2020-жылдын 5-октябрь күнү Республиканыаймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Талас облусу
Бакай-Ата районунун Оро айыл аймагында 2020-жылдын 1-октябрь күнү саат 06:00 чамасында Биринчи Май айылынан өткөн Талас каналын суу жеп, суунун нугу сел өтүүчү каналдан ашып, 23 турак үйдүн короолорун суу каптаган.
Жээктери бекемдөө иштерине Райондук суу чарба башкармалыгынан 1 самосвал, 1 экскаватор, 1 бульдозер, айыл аймактан 1 экскаватор, 1 самосвал тартылат.
4-октябрь күнү тартылган күчтөрдүн жардамында каналдын жээктери бекемдөө иштери толук аяктаган.
Сейсмологиялык абал боюнча
Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 4-октябрь күнү саат 20:12де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Кара-Суу районунун Жаңы-Арык, Отуз-Адыр, Кызыл-Ордо, Мады айылдарында 3,5 баллга, Баш-Булак айылында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
- Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
III. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
- КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча
Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 19 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 20 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.
Катар № | Бөлүм №
|
Өрттүн
категориясы
|
Убакыт | Билдирүү жолу
|
Дареги, маалыматы, өрттүн себеби
|
Берилген ствол ГТКК
|
|||||
чыгуу саат/м |
жетүү
саат/м |
чектөө
саат/м |
толук
өчүрүү саат/м |
келүү саат/м |
|||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | |
Бишкек шаары |
|||||||||||
1. | 5-ӨКБ
1 б |
1 | 17:07 | 17:15 | 17:36 | 18:20 | 18:56 | Октябрь району, 7-Апрель жана Ахунбаева көчөлөрүнүн кесилишиндеги ботаникалык бакчанын аймагында 800 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | 1ствБ | ||
Чүй облусу |
|||||||||||
2. | 15-ӨКБ
1 б |
1 | 12:35 | 13:22 | 13:34 | 14:32 | 15:30 | Москва району, Беш-Терек айылынын Дружба көчөсү №11, бастырманын 36 чарчы метр чатыры, 250 түк жыйылган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | 1ствБ | ||
3. | 24-ӨКБ
1 б |
1 | 13:51 | 14:15 | 15:45 | 18:45 | 19:30 | Чүй району, Чапаев айылы, Ленин көчөсү №82, короодо жыйылган 700 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | 1ствБ | ||
4. | 27-ӨКБ
1 б |
1 | 14:04 | 14:11 | 14:18 | 14:22 | 14:53 | Ысык-Ата району, Кант шаары, Комаров көчөсүндө телефон линиясы тартылган зым карагай күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | 1ствБ | ||
5. | 15-ӨКБ
1 б 1 б |
1 |
16:40 16:55 |
16:50 17:12 |
17:30 |
22:25 |
23:00 19:01 |
Москва району, Кош-Дөбө айылы, Школьный көчөсү №45, жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 80 чарчы метр чатыры, 900 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | 1ствБ | ||
6. | 22-ӨКБ
1 б |
1 | 17:07 | 17:12 | 17:29 | 17:45 | 17:58 | Жайыл району, Красный Восток айылында ачык аянтта 1 м3 отун күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | 1ствБ | ||
7. | 21-ӨКБ
1 б |
1 | 15:52 | 16:09 | 17:23 | 17:56 | 18:24 | Чүй району, Ак-Бешим айылы, Токомбаев көчөсү №20, жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 30 чарчы метр чатыры, 100 түк чөп, 1 тонна арпа күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. | 1ствБ | ||
Ысык-Көл облусу |
|||||||||||
8. | 15-ӨКБ
1 б |
1 | 07:31 | 07:36 | 07:41 | 08:00 | 08:10 | Каракол шаары, Геолог база кичи району, Алдашев көчөсү №160, 3-батир. турак үйдүн ичинде 2 чарчы метр үй эмеректери күйгөн. Өрттүн себеби: тамеки тартууга этиятсыздык. | 1ствБ | ||
9. | 34-ӨКБ
1 б |
1 | 09:58 | 10:38 | 10:48 | 12:40 | 13:40 | Түп району, Токтоян айылында 200 түк саман жана 50 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | 1ствБ | ||
10. | 35-ӨКБ
1 б |
1 | 18:44 | 19:04 | 19:35 | 20:00 | 20:24 | Ысык-Көл району, Темировка айылы, Чоморов көчөсү №7, короодо жыйылган 100 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | 1ствБ | ||
Талас облусу |
|||||||||||
11. | 100-ӨКБ
1 б |
1 | 09:25 | 09:35 | 09:45 | 11:00 | 11:20 | Манас району, Покровка айылы, Садовая көчөсү №22, жыгач устунду шифер жабылган сарайдын 50 чарчы метр чатыры жана 300 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | 1ствБ | ||
12. | 91-ӨКБ
1 б |
1 | 15:40 | 15:46 | 16:06 | 16:14 | 16:56 | Кара-Буура району, Кичи—Кировка айыл аймагы, Үч-Булак айылы, Жаңы-Конуш көчөсү, короодо жыйылган 60 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | 1ствБ | ||
Жалал-Абад облусу |
|||||||||||
13. | 59-ӨКБ
1 б |
1 | 10:10 | 10:25 | 10:30 | 12:40 | 13:23 | Жалал-Абад шаары, Тайгараев айыл аймагы, Тайгараев айылы, Кызыл–Суу көчөсү №7, короодо жыйылган 580 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: жаш балдардын от менен болгон шоктугу. | 1ствБ | ||
14. | 59-ӨКБ
1 б |
1 | 16:27 | 16:58 | 17:25 | 20:50 | 00:39 | Сузак району, Курманбек айыл аймагы, Кара-Чолок айылы, Шекиев көчөсү №5, короодо жыйылган 800 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: балдардын от менен шоктугу. | 1ствБ | ||
15. | 78-ӨКБ
1 б |
1 | 21:07 | 21:15 | 21:29 | 22:40 | 23:10 | Базар-Коргон району, Базар-Коргон айыл аймагы, Базар-Коргон айылы, Дуллажанов көчөсү №151, жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 48 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: балдардын от менен шоктугу. | 1ствБ | ||
16. | 46-ӨКБ
1 б |
1 | 04:27 | 05:11 | 05:13 | Тогуз-Торо району, Көк-Ирим айыл аймагы, Бирдик айылы, короодо жыйылган чөптөн өрт чыккан. Учурда өрттү өчүрүү иштери жүрүп жатат. | |||||
Баткен облусу |
|||||||||||
17. | 77-ӨКБ
1 б |
1 | 16:58 | 17:05 | — | — | 17:35 | Кадамжай району, Айдаркен шаарчасынын, Масаев көчөсүнүн №7 дарегинде жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан, кырсыктын кесепетинен турак үйдүн 1,5 чарчы метр полу күйүп өчкөн жана өрт болгон жерде денесинен 80% күйүк алып 1943-жылы туулган эркек киши каза болгон. Маркумдун жансыз денеси ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. | — | ||
Ош облусу |
|||||||||||
18. | 64-ӨКБ
1 б |
1 | 13:31 | 13:42 | 14:22 | 15:25 | 15:50 | Араван району, Али-Анаров айыл аймагы, Кара-Жантык тилкеси, жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 252 чарчы метр чатыры, 100 түк чөп, 1500 боо жүгөрү сабагы, 50 боо пахта сабагы күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын туура эмес туташуусу | 2ствБ | ||
19. | 53-ӨКБ
1 б |
1 | 19:05 | 20:20 | 21:33 | Өзгөн району, Салам-Алик айыл айымагы, 15 жаш айылы, Сары-Булак көчөсү №56, жыгач устундуу шифер жабылган 2 кабаттуу сарайдын 170 чарчы метр чатыры, 500 түк чөп, 20 тонна чөп күйгөн. Өрттүн кесепетинен жанаша салынган №66 үйгө өтүп, 2 кабаттуу жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 54 чарчы метр чатыры жана 2 тонна чөп күйгөн. Азыркы учурда өрттү өчүрүү иштери жүрүп жатат. | |||||
Куткаруу кызматтары тарабынан чыгуу болду:
Бишкек шаары
Биринчи Май районунда 4-октябрь күнү саат 15:40та Ашхабад көчөсүнүн №249 дарегинде жайгашкан турак үйдүн жер төлөөсүнө жылан кирип кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары жыланды кармашып, коопсуз жайга койберишкен.
Октябрь районунда 4-октябрь күнү саат 18:03тө КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан №4 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.
Биринчи Май районунун Горький көчөсүндө жайгашкан КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматы 1994-жылы туулган кыз колунан шакегин чыгарып берүүсүн суранган.
Куткаруучулар шакекти чыгарып беришкен.
КР ӨКМ Басма сөз кызматы.