Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда оор жүк ташуучу унаа  оодарылып кетти

0
65 просмотров

Нарын облусунун Кочкор районунда 2020-жылдын 17-сентябрь күнү саат 10:10до Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 286-чакырымында (Долон ашуусу) “Volvo” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып оодарылып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 2 эркек киши жабыркаган (аты-жөндөрү такталууда).

Жерине  КР ӨКМнин №42 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары жеткенге чейин, жабыркаган адамдар жолдон өткөн унаалар аркылуу Кочкор райондук ооруканасына жеткирилген.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here