2020-жылдын 10-сентябры саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат  

0
81 просмотров

2020-жылдын 10-сентябрь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас, облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ош, Жалал-Абад  облустарынын өрөөндөрүндө, Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

 

Ысык-Көл облусу

Ак-Суу районунда 3 күн катары менен жааган жамгырдын кесепетинен, 2020-жылдын 8-сентябрь күнү саат 13:00 чамасында Оттук суусунун деңгээли көтөрүлүп, Каракол-Эңилчек унаа жолунун 94-чакырымында жолдун жарымын жеп кеткен. Ошол себептен унаа жолдун 38 жана 112-чакырымдарында посттор коюлуп, убактылуу чектөө киргизилген. Учурда суунун деңгээли азайган.

Калыбына келтирүү иштерине Жарандык коргонуу комиссиясы, №11 ЖТИ 1 трал, 1 экскаватор, 1 жүктөгүч, 1 бульдозер, 2 самосвал тартылган.

9-сентябрь күнү райондук ЖК комиссиясы жеринде тактоо иштерин жүргүзүшкөн жана тартылган техниканын жардамы менен унаа жол бир тараптуу ачылган. 10-сентябрь күнү тазалоо иш-чаралары улантылат. 

Сейсмологиялык абал боюнча маалымат

Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 10-сентябрь күнү саат 06:08де очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Ош облусунун Кара-Суу районунун Чийчи, Курак, Кабылан-Көл айылында 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 20 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 22 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
Бишкек шаары
1.     4-ӨКБ

1 б

1 10:39 10:46 жеткенге чейин 11:51 Ленин району, Москва көчөсү №228, батирдин балконунун сырткы жасалгасы 0,5чарчы метр түтөгөн. Өрттүн себеби: электр ширетүү иштерин жүргүзүдө өрт коосүздук эрежесин бузулушу.
2.     5-ӨКБ

1 б

1 15:57 16:06 жеткенге чейин 16:30 Октябр району, 10-кичи району, 38-үйдүн батирдин биринде, ашканада электр туташтыргыч түтөгөн.  Өрттүн себеби: тиричилик электр шаймандарын колдонууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу.
3.     7-ӨКБ

1 б

1 18:00 18:08 жеткенге чейин 19:19 Октябр району, Кара-Жыгач конушу, Төө-Ашуу көчөсү, 30 чарчы метр кампа күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.
4.     5-ӨКБ

1 б

1 19:33 19:39 19:43 19:48 20:07 Свердлов району, Гоголя көчөсү №1А, ачык аянтта  60 чарчы метр куураган чөп жана таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
5.     28-ӨКБ

1 б

1 2:13 2:20 жеткенге чейин 2:45 Ленин району, Орто-Сай айылы, Иманалиев көчөсү №4, турак үйдүн бөлмөсүндө ток бөлүштүргүч түтөгөн. Өрттүн себеби: такталууда.
Чүй облусу
6.     2-ӨКБ

1 б

1 9:48 10:14 18:05 18:16 18:26 Панфилов району, Орто-Арык айылы, ачык аянтта 130 га куураган чөп күйгөн.  Өрттүн себеби: такталууда. кол кар-т
7.     24-ӨКБ

1 б

10 куткаруучу

2 11:50

 

14:30

12:25 18:00 20:20 Чүй району, Кегети айылы, тоонун боорунда  30 га куураган чөп күйүп жатат. Учурда өрттү өчүрүү иш чаралары болуп жатат.
8.     1-ӨКБ

1 б

1 11:54 12:03 12:20 12:36 13:10 Аламудун району, Мыкан айылы, Алма-Ата менен Айланма көчөлөрүнүн кесилишинде ачык аянтта 30 сотык куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
9.     28-ӨКБ

1 б

1 16:05 16:10 16:46 16:48 16:55 Аламудун району, Чоң-Арык айылы,  ачык аянтта 3 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. кол кар-т
10.       7-ӨКБ

1 б

1 17:20 17:40 18:08 21:20 22:15 Аламудун району, Октябрь айылы, 22 партсъезд көчөсү, кородо 350 түк пресс чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
11.       21-ӨКБ

1 б

1 00:34 00:38 00:42 00:58 1:22 Токмок шаары, Саадаев көчөсү, автобекеттин жанында ажаткана бөлмөсү жалпы аянты 36 чарчы метр күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
12.       7-ӨКБ

1 б

1 2:44 2:55 3:34 3:48 4:05 Аламудун району, Көк-Жар жаңы конушу, ачык аянтта 20 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
Ысык-Көл облусу
13.       15-ӨКБ

1 б

1 7:10

 

7:15

7:15

 

7:20

7:45 13:00 13:10

 

13:10

Каракол шаары, Пржевальск көчөсү, үй  №123/1, Коронун ичинде 600 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска толкунду чагылышы. 2ствБ
14.       39-ӨКБ

1 б

1 9:30 9:40 9:55 10:45 10:55 Ак-Суу району, Кереге-Таш айылы, Бектуров көчөсү  №13, турак үйдүн коросунда  140 түк саман күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ
Талас облусу
15.       101-ӨКБ

1 б

1 5:02 5:20 8:15 9:18 9:40 Талас району, Кара-Ой айылы, Турузбек көчөсү №23, короонун ичинде 4 прицеп эндей чөп жана 450 түк саман күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
Нарын облусу
16.       42-ӨКБ

1 б

1 21:00 22:29 22:50 2:40 4:10 Кочкор району, Комсомол айылы, Мырзаке көчөсү, кородо 800 түк пресстелген чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
Баткен облусу
17.       62-ӨКБ

1 б

1 9:16 9:19 9:25 9:30 9:51 Кызыл-Кыя шаары, Султанов көчөсү, №8, 3-кабат, №10 батирдин ичинде үй тиричиликтери күйгөн. Өрттүн себеби: тиричилик электр шаймандарын колдонууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу. 1ствБ
18.       62-ӨКБ

1 б

2 б

1 15:46

 

15:53

16:01 16:18 17:31 18:25

 

17:55

Кызыл-Кыя шаары, Караван айылы, Мажакыпов көчөсү №21, турак үйдүн короосундагы 2 кабаттуу мал сарайдын 50чарчы метр чатыры күйгөн, ошондой эле өрт жанаша жайгашкан №23  үйдүн короосундагы мал сарайына отуп, толугу менен күйүп кеткен. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ
19.       74-ӨКБ

1 б

1 18:33 18:58 19:19 19:26 19:58 Лейлек району, Тогуз-Булак айыл аймагы, Кара-Булак айылы, ачык аянтта 6 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. кол кар-т
Ош облусу
20.       53-ӨКБ

1 б

1 5:39 5:45 5:55 6:13 6:20 Өзгөн району, Өзгөн шаары, Манас көчөсү, азык-түлүк дүкөндүн ичинде электр калканы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

 

Куткаруу кызматтары тарабынан 6 чыгуу болду:

Чүй облусу

Аламүдүн районунда 8-сентябрь күнү  саат 21:10 чамасында Дачное айылындагы каналга “Nissan Cefiro” үлгүсүндөгү  унаа түшүп кеткен, унаада  2 адам болгон (1989-жылы туулган эркек адам жана 1984-жылы аял киши).

9-сентябрь күнү издөө иштерин улантуу максатында жерине  КР ӨКМнин        Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары тартылып, саат 10:35те унааны суудан чыгарышып, каза болгон  жарандардын жансыз денелерин унаадан чыгарышып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Аламүдүн районунда 15-август күнү «Теплые ключи» эс алуу жайында Аламүдүн суусуна 1994-жылы туулган кыз түшүп кеткен.

9-сентябрь күнү издөө иштерин улантуу максатында саат 08:00дө КР ӨКМнен жалпы 108 куткаруучу тартылып, саат 19:00дө кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулду. Натыйжа болгон эмес. 10-сентябрь күнү улантылат.

Нарын облусу

Кочкор районунда 7-август күнү Теңдик айылында Чу дарыясына 2013-жылы туулган бала чөгүп кеткен.

9-сентябрь күнү издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМден 5 куткаруучу  тартылды.

10-сентябрь күнү издөө иштери улантылат. 

Гүлчө дарыясынын жээгинде белгисиз адамдын жансыз денеси табылды

Ош облусунун Алай районунда 9-сентябрь күнү саат 08:09да Жар-Кыштак айылындагы Гүлчө дарыясынын жээгинде белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат 102 кызматынан түшүп, аны чыгарып берүүнү суранышкан.

Жерине ӨКМден куткаруучулары тартылып, 1958-жылы туулган эркек адамдын жансыз денесин суудан чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here