2020-жылдын 16-сентябры саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
69 просмотров

Шашылыш билдирүү!

2020-жылдын 17-сентябрында күндүз жана 18-19-сентябрларында мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо жаан карга айланышы, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы кескин төмөндөп: 18-19-сентябрларда Чүй облусунун өрөөнүндө түнкүсүн 4…9°, күндүз 14…19°, тоо этектеринде түнкүсүн 1….6°, күндүз 10…15°, Талас облусунун өрөөнүндө түнкүсүн 2…7°, күндүз 11…16°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 9…14°, күндүз 18…23°, тоо этектеринде түнкүсүн 4…9°, күндүз 15…20°, Ысык-Көл ойдуңунда жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 3…8°, күндүз 12…17° жылуу, тоолуу райондордо түнкүсүн -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин, күндүз 6…11° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4…-9° суук, күндүз -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин болушу күтүлөт.

20-21-сентябрларда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй облусунун тоо этектеринде кээ бир райондордо 0…-2° үшүк жүрүшү күтүлөт.

 Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

КР ӨКМнин тарабынан адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2020-жылдын 15-сентябрь күнү №02-34/640-Т телефонограммасы чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө жеткирилген. Ошондой эле, КР ӨКМнин алдындагы ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

 

2020-жылдын 16-сентябрь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

 

Сейсмологиялык абал боюнча маалымат

Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2020-жылдын 16-сентябрь саат 05:14тө Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Ош облусунун Өзгөн районунун Шоро-Башат, Жийде, Жыланды, Калта жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Чангет айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

III. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутка ичинде республиканын аймагында 17 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 17 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Бишкек шаары

1. 5-ӨКБ

1 б

1 15:27 15:36 15:40 15:46 16:19   Октябрь району, С.Каралаев көчөсү №29, ачык аянтта 80 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда 1ствБ
2 4-ӨКБ

1 б

1 18:28 18:34 18:35 18:41 18:56   Ленин району, Ж. Бөкөнбаев жана Ж.Гвардия көчөлөрүнүн кесилишинде ачык аянтта 200 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. Кол каражат

 

3. 28-ӨКБ

1 б

1 21:18 21:26 22:15 01:10 01:14   Ленин району, Ч. Айтматов проспекти №303, ачык аянтта болжол менен 2га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Чүй облусу

4. 27-ӨКБ

1 б

1 07:26 07:52 08:07 09:36 10:10   Ысык-Ата району, Чоң-Далы айылы, Бөлөбалаев көчөсү №35, жалпы аянты 360 чарчы метр болгон сарайдын чатыры толугу менен жана 60 даана устун, 24 даана рейка, 230 даана шифер күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
5. 22-ӨКБ

1 б

1 10:12 10:19 10:39 10:45 10:53   Жайыл району, Кара-Балта шаары, Фурманова көчөсү №66 “Audi” үлгүсүндөгү унаанын арткы эки дөңгөлөгү күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
6. 5-ӨКБ

1 б

1 13:10 жеткенге чейин 13:30   Аламүдүн району, Беш-Күнгөй айылы, ачык аянтта куураган чөп күйүп жатат деген маалымат түшкөн. Өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн.
7. 15-ӨКБ

1 б

1 13:49 13:58 14:06 14:23 14:35   Москва району, Беловодск айылы, Серов көчөсү №9, бастырманын  50 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
8. 24-ӨКБ

1 б

1 14:42 15:04 15:32 18:30 19:00   Чүй району, Шамшы айылы, Ахунбаев көчөсү №35, ачык аянтта 800 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ
9. 27-ӨКБ

1 б

1 16:48 17:00 17:18 18:58 19:27   Ысык-Ата району, Хунчи айылы, Гагарина көчөсү №16, бастырманын чатыры толугу менен, жалпы аянты 50 чарчы метр жана 400 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ
10. 2-ӨКБ

1 б

1 20:31 20:45 22:05 22:20 22:40   Панфилов району, Каптал-Арык айылы, ачык аянтта чабылган 30га эгин тааласы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Жалал-Абад облусу

11. 20-ӨКБ

1 б

1 09:42 09:50 09:51 10:10 10:52   Сузак району, Таш-Булак айыл аймагы, Т.Козуев көчөсү №25, аянты 12 сотык болгон куураган чөп толугу менен  күйгөн.  Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
12. 59-ӨКБ

1 б

1 11:50 12:01 12:04 12:22 12:52   Сузак району, Багыш айыл аймагы, Беш-Бала айылы, Сары-Болуш көчөсү №72, жыгач устундуу шифер менен жабылган 2 кабаттуу  мал сарайдын 12 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: отко этиятсыздык мамиле кылуу. 1ствБ
13. 20-ӨКБ

1 б

1 14:54 14:56 14:58 15:55 16:02   Жалал-Абад шаары, Западный көчөсү №4, жыгач устундуу шифер менен жабылган бастырманын 9 чарчы метр чатыры жана 40 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: электр ширетүү иштеринде өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу. 1ствБ
14. 79- ӨКБ

1 б

1 23:34 23:57 00:05 00:30 05:50   Чаткал району, Терек-Сай айыл аймагы, участок Ак-Терек, оор жүк ташуучу фура автоунаасынын 4чарчы метр борту күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
15. 70-ӨКБ

1 б

1 05:27 05:37 06:43 07:45 08:20   Аксы району, Кербен шаары, Зиядинова көчөсү №3, шифер менен жабылган сарайдын 120 чарчы метр чатыры, жана 400 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда 2ствБ

Баткен облусу

16. 62-ӨКБ

1 б

1 16:11 16:16 жеткенге чейин 17:09   Кызыл-Кыя шаары, Южный кичи району, Ключевой  көчөсү, ачык аянтта таштанды күйгөн. Өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн.

Ош облусу

17. 53-ӨКБ

1 б

1 18:28 18:38 18:45 19:12 19:32   Өзгөн району, Өзгөн шаары, Гапаров көчөсү, ачык аянтта 80 сотык куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда кол каражат

Куткаруу кызматтары тарабынан 9 чыгуу болгон.

Бишкек шаары

Биринчи Май районунда 2020-жылдын 15-сентябрь саат 09:25те КР ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары Волков көчөсүндө жайгашкан №151 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Биринчи Май районунда 2020-жылдын 15-сентябрь саат 16:10до  Рыскулов көчөсүндө жайгашкан №95 көп кабаттуу турак үйдүн жашоочусу (аты-жөнү такталууда) 5-кабаттын терезесине чыгып, өз жанын кыюуга аракет кылган.

Жерине КР ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары тартылып, жаранды жерге түшүрүп, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

 

Ош шаары

2020-жылдын 15-сентябрь саат 18:42де Адышов көчөсүндө жайгашкан №18 турак үйдүн короосунда жылан бар экендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жерине  КР ӨКМнин Ош шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары тартылып, жыланды үйдүн ичинен чыгарып беришкен.

 

Чүй облусу

Аламүдүн районунда 15-август күнү «Теплые ключи» эс алуу жайында Аламүдүн суусуна 1994-жылы туулган кыз түшүп кеткен.

15-сентябрь күнү издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМнен жалпы 22 куткаруучу тартылды.

16-сентябрь күнү издөө иштери улантылат.

Аламүдүн районунда 15-сентябрь күнү саат 15:35 чамасында Ала-Арча суу сактагычына болжол менен 30-35 жаштагы аял киши (аты-жөнү такталууда) чөгүп кеткен.

Жерине КР ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары тартылып, маркумдун жансыз денесин суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Нарын облусу

Кочкор районунда 7-август күнү Теңдик айылында Чу дарыясына 2013-жылы туулган кичине бала чөгүп кеткен.

15-сентябрь күнү издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМден 6 куткаруучу  тартылды.

16-сентябрь күнү издөө иштери улантылат.

Жалал-Абад облусу

Ноокен районунда 15-сентябрь күнү  саат 09:27де Сакалды айылынын тургуну 1976-жылы туулган киши насостук станциянын башына чыгып, өз жанын кыюуга аракет кылган.

Жерине Нокеен райондук №55 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылып, жаранды станциянын башынан түшүршүп, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ош облусу

Ноокат районунда 14-сентябрь күнү Ак-Терек-Папан-Кожокелен унаа жолунун 40-чакырымында (Күндү-Дөбө айылы) “Хюндай-Портер” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен.

Унаада 3 адамдын ичинен бирөөсү аман калып (1974-жылы туулган), 2 жаран (1956-жылы туулган эркек киши жана 2016-жылы туулган жаш бала) сууга түшүп кеткен. 15-сентябрь күнү издөө иштерин жүргүзүү үчүн  КР ӨКМден 17 куткаруучу тартылды.

16-сентябрь күнү издөө иштери улантылат.

Баткен облусу

Сүлүктү шаарында 15-сентябрь күнү саат 18:25те ЖЧК “Кызыл-Булак” шахтасында өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине  КР ӨКМнин №1 өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары тартылып, өрттү өчүрүп беришкен.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here