Баткен облусунун аймагында ӨКМ тарабынан дезинфекция иштери уланууда

0
66 просмотров
Коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун тапшырмасынын негизинде, КР ӨКМнин Баткен облустук  башкармалыгы тарабынан аткарылган дезинфекциялоо иштери боюнча маалымат.
2020-жылдын 18-мартынан 1-сентябрга чейинки аралыкта  Баткен облусунун аймагында 306 551 м2 имараттын ичи, 1 млн 340 411м2 имараттын сырты жана 3 млн 673 689 миң погондук автоунаа жолдор залалсыздандырылган. Жалпы  2296 кг хлор, 5914 литр суюк хлор жана 823 даана хлор таблеткасы  колдонулган.
Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерде, тагыраак айтсак азык-түлүк дүкөндөрүндө, банктарда, базарларда, даарыканаларда жана автоунаа жүрүүчү жолдордо жүргүзүлүүдө.
КР ӨКМдин Басма сөз кызматы.
Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here