2020-жылдын 21-сентябры саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
95 просмотров

Шашылыш билдирүү!

2020-жылдын 21-сентябрында түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй облусунун тоо этектеринде кээ бир райондордо 0…-2° үшүк жүрүшү күтүлөт.

 Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

КР ӨКМнин тарабынан адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2020-жылдын 15-сентябрь күнү №02-34/640-Т телефонограммасы чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө жеткирилген. Ошондой эле, КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

 

2020-жылдын 21-сентябрь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 9 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

Катар №

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт

Билдирүү жолу

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Чүй облусу

1.       27-ӨКБ

1 б

1 10:38 10:46 10:58 11:20 12:10   Ысык-Ата району, Хунчи айылы, Ленин көчөсүндө “MAN” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын салону толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. 1ствБ

 

2.       28-ӨКБ

1 б

1 13:48 14:02 14:45 14:51 15:06   Аламүдүн району, Байтик айылы, мүрзөнүн аймагында 1 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

кол каражат

 

3.       22-ӨКБ

1 б

1 16:43 16:50 17:15 18:25 18:40   Жайыл району, Алексеевка айылы, Молодежный көчөсү №35, сарайдын 40 чарчы метр аянты, 30  чарчы метр бастырма жана 400 түк саман күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Ысык-Көл облусу

4.       15-ӨКБ

1 б

1 б

1 15:14

 

15:18

15:19

 

15:23

15:24 15:53 16:28

 

15:48

  Каракол шаары, Пржевальск көчөсү №83, сарайда жыйылган 25 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Ош облусу

5.       53-ӨКБ

1 б

1 20:30 20:41 20:43 21:00 21:30   Өзгөн району, Бишкек-Ош унаа жолунун 601-чакырымында (Шоро-Башат айылы) «Хюндай-Портер» унаасы «Дэу-Ланос» унаасын артынан келип сүзгөн жана “Дэу Ланос” унаасынан өрт чыккан. Кырсыктын кесепетинен 5 адам (аты-жөндөрү такталууда) ар кандай жаракат алган. Жабыркагандар Өзгөн райондук ооруканасына жолдо бараткан унаалардын жардамында жеткирилген. 1ствБ
6.       12-ӨКБ

1 б

1 03:59 04:05 04:14 04:47 05:20   Кара-Суу району, Кызыл-Кыштак айыл аймагы, Кызыл-Кыштак айылы, Б.Осмонов көчөсү №35, унаа оңдоочу жайда аянты 42 чарчы метр уктоочу бөлмө жана “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү жеңил унаанын  алдыңкы бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ

Жалал-Абад облусу

7.       56-ӨКБ

1 б

1 02:07 02:12 02:22 04:30 04:48   Ноокен району, Шамалды-Сай шаарчасы, Шамалды-Сай айылы, Келечек көчөсү №33, жыгач устундуу темир жабылган “Ак-Жубас” жеке ишканасында 90 чарчы метр кампанын чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
8.       70-ӨКБ

1 б

1 05:27 06:05 06:10 06:53     Аксы району, Кашка-Суу айыл аймагы, Тосун айылы, токой чарбага тиешелүү аянты 40 чарчы метр турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Куткаруу кызматтары тарабынан 4 чыгуу болду:

Жалал-Абад облусу

Жалал-Абад шаарында 21-сентябрь күнү саат 16:43тө  КР ӨКМнин №58 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары Спутник кичи районунда жайгашкан №16 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Чүй облусу

Аламүдүн районунда 15-август күнү “Теплые ключи” эс алуу жайында Аламүдүн суусуна 1994-жылы туулган кыз түшүп кеткен.

20-сентябрь күнү издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМнен жалпы 20 куткаруучу тартылды.

21-сентябрь күнү издөө улантылат.

Нарын облусу

Кочкор районунда 7-август күнү Теңдик айылында Чу дарыясына 2013-жылы туулган бала чөгүп кеткен.

20-сентябрь күнү издөө иштерин улантуу максатында  КР ӨКМнин №42 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылды

21-сентябрь күнү издөө улантылат.

Ош облусу

Ноокат районунда 14-сентябрь күнү Ак-Терек-Папан-Кожокелен унаа жолунун 40-чакырымында (Күндү-Дөбө айылы) жол кырсыктын кесепетинен “Hyundai Porter” үлгүсүндөгү унаа Ак-Буура дарыясына түшүп кетип, унаадагы 2016-жылы туулган жаш бала сууга чөгүп кеткен.

20-сентябрь күнү издөө иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМнин 17 куткаруучу тартылды.

21-сентябрь күнү издөө улантылат.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы.

 

                      

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here