2020-жылдын 15-сентябры саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
70 просмотров

2020-жылдын 15-сентябрь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

 

Сейсмологиялык абал боюнча

Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 15-сентябрь күнү саат 00:26да Ош облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Алай районунун Нура, Көк-Суу айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

 

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 27 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 29 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

Катар №

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Бишкек шаары

1.     5-ӨКБ

1 б

1 09:56 10:09 10:27 10:34 11:09 Октябрь району, 5-кичи району, №69-үй, батирдин бөлмөсүндө 5 чарчы метр ичинде сыналгы, уюлдук телефон жана отургуч күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
2.     3- ӨКБ

1 б

1 14:37 14:48 14:52 14:55 15:57 Свердлов району, Бакай-Ата конушу, Ак-Балта көчөсү, ачык аянтта 200 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
3.     3-ӨКБ

1 б

1 21:49 21:58 22:16 22:49 23:56 Свердлов району, Аламүдүн-1 кичи району, №30-үйдүн, батирдин балконунда 15 чарчы метр үй тиричилик буюмдары күйгөн (отургуч, жылыткыч, 2 терезе, эшик). Өрттүн кесепетинен эркек киши 1949-жылы туулган III-даражадагы күйүк алып, №4 шаардык ооруканасына жеткирилген. Абалы оор.  Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

 

1ГТКК

4.     2-ӨКБ

1 б

1 05:07 05:17 жеткенге чейин 05:42 Свердлов району, Широкий көчөсү №1А, Ч.Айтматов атындагы лицейдин бөлмөсүндө электр зымдары түтөгөн. Өрттүн себеби: такталууда.

Ош шаары

5.     12-ӨКБ

1 б

1 09:15 09:18 жеткенге чейин 09:57 Г.Айтиев көчөсү №84, “Аль-Майда” кафесинин моорунан өрт чыккан. Өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн. Өрттүн себеби: такталууда.
6.     12-ӨКБ

1 б

1 16:35 16:37 16:40 16:58 17:08 Г.Айтиев көчөсү, Суйлайман-Тоонун аймагында, ачык аянтта 4 сотык куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Чүй облусу

7.     15-ӨКБ

1 б

1 08:45 09:05 09:16 11:25 11:50 Москва району, Петровка айылы, Шевченко көчөсү №145, ачык аянтта 40 чарчы метр таштанды жана куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
8.     5-ӨКБ

1 б

1 11:20 12:20 14:15 14:30 16:00 Кемин району, Тегирменти айылы, ачык аянтта 400 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
9.     28-ӨКБ

1 б

1 13:06 13:18 13:55 14:35 14:54 Аламүдүн району, Байтик айылы, “Давос” дачасы, ачык аянтта 25 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
10.       2-ӨКБ

1 б

1 16:28 16:48 17:08 17:15 17:35 Панфилов району, Орто-Арык айылы, ачык аянтта 1 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
11.       28-ӨКБ

1 б

1 15:32 15:36 16:09 16:54 17:22 Аламүдүн району, Байтик айылы, Иманалиев көчөсү №56, короодо 8 сотык куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
12.       7-ӨКБ

1 б

1 20:00 20:40 21:20 23:00 00:50 Аламүдүн району, Кара-Жыгач айылы, ачык аянтта 2,5 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

 

 

13.       2-ӨКБ

1 б

1 20:15 20:20 20:55 21:00 21:20 Панфилов району, Жайылма айылы, “Audi A6” үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
14.       27-ӨКБ

4 кут

1-ӨКБ

4 кут

4-ӨКБ

1 кут

5-ӨКБ

3 кут

6-ӨКБ

1 кут

28-ӨКБ

2 кут

161

6 кут

1 21:05

 

 

 

22:40

 

 

 

 

 

 

 

22:12

22:45

 

 

 

00:20

 

 

 

 

 

 

 

22:52

23:00 00:35 03:20

02:35

 

 

01:28

 

 

 

 

 

 

 

01:33

Ысык-Ата району, Ичке-Суу айылы, тоонун боорунда 5 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. кол каражат
15.       22-ӨКБ

1 б

 

1 21:25 21:36 21:55 22:55 23:15 Жайыл району, Полтавка айылы, Октябрь көчөсү, ачык аянтта 10 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
16.       2-ӨКБ

1 б

1 01:23 01:33 02:21 02:39 03:16 Аламүдүн району, Маевка айылы, Теңдик конушу, 11-көчө, №9 үй. жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 50 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
17.       28-ӨКБ

1 б

 

1 02:07 02:28 жеткенге чейин 02:47 Аламүдүн району, Кайырма айылы, тоодо куураган чөп күйгөн. Өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн. Өрттүн себеби: такталууда.

Жалал-Абад облусу

18.       59-ӨКБ

1 б

1 07:45 08:08 08:30 10:02 10:45 Сузак району, Көк-Арт айыл аймагы, Жалгыз-Жаңгак айылы, Жумуков көчөсү, жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 108 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.  1ствБ
19.       78-ӨКБ

1 б

1 10:46 жеткенге чейин 11:20 Базар-Коргон району, Базар-Коргон айыл аймагы, Базар-Коргон айылы, Осмонов көчөсү, ачык аянтта куураган чөп күйгөн. Өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн. Өрттүн себеби: такталууда.
20.       20-ӨКБ

1 б

1 б

1 11:47

 

12:05

11:55

 

12:19

12:10

 

 

12:54

 

 

13:37

 

12:45

Сузак району, Таш-Булак айыл аймагы, Доскана айылы, жыгач устундуу шифер жабылган эки кабаттуу сарайдын 132 чарчы метр чатыры жана 1800 түк чөп күйгөн.  Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ
21.       65-ӨКБ

1 б

1 б

1 14:32

 

15:00

14:43

 

15:18

14:49 16:35 16:51

 

15:50

Сузак району,  Ырыс айыл аймагы, Ырыс айылы, Примберди-Ажи көчөсү №28, жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 125 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: балдардын от менен шоктугу. 1ствБ
22.       83-ӨКБ

1 б

 

1 18:02 18:13 18:16 18:30 18:42 Майлуу-Суу шаары, Мира көчөсү №8, ачык аянтта 2 чарчы метр таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
23.       81-ӨКБ

1 б

1 18:03 жеткенге чейин 21:00 Чаткал району, Каныш-Кыя айыл аймагы, Башкы-Терек айылы, Т.Салимбай №5, короодо 100 түк чөп күйгөн. Өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
24.       97-ӨКБ

1 б

1 20:34 20:38 20:40 21:12 21:17 Токтогул району, Токтогул шаары,  Сүйөркулов көчөсү, таштанды таштоочу жайда 10 чарчы метр таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Ош облусу

25.       71-ӨКБ

1 б

1 15:45 16:10 17:10 17:40 18:18 Ноокат району, Исанов айыл аймагы, Тескей-Кожоке айылы, Каримбай көчөсү, жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 96 чарчы метр чатыры жана 300 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: отко этиятсыз мамиле кылуу. 1ствБ
26.       103-ӨКБ

1 б

1 03:40 03:45 04:20 05:45 06:06 Өзгөн району, Куршаб айыл аймагы, Куршаб айылы, Мурзаев №91 көчө, жыгач устундуу шифер жабылган сарайлын 60 чарчы метр чатыры жана 1 тонна отун күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Баткен облусу

27.       52-ӨКБ

1 б

74-ӨКБ

1 б

1 23:59

 

 

00:15

00:20

 

 

жолдон кайттуу

00:30 01:10 01:54

 

 

00:50

Лейлек району, Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 329-чакырымында  күйүүчү май ташыган оор жүк ташуучу “Хово” үлгүсүндөгү унаанын салону толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. 1ствБ

Куткаруу кызматтары тарабынан 5 чыгуу болду:

Бишкек шаары

Ленин районунда 14-сентябрь күнү саат 18:10до КР ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары Турусбеков көчөсүндө жайгашкан №41 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен. Батирдин ичинде 1956-жылы туулган аял кишинин жансыз денеси табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Чүй облусу

Аламүдүн районунда 15-август күнү «Теплые ключи» эс алуу жайында Аламүдүн суусуна 1994-жылы туулган кыз түшүп кеткен.

14-сентябрь күнү издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМнен жалпы 24 куткаруучу тартылып, саат 18:00дө кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулду. Натыйжа болгон эмес. 15-сентябрь күнү улантылат.

Нарын облусу

Кочкор районунда  7-август күнү Теңдик айылында Чу дарыясына 2013-жылы туулган кичине бала чөгүп кеткен.

14-сентябрь күнү издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМден 6 куткаруучу  тартылды. 15-сентябрь күнү издөө иштери улантылат. 

Ош облусу

Ноокат районунда 14-сентябрь күнү кечинде Ак-Терек-Папан-Кожокелен унаа жолунун 40-чакырымында (Күндү-Дөбө айылы) “Хюндай-Портер” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен.

Унаада 3 адамдын ичинен бирөөсү аман калып (1974-жылы туулган), жолдо бараткан унаанын жардамында Ош облустук ооруканасына жеткирилген. Ал эми 2 жаран (1956-жылы туулган эркек киши жана 2016-жылы туулган жаш бала) сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Издөө иш-чараларын жүргүзүүгө 3 куткаруучу тартылып, саат 22:30да түн киргендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулган, натыйжа болгон жок. 15-сентябрь күнү издөө иштери улантылат.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here