Ысык-Ата районунда турак үйдүн бастырмасы жана гаражы күйдү

0
52 просмотров

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда 2020-жылдын 16-сентябрь күнү саат 17:11 чамасында Новопокровка айылынын Ленин көчөсүндө жайгашкан №382 үйүнүн бастырмасы жана гаражы күйгөн. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 150 чарчы метр.

Өрттөн жабыркаган жана каза болгон адамдар жок.

Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин Ысык-Ата райондук №27 ӨКБдан 2 бөлүм, Свердлов райондук №3 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган.

Тартылган күчтөрдүн жардамында өрт саат 18:28де чектөөгө алынып, саат 19:41де толук өчүрүлгөн. Келтирилген материалдык чыгымдар жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here