Ысык-Көл облусунун Тоң районунда 12-октябрь күнү саат 21:58 чамасында Балыкчы-Бөкөнбай-Каракол унаа жолунун 15-чакырымында (Оттук айылына жакын) “Мицубиси Спейс Стар” жана “Порше Кайен” үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.
Кырсыктын кесепетинен 2 адам жеңил жаракат алган.
Жерине Балыкчы шаардык №19 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылып, биринчи медициналык тез жардам көрсөтүшкөн.
КР ӨКМ Басма сөз кызматы.