Жалал-Абад облусунда өрттүн саны 25,4  пайызга азайган, каза болгон жана жабыркагандар жок

0
79 просмотров

Бул тууралуу КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыктын башчысы полковник Абдулнасир Закиров маалымдады. “2020-жылдын 9 ай ичинде Жалал-Абад облусунда 265  өрт кырсыгы катталган, ал эми өткөн жылы ушул эле аралыкта 355 өрт катталып, өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны 25,4% азайган. Быйыл өрттүн кесепетинен каза болгондор жана жабыркагандар жок, 2019-жылы 5 адам каза болуп,  2 адам  жабыр тарткан. Өрттү өчүрүүдө 2 адам өмүрү жана 877 млн. 218 000 сомдук материалдык баалуулуктар сакталып калынган”, -деди ал. Болуп өткөн өрттүн кесепетинен келтирилген материалдык чыгым  18 млн. 708 мин 323 сомду түзгөн.

           Облустагы өрттөрдүн негизги себептери:

— электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан –89 (33,6%);

— отко этиятсыздык менен мамиле кылуу – 30 (11,3%);

— балдардын от менен ойноосунан – 44 (16,6%),

— мештерди жана морлорду колдонууда этиятсыздык – 14, (5,3%);

Өрт болгон негизги обьектилер:

— турак-жай сектору — 181 (68,3%)

— автоунаа, гараж, — 30 (11,3%)

— ачык аймак — 18 (6,8%) 

-өндүрүш обьектилери — 9 (3,4%)

— кампалар, соода бөлмөлөр 7 (2,6%)

Болуп өткөн өрттөрдүн саны Жалал-Абад облусунун район, шаарлары боюнча төмөндөгүчө бөлүнөт:

— Жалал-Абад шаарында -28;

— Кара-Көл шаарында- 8;

— Майлуу-Суу шаарында-7;

— Таш-Көмүр шаарында -15;

— Аксы районунуда- 22;

— Ала-Бука районунда- 14;

— Базар-Коргон районунда- 21;

— Ноокен районунда -43;

— Сузак районунда -71;

— Тогуз-Торо районунда -4;

— Токтогул районунда -26;

— Чаткал районунда- 6 өрт кырсыгы катталган.

Жалпы 265 өрт кырсыгынан 181 өрт кырсыгы турак-жай секторунда катталган.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here