Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунун 47-чакырымында жол кырсыгынан 1 адам каза болуп, 4 адам жабыркады

0
69 просмотров

Ысык-Ата районунда 16-сентябрь күнү саат 16:08де Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунун 47-чакырымында (Кең-Булун айылы) “Mazda 626” жана “Seat” үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын кесепетинен 1 жаш бала (аты-жөнү такталууда) каза болуп, 4 адам жабыркаган (1986-жылы туулган, 1993- жылы туулган, 1985- жылы туулган — эркек адамдар, 1960- жылы туулган аял киши).

КР ӨКМнин №21 өртө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жеткенге чейин каза болгон баланын жансыз денесин тез жардам кызматы алып кеткен, ал эми жабыркагандарды куткаруучулар унаадан чыгарышып тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы.

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here