2020-жылдын 13-октябры саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
166 просмотров

2020-жылдын 13-октябрь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Бүгүн күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

 

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 5 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 5 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

Катар №

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт

 

 

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Бишкек шаары

1.                6-ӨКБ

1 б

1 11:22 11:26 11:31 11:38 11:42   Биринчи Май району,   П. Лумумбы менен Д.Сяопин көчөлөрүнүн кесилишинде 3 даана таштанды таштоочу жайы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Чүй облусу

2.                22-ӨКБ

1 б

1 11:38 11:45 11:50 11:58 12:10   Жайыл району, Кара-Балта шаары, Оторбаев көчөсүндө  ачык аянтта 30 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
3.                6-ӨКБ

1 б

1 17:17 17:29 17:36 18:04 18:26   Сокулук району, Военно-Антоновка айылы, Ала-Арча көчөсү №39,  иштетилбеген азык-түлүк дүкөнү 50 чарчы метр толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: отко этиятсыздык мамилее кылуу. 1ствБ
4.                4-ӨКБ

1 б

1 00:03 00:27 00:55 01:02 01:33   Ысык-Ата району, Нурманбет айылы, Алдашева көчөсү №15, ачык аянтта 53 чарчы метр таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Ысык-Көл облусу

5.                19-ӨКБ

1 б

1 19:23 19:35 19:43 19:46 20:30   Балыкчы шаары, Шарипова көчөсү №171, сарайдын 2 чарчы метр шыбы жана газ баллон күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Куткаруу кызматтары тарабынан 5 чыгуу болду:

Бишкек шаары

Биринчи Май районунда 13-октябрь күнү саат 01:55те КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Чүй проспектисинде жайгашкан №245/1 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Нарын облусу

Кочкор районунда 7-август күнү Теңдик айылында Чу дарыясына 2013-жылы туулган кичине бала чөгүп кеткен.

12-октябрь күнү издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМден куткаруучулары  тартылды.

 13-октябрь күнү издөө иштери улантылат.

Жалал-Абад облусу

Таш-Көмүр шаарында 9-октябрь күнү Нарын дарыясына 1949-жылы туулган эркек адам түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 102 кызматынан келип түшкөн.

12-октябрь күнү жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн 8 куткаруучу тартылды.

13-октябрь күнү издөө иштери улантылат.

Токтогул районунда 12-октябрь күнү саат 13:48 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 310-чакырымында (Кара-Жыгач айылы) “Хонда Адиссей” жана “Тайота Фораннер” үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын кесепетинен 3 адам каза болуп, (1967-жылы туулган, 1967-жылы туулган эркек кишилер жана 1970-жылы туулган аял киши) 6 адам жабыркаган. Жерине  КР ӨКМнин №97 ӨКБ 5 куткаруучу тартылып, каза болгон жарандарды унаадан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган жарандар Токтогул райондук аймактык ооруканасына жеткирилген.

Ысык-Көл облусу

Тоң районунда 12-октябрь күнү саат 21:58 чамасында Балыкчы-Бөкөнбай-Каракол унаа жолунун 15-чакырымында (Оттук айылына жакын) “Мицубиси Спейс Стар” жана “Порше Кайен” үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын кесепетинен 2 адам жеңил жаракат алган.

Жерине Балыкчы шаардык №19 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн  куткаруучулары тартылып, биринчи медициналык тез жардам көрсөтүшкөн.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here