Жалал-Абад-Тогуз-Торо унаа жолунда жол кырсыгы катталды

0
43 просмотров

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 23-сентябрь күнү саат 00:06да Көк-Арт айыл аймагынын Калма-Кырчын айылындагы Жалал-Абад-Тогуз-Торо унаа жолунун 62-чакырымында “Хово” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулду башкара албай унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен айдоочу 1978-жылы туулган жаран жабыркап тез жардам кызматы аркылуу ооруканга жеткирилген. Ал эми  КР ӨКМнин №58 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары 1983-жылы туулган  жүргүнчүнүн кыпчылып калган бутун чыгарып беришкен.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here