Талас облусунда 8 ай ичинде өрттүн кесепетинен каза болгондор катталган жок

0
37 просмотров
2020-жылдын 8 ай ичинде Талас облусунда 73 өрт кырсыгы катталган.
Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу– 49,7% азайган. Өрттөн болгон материалдык чыгым 6 млн 238 мин 956 сомду түздү. (2019-жылы – 15,7% азайган) Өрттүн кесепетинен каза болгондор жок, 1 адам жаракат алган (2019-жылы 3 адам жабыр тарткан). Өрттөн 1 адамдын өмүрү жана 105 млн 760 000 товардык материалдык баалуулуктар сакталып калган. (2019-ж. 90253000сом)
Өрттөрдүн негизги себептери:
— электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан – 27 (37%);
— мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда – 5 (6,8%);
— отко этиятсыздык менен мамиле кылуу – 16 (21,9%);
— балдардын от менен ойноосуунан – 10 (13,7%)
Өрттөн болгон негизги объектилер:
— турак жай сектору-52 (71,2%)
— унаа, гараж, турук (стоянка)- 12 (16,4%)
— кампалар, соода бөлмөлөр-2 (2,7%)
— ачык аянттар-2 (2,7%)
Болуп өткөн өрттөрдүн бөлүнүшү:
— Талас шаары — 15;
— Талас району — 12;
— Манас району — 16;
— Кара-Буура району — 20;
— Бакай-Ата району – 10 өрт катталган.
КР ӨКМдин Басма сөз кызматы.
Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here