2020-жылдын 11-сентябры саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
92 просмотров

2020-жылдын 11-сентябрь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөндөрүндө жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусу

Ак-Суу районунда 3 күн катары менен жааган жамгырдын кесепетинен, 2020-жылдын 8-сентябрь күнү саат 13:00 чамасында Оттук суусунун деңгээли көтөрүлүп, Каракол-Эңилчек унаа жолунун 94-чакырымында жолдун жарымын жеп кеткен. Ошол себептен унаа жолдун 38 жана 112-чакырымдарында посттор коюлуп, убактылуу чектөө киргизилген. Учурда суунун деңгээли азайган.

Тазалоо иштерине №11 ЖТИ 1 трал, 1 экскаватор, 1 жүктөгүч, 1 бульдозер, 2 самосвал тартылды.

10-сентябрь күнү тартылган техникалардын жардамында унаа жол калыбына келтирилип, жумуш толугу менен аяктаган. Ошодой эле унаа жолдун 38 жана 112-чакырымдарында убактылуу коюлган посттор алынган.

Сейсмологиялык абал боюнча маалымат

Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 10-сентябрь күнү саат 17:51де очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Кара-Киндик, Сары-Таш айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 13 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 15 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

Катар №

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Бишкек шаары

1.     8-ӨКБ

1 б

водовоз

4-ӨКБ

1 б

ШТАБ

1 18:05

 

18:15

18:32

 

18:36

18:25

 

18:35

18:46

 

19:00

19:23 23:36 00:02

 

00:07

20:05

 

20:22

  Биринчи Май району, Багижский көчөсү №78, жалпы аянты 25 чарчы метр болгон кампа жана ичинде жыйылган 400 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ
2.     4-ӨКБ

1 б

1 02:36 02:40 02:58 03:13   Биринчи Май району, Манас проспектиси менен Киев көчөсүнүн кесилишинде “Мерседес Бенц” үлгүсүндөгү жеңил унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Чүй облусу

3.     27-ӨКБ

1 б

1 14:43 15:01 15:22 15:40 16:47   Ысык-Ата району,  Интернациональный айылы, Пушкин көчөсү №12, ачык аянтта 120 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
4.     15-ӨКБ

1 б

1 15:00 15:20 15:50 16:13 16:50   Москва району, Петровка айылы, Совет көчөсү №214, жыгач устундуу черепица жабылган турак үйдүн 40 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
5.     4-ӨКБ

1 б

1 16:37 16:52 17:02 17:18 17:37   Ысык-Ата району, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 44-чакырымында 0,5 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
6.     23-ӨКБ

1 б

1 б

1 17:25

 

18:00

17:51

 

кайты

18:28 18:50 19:40

 

18:10

  Сокулук району, Студентик айылы, Береговой көчөсү №31, жалпы аянты 120 чарчы метр болгон сарай жана 300 түк чөп толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Ош облусу

7.     103-ӨКБ

1 б

1 14:27 14:38 15:01 15:40 16:13   Өзгөн району, Кароол айыл аймагы, Мырза-Арык айылы, ачык аянтта 800 кг орулган күрүч даны күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Ысык-Көл облусу

8.     38-ӨКБ

1 б

1 12:59 13:05 13:12 16:40 16:55   Тоң району, Бөкөнбаев айылы, Бөкөнбаев көчөсү №8, турак үйдүн короосунда 300 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
9.     35-ӨКБ

1 б

1 15:27 15:35 16:57 17:20 17:30   Ысык-Көл району, Корумду айылы, Сокубай көчөсү №49, турак үйдүн короосунда 250 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
10.       36-ӨКБ

1 б

1 16:46 16:57 17:12 19:50 20:05   Жети-Өгүз району, Светлая Поляна айылы, Алакуш көчөсү №40, Турак үйдүн короосунда 750 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Жалал-Абад облусу

11.       57-ӨКБ

1 б

1 13:20 14:50 14:55 15:40 18:15   Аксы району, Ак-Суу айыл аймагы, Мазар айылы, Чотуев көчөсү №10,  жыгач устундуу темир жабылган сарайдын 140 чарчы метр чатыры жана 530 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска чыңалуусу. 1ствА
12.       20-ӨКБ

1 б

1 03:30 03:35 03:44 04:09 04:42   Жалал-Абад шаары, Пугачев көчөсү №72, жыгач устундуу шифер жабылган аялдардын медресесинин 18 чарчы метр чатыры жана 12  чарчы метр болгон тапчан күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Нарын облусу

13.       43-ӨКБ

1 б

1 22:20 23:40 00:05 03:04 04:35   Жумгал району, Доскул айылы, Рысбаев көчөсү №7, турак үйдүн короосунда 500 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болду:

Чүй облусу

Аламүдүн району. 15-август күнү «Теплые ключи» эс алуу жайында Аламүдүн суусуна 1994-жылы туулган кыз түшүп кеткен.

9-сентябрь күнү издөө иштерин улантуу максатында саат 08:00дө КР ӨКМнен жалпы 67 куткаруучу тартылды.

11-сентябрь күнү издөө иштери улантылат.

Нарын облусу

Кочкор районунда 7-август күнү Теңдик айылында Чу дарыясына 2013-жылы туулган бала чөгүп кеткен. 10-сентябрь күнү издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМден 6 куткаруучу  тартылды.

11-сентябрь күнү издөө иштери улантылат.

Баткен облусу

Баткен районунда 11-сентябрь күнү 06:37де Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 11-чакырымында (Жаңы-Жер айылы) “Ауди 100” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен. Жерине КР ӨКМнин ТКККнын №3 ӨМТККВдан 6 куткаруучу тартылган, бирок куткаруучулар жеткенге чейин, тез жардам кызматкерлери жабыркаган жарандарды Баткен облустук ооруканасына алып кетишкен. Кырсыктын кесепетинен 2 адам жабыркаган (1993-жылы туулган, 2005- жылы туулган) жана 2 адам ооруканадан каза болгон (1967- жылы туулган, 1974- жылы туулган). Куткаруучулар маалымат тактоо иштерин жүргүзүшкөн.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы.

 

 

 

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here