Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгынан 3 адам каза болду

0
45 просмотров

Нарын районунда 2020-жылдын 22-сентябрь күнү саат 17:00 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 280-чакырымында (Эмгекчил айыл аймагы) «Тойота Авенсис» жана «Хонда-Степ» үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын кесепетинен 3 адам каза болгон (2 аял 1962-жылы туулган, 1982-жылы туулган жана 1 эркек киши 1976-жылы туулган) жана 5 адам жабыркаган (2 эркек, 1 аял, 2 жаш бала 2019-жылы туулган жана 2017-жылы туулган).

Окуя болгон жерге КР ӨКМнин Нарын райондук №16 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары жана 1 өрт өчүрүүчү унаа, тез жардам кызматынан 1 бригада тартылган.

Куткаруучулар каза болгон адамдардын жансыз денелерин унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жабыркаган адамдар Нарын облустук ооруканасына, каза болгон адамдардын жансыз денелери Нарын райондук ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткирилген.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here