Ош шаарынын аймагында ӨКМ тарабынан дезинфекция иштери уланууда

0
66 просмотров

Коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун тапшырмасынын негизинде, КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгы тарабынан аткарылган дезинфекциялоо иштери боюнча маалымат.

2020-жылдын 18-мартынан тартып 1-сентябрга чейин Ош шаарынын аймагында 550 420м2 имараттын ичи, 1086 575м2 имраттын сырты жана 950 099 погондук автоунаа жолдор залалсыздандырылган. Жалпы  560 кг хлор, 10807 литр суюк хлор жана 778 даана хлор таблеткасы колдонулган.

Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерде, тагыраак айтсак азык-түлүк дүкөндөрүндө, банктарда, базарларда, даарыканаларда жана автоунаа жүрүүчү жолдордо жүргүзүлүүдө.

КР ӨКМдин Басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here