2020-жылдын 23-сентябры саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
114 просмотров

2020-жылдын 23-сентябрь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы

Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан, кар, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.  Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусу

Нарын районунда 2020-жылдын 22-сентябрь күнү саат 17:00 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 280-чакырымында (Эмгекчил айыл аймагы) «Тойота Авенсис» жана «Хонда-Степ» үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын кесепетинен 3 адам каза болгон (2 аял 1962-жылы туулган, 1982-жылы туулган жана 1 эркек киши 1976-жылы туулган) жана 5 адам жабыркаган (2 эркек, 1 аял, 2 жаш бала 2019-жылы туулган жана 2017-жылы туулган).

Окуя болгон жерге КР ӨКМнин Нарын райондук №16 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары жана 1 өрт өчүрүүчү унаа, тез жардам кызматынан 1 бригада тартылган.

Куткаруучулар каза болгон адамдардын жансыз денелерин унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жабыркаган адамдар Нарын облустук ооруканасына, каза болгон адамдардын жансыз денелери Нарын райондук ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткирилген.

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 12 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 13 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Бишкек шаары

1.       3-ӨКБ

1 б

1 10:17 10:22 10:30 10:57 Свердлов району, Жибек-Жолу проспектиси №213, жолдун жээгинде дарак күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1 ствБ
2.       3-ӨКБ

1 б

1 11:28 11:39 12:16 12:37 13:30 Свердлов району, Бакай–Ата конушу, Нооруз көчөсү №6, жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 120 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1 ствБ
3.       7-ӨКБ

1 б

1 23:02 23:08 23:13 23:29 23:45 Октябрь району, Литовский көчөсү №4Б, кароосуз калган, аянты 30 чарчы метр болгон вагон жана таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1 ствБ

Чүй облусу

4.       5-ӨКБ

1 б

1 14:10 14:25 15:25 15:43 16:10 Кемин району, Орловка шаары, Октябрь көчөсү, талаада 4 га чабылган эгиндин орду жана 13 м3 тезек күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1 ствБ

Ош облусу

5.       71-ӨКБ

1 б

1 11:32 11:37 11:55 12:08 12:35 Ноокат району, Ноокат шаары, Калинин көчөсү №40, көп кабаттуу үйдүн жер төлөөсүндө төшөктөр күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1 ствБ
6.       103-ӨКБ

1 б

1 11:47 12:00 12:18 12:23 12:51 Өзгөн району, Кызыл-Октябрь айыл аймагы, Кызыл-Сеңир айылы, ачык аянтта 50 сотык куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. кол.

кар-т

Нарын облусу

7.       43-ӨКБ

1 б

1 15:05 16:00 16:15 18:15 19:27 Жумгал району, Таш-Дөбө айылы, Шамбеталы көчөсү №5, короодо жыйылган 500 түк чөп жана 50 түк саман күйгөн. Өрттүн себеби: отко этиятсыз мамиле кылуу. 1 ствБ

Ысык-Көл облусу

8.       34-ӨКБ

1 б

1 15:08 15:10 15:31 18:27 18:49 Түп району, Түп айылы, Элебаев көчөсү №22, жыгач устунду тунуке жабылган аянты 40 чарчы метр болгон бастырма, 300 түк чөп жана 200 түк саман толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1 ствБ

Жалал-Абад облусу

9.       20-ӨКБ

1 б

1 б

1 15:52

16:00

16:06

16:14

16:05 17:22 17:58

17:31

Сузак району, Таш-Булак айыл аймагы, Жаңы-Абад айылы, жыгач устунду шифер жабылган эки кабаттуу аянты 64 чарчы метр болгон сарайдын  чатыры жана 300 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2 ствБ
10.                         65-ӨКБ

1 б

1 17:33 17:38 17:44 18:46 19:00 Сузак району, Сузак айыл аймагы, Ат-Чабар айылы, сарайдын ичинде жыйылган 150 түк жүгөрү сабагы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1 ствБ
11.                         20-ӨКБ

1 б

1 22:55 23:12 23:17 23:25 00:20 Сузак району, Сузак айыл аймагы, Благовещенко айылы, Кулматов көчөсү, аянты 54 чарчы метр болгон тунуке менен жабылган бастырманын чатыры жана 4 м3 отун күйгөн.  Өрттүн себеби: такталууда. 1 ствБ

Талас облусу

12.                         91-ӨКБ

1 б

1 04:51 05:05 05:15 05:20 05:48 Кара-Буура району, Тамчы-Булак айылы, “Honda Stepwgn”  үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. 1 ствБ

Куткаруу кызматтары тарабынан чыгуулар:

Чүй облусу

Аламүдүн районунда 15-август күнү “Теплые ключи” эс алуу жайында Аламүдүн суусуна 1994-жылы туулган кыз түшүп кеткен.

22-сентябрь күнү издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМнен жалпы 20 куткаруучу тартылды.

23-сентябрь күнү издөө иштери улантылат.

Нарын облусу

Кочкор районунда 7-август күнү Теңдик айылында Чу дарыясына 2013-жылы туулган кичине бала чөгүп кеткен.

22-сентябрь күнү издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМнин №42 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылды.

23-сентябрь күнү издөө иштери улантылат. 

Ош облусу

Ноокат районунда 14-сентябрь күнү Ак-Терек-Папан-Кожокелен унаа жолунун 40-чакырымында (Күндү-Дөбө айылы) жол кырсыктын кесепетинен “Hyundai Porter” үлгүсүндөгү унаа Ак-Буура дарыясына түшүп кетип, унаадагы 2016-жылы туулган жаш бала сууга чөгүп кеткен.

22-сентябрь күнү издөө иштерин жүргүзүү үчүн  КР ӨКМден 14 куткаруучу тартылды.

23-сентябрь күнү издөө иштери улантылат.

Кара-Суу районунда 22-сентябрь күнү саат 17:46те Жаңы-Учар айылындагы Кайырма каналына 2016-жылы туулган жаш бала түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 112 кызматына келип түшкөн.

Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн  КР ӨКМнин Ош шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары тартылып, натыйжада жаш бала ИИМнин кызматкерлери тарабынан табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилген. Абалы жакшы.

Жалал-Абад облусу

Сузак районунда 23-сентябрь күнү саат 00:06да Көк-Арт айыл аймагынын Калма-Кырчын айылындагы Жалал-Абад-Тогуз-Торо унаа жолунун 62-чакырымында “Хово” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулду башкара албай унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен айдоочу 1978-жылы туулган жаран жабыркап тез жардам кызматы аркылуу ооруканга жеткирилген. Ал эми  КР ӨКМнин №58 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары 1983-жылы туулган  жүргүнчүнүн кыпчылып калган бутун чыгарып беришкен.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here