2020-жылдын 17-сентябры саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
101 просмотров

 Шашылыш билдирүү!

2020-жылдын 17-сентябрында күндүз жана 18-19-сентябрларында мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо жаан карга айланышы, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы кескин төмөндөп: 18-19-сентябрларда Чүй облусунун өрөөнүндө түнкүсүн 4…9°, күндүз 14…19°, тоо этектеринде түнкүсүн 1….6°, күндүз 10…15°, Талас облусунун өрөөнүндө түнкүсүн 2…7°, күндүз 11…16°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 9…14°, күндүз 18…23°, тоо этектеринде түнкүсүн 4…9°, күндүз 15…20°, Ысык-Көл ойдуңунда жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 3…8°, күндүз 12…17° жылуу, тоолуу райондордо түнкүсүн -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин, күндүз 6…11° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4…-9° суук, күндүз -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин болушу күтүлөт.

20-21-сентябрларда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй облусунун тоо этектеринде кээ бир райондордо 0…-2° үшүк жүрүшү күтүлөт.

 Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

КР ӨКМги тарабынан адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2020-жылдын 15-сентябрь күнү №02-34/640-Т телефонограммасы чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө жеткирилген. Ошондой эле, КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборуу тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

 

2020-жылдын 17-сентябрь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда,  Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда,  Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт,  Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаары 

Ленин районунда 2020-жылдын 16-сентябрь күнү саат 22:23 чамасында Жал кичи районунун Тыналиев көчөсүндө жайгашкан №3/3/4 дарегинде жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн өрт чыккан. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 400 чарчы метр.

Өрттөн жабыркаган жана каза болгон адамдар жок.

Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнен Штаб, Биринчи Май райондук №4 ӨКБдан 2 бөлүм, Ленин райондук №6 ӨКБдан 1 бөлүм, Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1 бөлүм, Ленин райодук №8 АӨКБдан 1 суу ташуучу унаа, Ленин райондук №8 АӨКБдан АКП (Автошаты) унаасы, тез жардам кызматынан 1 бригада жана ИИМден 25 кызматкер тартылган.

Тартылган күчтөрдүн жардамында өрт саат 23:52де чектөөгө алынып, саат 00:13тө толук өчүрүлгөн.

Өрттүн кесепетинен имараттын 400 чарчы метр курулуш буюмдары күйгөн. Келтирилген материалдык чыгымдар жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Чүй облусу

Ысык-Ата районунда 2020-жылдын 16-сентябрь күнү саат 17:11 чамасында Новопокровка айылынын Ленин көчөсүндө жайгашкан №382 үйүнүн бастырмасы жана гаражы күйгөн. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 150 чарчы метр.

 Өрттөн жабыркаган жана каза болгон адамдар жок.

Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин Ысык-Ата райондук №27 ӨКБдан 2 бөлүм, Свердлов райондук №3 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган.

Тартылган күчтөрдүн жардамында өрт саат 18:28де чектөөгө алынып, саат 19:41де толук өчүрүлгөн. Келтирилген материалдык чыгымдар жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 32 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 42 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

Катар №

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Бишкек шаары

1.     1. 28-ӨКБ

1 б

1 15:49 15:58 16:08 16:13 16:58 Ленин  району,  Масалиев жана Бакаев көчөлөрүнүн кесилишинде ачык аянтта 50 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

кол каражат

2.       5-ӨКБ

1 б

1 17:08 17:18 жеткенге чейин 17:45 Октябрь району, Койбагаров көчөсү №39, “Фольксваген Гольф-2” үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.
3.       5-ӨКБ

1 б

1 19:59 20:12 20:21 20:37 21:19 Октябрь району, И.Ахунбаев 1а/2, “Гареев” атындагы бакчанын аймагында 760  чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

 

4.       4-ӨКБ

1 б

1 б

5-ӨКБ

6-ӨКБ

8- ӨКБ (Водовоз)

АКП

штаб

1 22:23

 

22:30

23:12

 

23:19

 

22:43

23:07

22:43

22:29

 

22:49

23:27

 

23:34

 

22:55

23:24

22:53

23:52 01:13 01:45

 

01:40

01:30

 

01:36

 

01:20

01:23

01:55

Ленин району, Джал кичи району, Тыналиев көчөсү №3/3/4, жаңы курулуп жаткан 15 кабаттуу үйдүн, 14-кабатында 400 чарчы метр жыгач калпы, ширетүү аппараттары күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 3ствБ
5.       5-ӨКБ

1 05:20 жеткенге чейин 06:39 101 Октябрь району, 11-кичи району, экскаватор күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.

Чүй облусу

6.     2. 6-ӨКБ

1 б

1 10:53 11:16 11:42 11:54 12:34 Сокулук району, Күн-Туу айылы, Молдосанов көчөсү, сарайдын ичинде 10 чарчы метр кык, таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
7.       23-ӨКБ

1 б

1 12:47 13:48 13:58 14:04 15:45 Сокулук району, Октябрь айылы, Турдубаев көчөсү №3а, аянты 35 чарчы метр мончо жана бастырма күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
8.       24-ӨКБ

1 б

1 13:05 13:24 14:36 16:40 17:17 Чүй району, Интернат айылы, ачык аянтта 300 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
9.       7-ӨКБ

1 б

8-ӨКБ

1 б

1 13:47

 

14:19

13:55

 

15:04

15:01 18:10 19:20

 

 

Сокулук району, Жаңы-Жер айылы, Мичурин көчөсү №13, аянты 240 чарчы метр сарай жана 1000 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
10.                         21-ӨКБ

1 б

1 14:50 15:01 15:32 16:04 16:21 Токмок шаары, Вин Совхоз айылы, ачык аянтта 1 га  куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
11.                         5-ӨКБ

1 б

1 15:41 16:00 16:10 16:40 17:00 Кемин району, Орловка шаары, Свердлов көчөсү №31, ачык аянтта 1 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
12.                         27-ӨКБ

1 б

1 б

7-ӨКБ

1 б

1 17:12

 

17:22

17:58

17:25

 

17:38

18:16

 

 

18:28

 

 

 

19:41 20:15

 

19:34

19:26

Ысык-Ата району, Новопокровка айылы, Ленин көчөсү №382, жалпы аянты 150 чарчы метр турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 3ствБ
13.                         27-ӨКБ

1 б

 

1 20:24 20:35 жеткенге чейин 21:10 Ысык-Ата району, Кант шаары, Крупская көчөсү №26, электр мамычасы күйгөн. Өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн. Өрттүн себеби: такталууда.
14.                         28-ӨКБ

1 б

 

1 21:10 жеткенге чейин 21:47 Сокулук району, Джал айылы, ачык аянтта куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.
15.                         5-ӨКБ

1 б

1 02:28 02:40 02:48 03:03 03:32 Аламүдүн району, Көк-Жар айылы, Акматов көчөсү, “Мерседес-Бенц Спринтер 315” үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн.  Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Жалал-Абад облусу

16.                       6. 20-ӨКБ

1 б

1 09:54 10:00 10:03 10:18 10:48 Жалал-Абад шаары, Ленин көчөсү,  “Двойняшки” кондитердик азыктар дүкөнүндө таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
17.                       7 65-ӨКБ

1 б

1 11:50 12:01 12:08 13:16 13:38 Сузак району, Ырыс айыл аймагы, Тооке айылы, А.Базарбаев көчөсү №18, жыгач устундуу шифер жабылган эки кабаттуу сарайдын 62  чарчы метр чатыры толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: отко этиятсыздык кылуу. 1ствБ
18.                         55-ӨКБ

1 б

1 14:20 14:26 14:30 15:00 15:41 Ноокен району, Маасы айыл аймагы, Саймаала айылы, Ж.Эшенгулов көчөсү, ачык аянтта 3 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: отко этиятсыздык кылуу. 1ствБ
19.                         20-ӨКБ

1 б

1 14:52 15:00 15:02 15:27 16:39 Сузак району, Ырыс айылы, Спортивный көчөсү №5, жыгач устундуу шифер жабылган 2 кабаттуу бастырма 20 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда 1ствБ
20.                         80-ӨКБ

1 б

1 18:37 18:40 18:42 19:35 19:50 Чаткал району, Сумсар айыл аймагы, Сумсар айылы, Набережный көчөсү №4, сарайдын ичинде 40 боо жыйылган чөп жана 3  чарчы метр  таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
21.                         94-ӨКБ

1 б

1 21:48 21:52 21:55 23:10 23:20 Кара-Көл шаары, Ак-Кыя көчөсү №2, жолдун жээгинде “Фольксваген Гольф” үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1 ствБ
22.                         94-ӨКБ

1 б

1 00:55 01:02 01:06 01:35 01:57 Кара-Көл шаары, Ак-Кыя көчөсү №51, аянты 20  чарчы метр сарай толугу менен күйгөн.  Өрттүн себеби: такталууда. 1 ствБ
23.                         70-ӨКБ

1 б

1 01:50 02:51 03:02 04:05 05:21 Аксы району, Кара-Жыгач айыл аймагы, Сыны айылы, Насылдаев   көчөсү №2, аянты  72 чарчы метр сарай толугу менен  жана 1200 кг чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1 ствБ

Ош облусу

24.                         13-ӨКБ

1 б

1 10:29 10:36 10:43 11:27 11:46 Кара-Суу району, Нариман айыл аймагы, Жаңы-Кыштак айылы, Назир-Ата көчөсү №4, жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 25 чарчы метр чатыры жана 28 чарчы метр шыбы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ
25.                         68-ӨКБ

1 б

1 16:38 17:24 17:34 18:58 20:12 Алай району, Ленин айыл аймагы, Күн-Элек айылы, ачык аянтта 1,5 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. кол каражат
26.                         53-ӨКБ

1 б

1 17:42 17:54 18:50 19:07 19:40 Өзгөн району, Кароол айыл аймагы, Шералы айылы, ачык аянтта 20  чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. кол каражат
27.                         25-ӨКБ

1 б

1 18:52 19:02 19:10 19:39 19:50 Кара-Суу району, Ак-Таш айыл аймагы, Жыл-Келди  айылы, мүрзөнүн аймагында ачык аянтта 3  чарчы метр   куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. кол каражат
28.                         53-ӨКБ

1 б

1 20:15 20:38 20:58 21:59 22:40 Өзгөн району, Жылалды айыл аймагы, Красный Маяк айылы, ачык аянтта 40  чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. кол каражат

Баткен облусу

29.                         24-ӨКБ

1 б

1 20:36 20:48 жеткенге чейин 21:27 Баткен шаары, Тургуналы Сыдыков көчөсү №55, электр мамычасы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.

Нарын облусу

30.                         43-ӨКБ

1 б

1 14:19 14:57 15:07 16:14 17:07 Жумгал району, Байзак айылы,  Терек-Ойдо участкасында 24 түк жыйылган саман күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Ысык-Көл облусу

31.                         15-ӨКБ

1 б

1 б

39-ӨКБ

1 б

1 16:43

 

16:44

 

16:57

16:51

 

16:52

 

17:08

17:45 20:20 18:36

 

20:40

 

19:25

Каракол шаары, В. Ленина көчөсү №317/1 сарайдын ичинде 500 түк жыйылган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
32.                       36 36-ӨКБ

1 б

 

1 03:20 03:34 03:40 03:50 04:20 Жети Өгүз району, Дархан айылы, Бейшен Аманкулов көчөсү №8,  “Ауди-100”  үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

 

Куткаруу кызматтары тарабынан 9 чыгуу болду:

Бишкек шаары

Октябрь районунда 17-сентябрында саат 01:35до КР ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары Б.Исакеев көчөсүндө жайгашкан №15 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Ош шаары

16-сентябрында саат 10:35те А.Масалиев көчөсүндө жайгашкан №18 үйүнүн батиринде суу түтүгү жарылып, суу каптагандыгы тууралуу маалымат түшкөн. КР ӨКМнин Ош шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары 4 куткаруучу тартылып сууну токтотуп беришкен.

16-сентябрында саат 15:20да КР ӨКМнин Ош шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары Н.Исанов көчөсүндө жайгашкан №21 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Чүй облусу

Аламүдүн районунда 15-август күнү «Теплые ключи» эс алуу жайында Аламүдүн суусуна 1994-жылы туулган кыз түшүп кеткен.

16-сентябрь күнү издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМнен жалпы 16 куткаруучу тартылды.

17-сентябрь күнү издөө иштери улантылат.

Ысык-Ата районунда 16-сентябрь күнү саат 16:08де Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунун 47-чакырымында (Кең-Булун айылы) “Mazda 626” жана “Seat” үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын кесепетинен 1 жаш бала (аты-жөнү такталууда) каза болуп, 4 адам жабыркаган (1986-жылы туулган, 1993- жылы туулган, 1985- жылы туулган — эркек адамдар, 1960- жылы туулган аял киши).

КР ӨКМнин №21 өртө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жеткенге чейин каза болгон баланын жансыз денесин тез жардам кызматы алып кеткен, ал эми жабыркагандарды куткаруучулар унаадан чыгарышып тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Нарын облусу

Кочкор районунда 7-август күнү Теңдик айылында Чу дарыясына 2013- жылы туулган бала чөгүп кеткен.

16-сентябрь күнү издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМден  КР ӨКМнин №42 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары  тартылды.

17-сентябрь күнү издөө иштери улантылат.

Ош облусу

Ноокат районунда 14-сентябрь күнү Ак-Терек-Папан-Кожокелен унаа жолунун 40-чакырымында (Күндү-Дөбө айылы) “Hyundai Porter” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен. Унаада 3 адамдын ичинен бирөөсү аман калып (1974-жылы туулган), 2 жаран (1956-жылы туулган эркек киши жана 2016-жылы туулган жаш бала) сууга түшүп кеткен.

16-сентябрь күнү издөө иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМден 33 куткаруучу тартылды.

17-сентябрь күнү издөө иштери улантылат.

Кара-Суу районунда 16-сентябрь күнү  саат 16:20да Нариман айылында каналда 2004-жылы туулган кыздын жансыз денеси жаткан.

Жерине  КР ӨКМнин №102 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн  куткаруучулары тартылып, жансыз денени суудан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Баткен облусу

Сүлүктү шаарында 16-сентябрь күнү  саат 17:15те ЖЧК “Кызыл-Булак” шахтасында өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине  КР ӨКМнин №1 өзүнчө мобилдштирилген тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары тартылып, өрттү өчүрүп беришкен.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here