Ала-Бука районунда унаа жолдон чыгып сайга түшүп кетти

0
78 просмотров

Жалал-Абад облусунда 31-август күнү саат 22:55 чамасында Ала-Бука районунун Ала-Бука айыл аймагынын Сырт жайлоосунда “Daewoo Labo” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, унаа жолдон чыгып сайга түшүп кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 1 эркек киши 1980-жылы туулган жеңил жаракат алган. Жерине  КР ӨКМнин №73 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары барып, жабыркаган адамды унаадан чыгарышып тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here