2020-жылдын 9-сентябры саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
84 просмотров

2020-жылдын 9-сентябрь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

 

Ысык-Көл облусу

Ак-Суу районунда 3 күн катары менен жааган жамгырдын кесепетинен, 2020-жылдын 8-сентябрь күнү саат 13:00 чамасында Оттук суусунун деңгээли көтөрүлүп, Каракол-Эңилчек унаа жолунун 94-чакырымында жолдун жарымын жеп кеткен. Ошол себептен унаа жолдун 38 жана 112-чакырымдарында посттор коюлуп, убактылуу чектөө киргизилген. Учурда суунун деңгээли азайган.

9-сентябрь күнү райондук Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде тактоо иштерин жүргүзүшөт, ал эми унаа жолду калыбына келтирүү үчүн №11 ЖТИден техника тартуу каралууда.

 

Сейсмологиялык абал боюнча маалымат

Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 8-сентябрь күнү саат 21:04тө Кыргыз Республикасы менен Өзбек Республикасынын чектешкен аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Баткен облусунун Кадамжай районунун Пүлгөн, Кадамжай айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 9-сентябрь күнү саат 05:57де очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жар-Башы, Кара-Шыбак айылдарында 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 17 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 18 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
Бишкек шаары
1.     4-ӨКБ

1 б

1 б

8-ӨКБ

АШ

1 19:46

19:48

19:46

19:53

 

19:58

20:00

20:06 20:46 21:22

 

21:29

20:18

  Ленин району, Жал кичи району, Тыналиев көчөсү №92, батирде 12 чарчы метр үй тиричилик буюмдары күйгөн (кир жуучу машина, шкаф, эшик, керебет). Өрт болгон жерден 6 адам эвакуация кылынган. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
2.     7-ӨКБ

1 б

1 00:56 01:04 01:27 01:54 02:10   Октябрь району, Ахунбаев жана Молдокулов көчөлөрүнүн кесилишинде кароосуз калган дүкөнчө толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
Ош шаары
3.     13-ӨКБ

1 б

1 08:23 08:25 08:30 08:35 08:46   Алай көчөсү №51, батирде 2 чарчы метр электр зымдары күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
4.     13-ӨКБ

1 б

1 22:49 22:55 22:58 23:13 23:27   Моминов көчөсүндө жайгашкан ашкананын (столовая) 8 чарчы метр ички жасалгасы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
Чүй облусу
5.     15-ӨКБ

1 б

1 12:06 12:36 13:03 15:30 16:15 101 Москва району, Чоң-Арык айылы, Эмгекчил көчөсү №2, короодо 500 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
6.     22-ӨКБ

1 б

1 12:57 13:15 13:20 14:10 14:25   Жайыл району, Кара-Балта шаары, Тимирязев көчөсү №22, короодо 50 чарчы метр куураган чөп жана 80 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
7.     5-ӨКБ

1 б

1 13:27 13:39 13:55 18:18 18:25   Кемин району, Ак-Бекет айылы, Школьный көчөсү №4, короодо 500 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
8.     4-ӨКБ

1 б

1 14:28 14:34 14:46 18:35 19:05   Ысык-Ата району, Ивановка айылы, Фурманов көчөсү, короодо 300 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: тактаууда. 1ствБ
Нарын облусу
9.     16-ӨКБ

1 б

1 12:32 13:10 13:12 13:40 15:28   Нарын району, Жан-Булак айылы, Тээк тилкеси, турак үйдүн ичинде 2 чарчы метр жыгач полу жана газ балон күйгөн. Өрттүн себеби: тактаууда. 1ствБ
Ысык-Көл облусу
10.       19-ӨКБ

1 б

1 14:18 14:32 14:40 15:05 16:05   Ысык-Көл району, Сары-Камыш айылы, Чарабаев көчөсү №12, короодо 150 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
11.       38-ӨКБ

1 б

1 17:26 18:10 18:20 21:57 23:05   Тоң району,  Коңур-Өлөң, Касмакунов көчөсү, ачык аянтта жыйылган 700 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
Жалал-Абад облусу
12.       55-ӨКБ

1 б

1 14:58 15:14 15:20 16:10 101   Ноокен району, Кызыл-Жылдыз айылы, Кызыл-Жылдыз көчөсү №17, сарайдын жыгач устундуу шифер жабылган 60 чарчы метр чатыры жана 100 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
13.       20-ӨКБ

1 б

1 19:49 19:54 19:58 20:19 20:39   Жалал-Абад шаары, Курманбек көчөсү №18, таштанды таштоочу жайда 5 сотык таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
14.       55-ӨКБ

1 б

1 02:54 03:03 03:08 04:16 04:55   Ноокен району, Масы айыл аймагы, Кызыл-Туу айылы, жыгач устундуу шифер жабылган турак уйдүн 84 чарчы метр чатыры жана 1 тонна чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ
Талас облусу
15.       101-ӨКБ

1 б

1 5:02 5:20   Талас району, Кара-Ой айылы,  жыйылган чөптөн өрт чыккан. Учурда өрттү өчүрүү иш чаралары болуп жатат.
Ош облусу
16.       12-ӨКБ

1 б

1 11:46 11:57 12:05 12:22 12:37   Кара-Суу району, Төлөйкөн айыл аймагы, Бирлешкен айылы, Сактанов көчөсү, ачык аянтта жыйылган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
17.       102-ӨКБ

1 б

1 22:53 23:05 01:03 02:00 02:20   Кара-Суу району, Мады айыл аймагы, Асан-Чек айылы, Жээнбеков көчөсү №5, жыгач устундуу тунуке менен жабылган эки кабаттуу бастырманын 50 чарчы метр чатыры жана 300 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Куткаруу кызматтары тарабынан 5 чыгуу болду:

Бишкек шаары

Октябрь районунда 8-сентябрда саат 11:51де КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары 4-кичи районунда жайгашкан №48 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Чүй облусунда унаа каналга түшүп кетти

Аламүдүн районунда 2020-жылдын 8-сентябрь күнү саат 21:10 чамасында Дачное айылындагы ГЭС-5 көлмөсүнө “Nissan Cefiro” үлгүсүндөгү  унаа түшүп кеткен, унаада  2 адам болгон (1989-ж.т. – эркек адам жана 1984-ж.т. – аял киши).

Бүгүн издөө иштерин улантуу максатында жерине КР ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары тартылып, саат 10:35те унааны суудан чыгарышып, каза болгон  жарандардын жансыз денелерин унаадан чыгарышып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Аламүдүн районунда 15-август күнү «Теплые ключи» эс алуу жайында Аламүдүн суусуна 1994-жылы туулган кыз түшүп кеткен.

8-сентябрь күнү издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМден жалпы 16 куткаруучу тартылды.

Издөө иш-чаралары 9-сентябрь күнү улантылат.

Нарын облусу

Кочкор районунда 7-август күнү Теңдик айылында Чу дарыясына 2013-жылы туулган бала чөгүп кеткен.

8-сентябрь күнү издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМнин №42 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары  тартылды.

Издөө иш-чаралары 9-сентябрь күнү улантылат.

Жалал-Абад облусу

Жалал-Абад шаарында 8-сентября саат 19:39да КР ӨКМнин №58 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн Спутник кичи районунда жайгашкан №16 үйдүн 11-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы.

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here