Ак-Буура дарыясында куткаруучулар издөө иштерин улантууда

0
64 просмотров

Ош облусунун Ноокат районунда 14-сентябрь күнү Ак-Терек-Папан-Кожокелен унаа жолунун 40-чакырымында (Күндү-Дөбө айылы) “Hyundai Porter” үлгүсүндөгү унаа жол кырсыктын кесепетинен Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен. Унаадагы 3 адамдын ичинен 2 адам (1956-жылы туулган эркек киши жана 2016-жылы туулган жаш бала) сууга чөгүп кеткен.

17-сентябрь күнү издөө иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМнен жалпы 19 куткаруучу тартылып, саат 16:00дө 1956-жылы туулган кишинин жансыз денесин суудан табышып, туугандарына өткөрүп беришкен.

18-сентябрь күнү (жаш баланы) издөө иштери  улантылууда.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here