2020-жылдын 18-сентябры саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
107 просмотров

Шашылыш билдирүү!

2020-жылдын 18-19-сентябрында мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо жаан карга айланышы, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

 Абанын температурасы кескин төмөндөп: 18-19-сентябрларда Чүй облусунун өрөөнүндө түнкүсүн 4…9°, күндүз 14…19°, тоо этектеринде түнкүсүн 1….6°, күндүз 10…15°, Талас облусунун өрөөнүндө түнкүсүн 2…7°, күндүз 11…16°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 9…14°, күндүз 18…23°, тоо этектеринде түнкүсүн 4…9°, күндүз 15…20°, Ысык-Көл ойдуңунда жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 3…8°, күндүз 12…17° жылуу, тоолуу райондордо түнкүсүн -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин, күндүз 6…11° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4…-9° суук, күндүз -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин болушу күтүлөт.

20-21-сентябрларда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй облусунун тоо этектеринде кээ бир райондордо 0…-2° үшүк жүрүшү күтүлөт.

 Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

КР ӨКМги тарабынан адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2020-жылдын 15-сентябрь күнү №02-34/640-Т телефонограммасы чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө жеткирилген. Ошондой эле, КР ӨКМнин алдындагы ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.  

2020-жылдын 18-сентябрь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаашы, тоолуу райондордо жаан, кар, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 25 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 28 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

Катар №

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Бишкек шаары

1.     1. 4-ӨКБ

1 б

1 13:45 жеткенге чейин 14:25 Ленин району, Жал-29 кичи району, ачык аянтта 10 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
2.       28-ӨКБ

1 б

1 10:51 10:57 11:00 11:54 12:01 Октябрь  району, Ч.Айтматов жана  Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде ачык аянтта 0,6 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
3.       4-ӨКБ

1 б

5-ӨКБ

1 б

1 16:15

 

16:33

16:43

 

16:47

17:00 17:10 17:40

17:39

Октябрь району, Ч.Айтматов  проспекти, ачык аянтта 3 га  куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

 

4.       6-ӨКБ

1 б

1 21:12 21:26 21:36 21:50 22:07 Ленин району, Ак-Ордо конушу, ачык аянтта 500 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Ош шаары

5.       12-ӨКБ

1 б

1 10:20 10:22 10:23 10:28 11:06 Курманжан-Датка көчөсү, жолдун боюнда “Hyundai-Nexia” үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Чүй облусу

6.       23-ӨКБ

1 б

АКУ

2 кут

1 08:25

 

 

11:41

08:55

 

 

11:56

10:51  

 

 

17:20

13:15

 

 

18:20

Сокулук району, 1-Май айылы, Строительный дачасы, короодо 1000 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
7.       15-ӨКБ

1 б

1 б

1 13:50

 

14:18

13:57

 

14:26

14:39 15:35 16:30

 

15:18

Москва району, Беловодск айылы, Пионер көчөсү №23, жыгач устундуу тунуке жабылган сарайдын 75 чарчы метр чатыры жана 100 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ
8.       1-ӨКБ

1 б

1 14:25 14:35 14:41 14:54 15:00 Аламүдүн району, Луговое айылы, Светлый көчөсү №1, короодо “Ауди-80” үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
9.       7-ӨКБ

1 б

1 16:03 17:20 17:43 18:32 19:30 Сокулук району, Жаңы-Пахта айылы, Больничный көчөсү №10/8,  короодо 200 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
10.                         28-ӨКБ

1 б

1 15:16 15:30 16:52 17:58 18:21 Аламүдүн району, Арашан айылы, ачык аянтта 15 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
11.                         5-ӨКБ

1 б

1 16:55 17:07 17:25 17:45 17:55 Кемин району, Кызыл-Октябрь айылы, Шаповалов көчөсү №21, короодо 10 сотык куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
12.                         6-ӨКБ

1 б

1 21:39 жеткенге чейин 21:55 Сокулук району, Селекция айылында орто мектебинин чатыры күйгөн.  Өрттүн себеби: такталууда. 
13.                         23-ӨКБ

1 б

1 00:33 01:00 01:05 01:15 01:45 Сокулук району, Совхоз-Фрунзе айылы, Юбилейный көчөсүндө электр мамычасы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Ысык-Көл облусу

14.                         39-ӨКБ

1 б

1 14:14 14:30 14:54 16:20 16:50 Ак-Суу району, Ичке-Жергез айылы, Алыбек-Бий көчөсү №38, жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 72 чарчы метр чатыры жана 200 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 4ствБ
15.                         15-ӨКБ

1 б

1 15:58 16:05 16:10 16:19 16:47 Каракол шаары, Валиханов көчөсү, мал базардын аймагында 6 чарчы метр дүкөнчө толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
16.                         31-ӨКБ

1 б

1 15:58 16:14 16:59 23:58 00:46 Ысык-Көл району, Кожояр айылы, Кожояр көчөсү №84, короодо 1700 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
17.                         15-ӨКБ

1 б

1 22:26 22:30 22:53 23:26 00:15 Каракол шаары, Крутиков көчөсү №28, жалпы аянты 36 чарчы метр вагон күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.   1ствБ
18.                         15-ӨКБ

1 б

1 23:47 23:54 23:57 00:03 00:15 Каракол шаары, Торгоев жана К. Маркс көчөлөрүнүн кесилишинде 2 чарчы метр таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Талас облусу

19.                         17-ӨКБ

1 б

1 22:59 23:01 23:17 23:22 23:28 101 Талас шаары, Огомбаев көчөсүндө электр мамычасы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Жалал-Абад облусу

20.                         73-ӨКБ

АКУ

4 кут

1 18:40 19:01 19:03 19:13 19:17 Ала-Бука району, Актам айыл аймагы, Ала-Бука-Кербен унаа жолунун 3-чакырымында, ачык аянтта 40 сотык куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. кол каражат
21.                         78-ӨКБ

1 б

1 20:32 21:07 21:24 22:24 23:04 Базар-Коргон району, Акман айыл аймагы, Акман айылы, Көлмө тилкеси, ачык аянтта 4,5 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Ош облусу

22.                         53-ӨКБ

1 б

1 б

1 14:51

 

14:52

15:00

15:03 17:15 17:37

15:55

14:43

Өзгөн району, Жазы айыл аймагы, Жээренчи айылы, Асматов көчөсү №17, жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 99 чарчы метр чатыры жана 35 түк чөп күйгөн.  Өрттүн себеби: такталууда.

1ствБ
23.                         104-ӨКБ

1 б

1 12:53 13:22 13:27 14:00 14:55 Ноокат району, Нариман айыл аймагы, Нариман айылы, ачык аянтта 50 сотык куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
24.                         53-ӨКБ

1 б

1 б

1 01:05

 

01:41

01:20

 

02:05

02:23  

 

03:25

Өзгөн району, Мырзаке айыл аймагы, Коммунист айылы, короодо 1000 түк чөп күйүп жатат. Азыркы учурда өрттү өчүрүү иштери жрп жатат.

Баткен облусу

25.                         74-ӨКБ

1 б

1 16:00 16:22 17:40 19:57 15:19 Лейлек району, Ак-Суу айылы, Коргон-Сай көчөсү  №78, жыгач устундуу тунуке менен жабылган турак үйдүн 160 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Куткаруу кызматтары тарабынан 7 чыгуу болду:

Бишкек шаары

Ленин районунда 2020-жылдын 17-сентябрь күнү саат 14:14тө КР ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары Москва көчөсүндө жайгашкан №268/1 үйдүн 4-батиринин бекилип калган эшигин ачууга чыгышкан, бирок куткаруучулар жеткенге чейин үй ээси эшигин өзү ачып алган.

Октябрь районунда 2020-жылдын 18-сентябрь күнү түнкү саат 02:30 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Асанбай кичи районунда жайгашкан №3 көп кабаттуу турак үйдүн подъездин суу каптаган.

Жерине КР ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары тартылып, суунун нугун буруп тазалап беришкен.

Ош  шаары

2020-жылдын 18-сентябрь күнү КР ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары М.Алымбеков көчөсүндө жайгашкан №1А үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Чүй облусу

Аламүдүн районунда 15-август күнү «Теплые ключи» эс алуу жайында Аламүдүн суусуна 1994-жылы туулган кыз түшүп кеткен.

17-сентябрь күнү издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМнен жалпы 14 куткаруучу тартылды.

18-сентябрь издөө иштери улантылат.

Нарын облусу

Кочкор районунда 7-август күнү Теңдик айылында Чу дарыясына 2013-жылы туулган бала чөгүп кеткен.

17-сентябрь күнү издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМнин №42 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылды.

 18-сентябрь издөө иштери улантылат.

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда оор жүк ташуучу унаа  оодарылып кетти

Нарын облусунун Кочкор районунда 2020-жылдын 17-сентябрь күнү саат 10:10до Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 286-чакырымында (Долон ашуусу) “Volvo” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып оодарылып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 2 эркек киши жабыркаган (аты-жөндөрү такталууда).

Жерине  КР ӨКМнин №42 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары жеткенге чейин, жабыркаган адамдар жолдон өткөн унаалар аркылуу Кочкор райондук ооруканасына жеткирилген. 

Ак-Буура дарыясында куткаруучулар издөө иштерин улантууда

Ош облусунун Ноокат районунда 14-сентябрь күнү Ак-Терек-Папан-Кожокелен унаа жолунун 40-чакырымында (Күндү-Дөбө айылы) “Hyundai Porter” үлгүсүндөгү унаа жол кырсыктын кесепетинен Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен. Унаадагы 3 адамдын ичинен 2 адам (1956-жылы туулган эркек киши жана 2016-жылы туулган жаш бала) сууга чөгүп кеткен.

17-сентябрь күнү издөө иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМнен жалпы 19 куткаруучу тартылып, саат 16:00дө 1956-жылы туулган кишинин жансыз денесин суудан табышып, туугандарына өткөрүп беришкен.

18-сентябрь күнү (жаш баланы) издөө иштери  улантылууда.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here