Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгынан 3 адам каза болду

0
218 просмотров

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 12-октябрь күнү саат 13:48 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 310-чакырымында (Кара-Жыгач айылы) “Хонда Адиссей” жана “Тайота Фораннер” үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын кесепетинен 3 адам каза болуп, (1967-жылы туулган, 1967-жылы туулган эркек кишилер жана 1970-жылы туулган аял киши) 6 адам жабыркаган. Жерине  КР ӨКМнин №97 ӨКБ 5 куткаруучу тартылып, каза болгон жарандарды унаадан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган жарандар Токтогул райондук аймактык ооруканасына жеткирилген.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here