Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев: “Башкача ой жүгүртүп, өзүнүн ишине баш оту менен киришип иштөөнү күтөмүн”

0
695 просмотров

Бүгүн, 2020-жылдын 19-октябрь күнү Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев аппараттык кеңешме өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө күз-кыш мезгилинде күтүлүүчү өзгөчө кырдаалдарга даярдык, коронавирус илдетинин жайылышын жана кесепетинин жоюудагы аракеттерди ыкчам, өз убагында аткаруу талкууланды. Министр берилген тапшырмаларды дыкааттык менен аткарылышын баса белгилеп өттү.

“Сиздерден мен башкача ой жүгүртүп, өзүнүн ишине баш оту менен киришип иштөөнү күтөмүн. Бардык маселеңиздерди чечүүгө аракеттенем. Анан дагы мен сиздерден суранат элем, кызматкерлер кесипкөй, активдүү  жана креативдүү болушу керек. ӨКМди көтөрө турган жумуш аябай көп экен. Көп жакты башынан карап, көп жагын мыйзамдаштырыш жана ошого жараша өзгөртүш керек экен. Жалпыңыздардын аракетиңиздер менен мыйзамдан баштап оңдоп, ишибизди мындан да күчөтүп, техникаларды жаңылап иш алып барышыбыз керек”, -деди министр.

Аппараттык жыйынга министрликтин түзүмдүк жана аймактык башкармалыктарынын башчылары катышышты.

КР ӨКМнин Басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here