Ысык-Көл облусунда табигый кырсыктардан 368 кожолук корголду

0
78 просмотров

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан табигый кырсыктарды алдын алуу жумуштары жүргүзүлүүдө. Аталган иш-чара 2 багытта жүрөт: капиталдык курулуш, оңдоп-калыбына келтирүү жана авариялык-калыбына келтирүү жумуштары, экинчи багытта: атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу.

Капиталдык курулуш, оңдоп-калыбына келтирүү жана авариялык-калыбына келтирүү алкагында коргоочу курулмаларды куруу, жээктерди бекемдөө жумуштарынын 2020-жылга карата болжолдуу-планына 3 объектте иш мерчемделип, 9 ай ичинде 1 объектте жумуш жүргүзүлүп 1-этабы аяктаган. Ал эми алдын алуунун экинчи багыты — “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш-чараларын 2020-жылдагы Болжолдуу-планына 25 обьект киргизилип, 23 объектиде иш бүткөн жана 2 объектиде иштер улантылууда. Аткарылган иш-чаралардын натыйжасында 368 кожолук жана 8 га чарба үлүш жерлери, 1 мектеп, 1 ФАП,1 көрүстөн корголду.

КР ӨКМдин Басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here