Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды

0
32 просмотров

Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2020-жылдын 16-сентябрь саат 05:14тө Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Ош облусунун Өзгөн районунун Шоро-Башат, Жийде, Жыланды, Калта жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Чангет айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here