Жалал-Абад облусунун аймагында ӨКМ тарабынан дезинфекция иштери уланууда

0
77 просмотров
Коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун тапшырмасынын негизинде, КР ӨКМнин Жалал-Абад облустук  башкармалыгы тарабынан аткарылган дезинфекциялоо иштери боюнча маалымат.
2020-жылдын 18-мартынан 1-сентябрга чейин Жалал-Абад облусунун аймагында 869 641м2 имараттын ичи, 1 639 202м2 имараттын сырты жана 7 006 691миң погондук автоунаа жолдор залалсыздандырылган. Жалпы  30 075 кг хлор, 33 985 литр суюк хлор, 28 064 даана хлор таблеткасы колдонулган.
Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерде, тагыраак айтсак азык-түлүк дүкөндөрүндө, банктарда, базарларда, даарыканаларда жана автоунаа жүрүүчү жолдордо жүргүзүлүүдө.
КР ӨКМдин Басма сөз кызматы.
Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here