек шаары

Свердлов районунда 31-август күнү саат 10:38 чамасында куткаруучулар  КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын Учкун кичи районунда жайгашкан №23 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Ош шаары

КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулар 31-август күнү саат 16:35 чамасында Авиценна көчөсүндө жайгашкан №20А үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

31-август күнү саат 23:06 чамасында КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулар Ош көчөсүндө жайгашкан №12 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Чүй облусу

Аламүдүн районунда 15-август күнү «Теплые ключи» эс алуу жайында Аламүдүн суусуна 1994-жылы туулган аттуу кыз түшүп кеткен.

31-август күнү издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМнен жалпы 21 куткаруучу тартылды.

1-сентябрь күнү улантылат.

Жайыл районунда  26-август күнү Сары-Булак айылында каналга 2017-жылы туулган кыз түшүп кеткен.

31-август күнү издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМнен жалпы 13 куткаруучу тартылды.

1-сентябрь күнү улантылат.

Аламүдүн районунун Маевка айылында Кичи Чүй  (МЧК) каналынын жээгинде белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат 102 кызматынан түшкөн. Жерине КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары барып, болжол менен 60-65 жаш курактагы азиат улутундагы эркек кишинин (аты-жөнү такталууда) жансыз денесин суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Токмок шаарында 31-август күнү саат 22:31 чамасында КР ӨКМнин №21 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары 3-кичи районунда жайгашкан №69 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Нарын облусу

Кочкор районунда 7-август күнү Теңдик айылында Чу дарыясына 2013-жылы туулган бала чөгүп кеткен.

31-август күнү  издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМнен  6 куткаруучу тартылды.

 1-сентябрь күнү улантылат.

Жалал-Абад облусу

31-август күнү саат 22:55 чамасында Ала-Бука районунун Ала-Бука айыл аймагынын Сырт жайлоосунда “Daewoo Labo” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, унаа жолдон чыгып сайга түшүп кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 1 эркек киши 1980-жылы туулган жеңил жаракат алган. Жерине  КР ӨКМнин №73 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары барып, жабыркаган адамды унаадан чыгарышып тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here