2020-жылдын 22-сентябры саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
121 просмотров

22-сентябрь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы

Тоолуу райондордо жаан, кар, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  2. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

Маалымат үчүн

Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарын, тыгындарын алдын алуу жана болтурбоо максатында 2020-жылдын 21-сентябрь күнү саат 20:00дөн тартып Жайыл районунун «Сосновка» постунда жана Токтогул районунун «Арал» постунда күйүүчү май ташыган оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген.

2020-жылдын 22-сентябрь күнү саат 06:00дө “Сосновка” жана “Арал” постторунда убактылуу киргизилген чектөө алынган.

  • КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Сутка ичинде республиканын аймагында 9 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 8 бөлүм тартылган. Куткаруу кызматтары тарабынан 7 чыгуу болгон.

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Бишкек шаары

1.       5-ӨКБ

1 б

1 12:54 13:07 13:14 13:18 13:50 0772572794 Октябрь районуМайрам көчөсү №57. Үйдүн жанында эки даана бак күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

Чүй облусу

2.       2-ӨКБ

1 б

1 13:08 13:38 14:25 14:30 14:56 0555180674 Панфилов району, Чалдовар айылы, ачык аянтта 4 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
3.       5-ӨКБ

АКУ (5кут)

1 14:48 15:45 жолдон кайтуу 18:45 Кемин району,  Орловка шаары, тоонун боорунда куураган чөп күйгөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Өрт катталган жерге баруу мүмкүнчүлүгү жоктугуна байланыштуу куткаруучулар кайтып келишкен.
4.       5-ӨКБ

1 б

1 16:10 16:28 17:10 17:15 17:25 0501201012 Кемин району, Кашкелең айылы, Эгинбаев көчөсү. Ачык аянтта 1 га куураган чөп жана таштанды күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.  1ствБ

Ысык-Көл облусу

5.       15-ӨКБ

1 б

1 17:59 18:13 19:30 21:20 21:55 0394891143 Ак-Суу району, Бөрү-Баш айылы, короодо 480 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

Нарын облусу

6.       45-ӨКБ

1 б

1 15:35 15:37 16:20 17:30 18:27 0552010726 Жумгал району, Байзак айылы, Бокчубаев көчөсү №183. Короодо 380 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: отко этиятсыз мамиле кылуу. 1ствБ

Жалал-Абад облусу

7.       65-ӨКБ

1 б

1 08:50 08:55 09:16 10:07 10:14 0559090983 Сузак району, Сузак а/а, Сузак айылы, Транспортный көчөсү №1. Жыгач устундуу тунуке жабылган эки кабаттуу сарайдын 85 ч.м. чатыры жана 200 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

Ош облусу

8.       53-ӨКБ

1 б

1 10:56 11:06 11:09 11:18 11:30 0770006900 Өзгөн району, Черемушка тилкеси, ачык аянтта 20 сотык куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
9.       68-ӨКБ

1 б

1 16:55 17:20 17:25 18:06 18:42 0556443438 Алай району,  Согондү айылы, короодо жыйылган 5 тонн чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 2ствБ

 

 

Куткаруу кызматтарынын чыгуулары боюнча

 

катар № Аймак боюнча чыгуу саны Бөлүктүн аталышы

Убактысы

Маалымат берилген булак  

Дареги, маалыматы, өзгөчө кырдаалдын

келип чыгуу себеби, келтирилген материалдык чыгымдар

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

ордуна кайтып келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8
1 1 КР ӨКМнин

№15 ӨКБ

19:32 19:36 20:37 0701299240 Каракол шаарында Куткаруучулар Карасаев көчөсүндө жайгашкан №135 үйдүн 26-батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен. 2 куткаруучу тартылган.
2 1 КР ӨКМнин

№1 ӨКБ,

№24 ӨКБ,

№21 ӨКБ

Суучулдар кызматы

 

08:00 08:22 18:25 112 Аламүдүн районунда 15-август күнү “Теплые ключи” эс алуу жайында Аламүдүн суусуна 1994-ж.т. О. кызы Н. аттуу кыз түшүп кеткен.  21-сентябрь күнү издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМнен жалпы 22 куткаруучу тартылып, саат 18:00дө кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулган. Натыйжа болгон эмес. 22-сентябрь күнү улантылат.
3 1 КР ӨКМнин

№42 ӨКБ

09:00 09:20 18:20 102 Кочкор районунда 7-август күнү Теңдик айылында Чу дарыясына 2013-ж.т. Н. Б. аттуу кичине бала чөгүп кеткен. 21-сентябрь күнү издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМден 3 куткаруучу  тартылып, саат 18:00дө издөө иштери убактылуу токтотулган. Натыйжа болгон эмес. 22-сентябрь күнү улантылат.
4 2 КР ӨКМнин

№45 ӨКБ

12:47 13:05 14:00 102 Ат-Башы районунун Чеч-Дөбө а/а Ат-Башы айылынын Ат-Башы дарыясында 1947-ж.т Т.Ж. аттуу эркек кишинин жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине 4 куткаруучу тартылып, маркумдун жансыз денесин суудан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
5 1 КР ӨКМнин

РӨКО,

№71 ӨКБ

07:30 08:05 19:05 0778 171702 Ноокат районунда 14-сентябрь күнү Ак-Терек-Папан-Кожокелен унаа жолунун 40-чакырымында (Күндү-Дөбө айылы) жол кырсыктын кесепетинен Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаа Ак-Буура дарыясына түшүп кетип, унаадагы 2016-ж.т. М.Т. аттуу жаш бала сууга чөгүп кеткен. 21-сентябрь күнү издөө иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМнин 16 куткаруучу тартылып, саат 18:30да кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулган. Натыйжа болгон жок. 22-сентябрь күнү улантылат.
6 2 КР ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматы 03:29 03:50 04:26 112 Кара-Суу районундагы Бишкек-Ош унаа жолунун 617-чакырымында (Жаңы-Арык айылы) Мерседес-Спринтер (мам.№04KG804ABK) үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдо бараткан DAF (мам.№06KG871ABX) үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унааны артынан сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен 10 адам жеңил жаракат алышкан (аты-жөндөрү такталууда). Куткаруучулар жеткенге чейин тез жардам кызматкерлери жана жолдо бараткан унаалардын жардамында жабыркаган адамдарды ооруканага жеткизишкен. Абалдары канааттандыраарлык. 4 куткаруучу тартылган.
7 1 КР ӨКМнин

№93 ӨКБ

15:19 15:22 20:45 102 Бакай-Ата районунун Миң-Булак айылындагы каналга 2008-ж.т. У. уулу И. аттуу бала түшүп кеткен. Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн 7 куткаруучу тартылып, саат 20:20да баланын жансыз денесин суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

 

КР ӨКМ Басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here