2020-жылдын 20-октябры саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
89 просмотров

2020-жылдын 20-октябрь күнү республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Жалал-Абад облусу

Ала-Бука районунда 2020-жылдын 19-октябрь күнү саат 10:15 чамасында Иштамберди тилкесинде жайгашкан ЖЧК “Фулл Голд Майнинг Компани” алтын-кен ишканасынын имаратынан өрт чыккан. Жабыркагандар жок.

Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнен 2 өрт өчүрүү бөлүмү,  алтын-кен ишканасынан 1 экскаватор, 1 жүктөгүч жана 1 самосвал  тартылып.

Өрт саат 12:29да чектөөгө алынып, 20-октябрь күнү түнкү саат 01:35те толук өчүрүлгөн.

Өрттүн кесепетинен имараттын 2000 чарчы метр аянты күйгөн. Учурда келтирилген материалдык чыгымы такталууда.

Сейсмологиялык абал боюнча

Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 19-октябрь күнү саат 16:17де  Ош облусунун аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Чоң-Алай районунун Ачык-Суу, Жайылма айылдарында 2 балл, Кызыл-Эшме, Кара-Шыбак, Жар-Башы айылдарында 3 балл, Кашка-Суу айылында 4 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

 

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 28 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 30 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

Катар №

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт  

 

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

   
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Бишкек шаары

1.                3-ӨКБ

1 б

1 14:29 14:35 14:48 14:56 15:34   Свердлов району, Лермонтов көчөсү №85, короодо 20 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: отко этиятсыз мамиле кылуу. 1ствБ
2.                2-ӨКБ

1 б

1 15:42 15:51 15:56 16:05 16:15   Биринчи Май району, Калыс-Ордо конушу, ачык аянтта 35 чарчы метр куураган чөп жана таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
3.                3-ӨКБ

1 б

1 20:34 жеткенге чейин 20:46   Свердлов району, Шабдан Баатыр көчөсү №43, батирдин ашкана бөлмөсүндө кароосуз калган тамак-аш түтөгөн. Өрттүн себеби: такталууда.
4.                5-ӨКБ

1 б

1 22:34 22:50 23:00 23:10 23:23   Октябрь району, Байтик Баатыр жана А.Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде 500 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. кол каражат
5.                4-ӨКБ

1 б

4-ӨКБ

1 б

1 03:35

 

03:41

03:40

 

03:46

03:55 04:40 05:20

 

05:10

  Биринчи Май району, Кулиев көчөсү №36, эки кабаттуу мейманкананын бөлмөсүндө үй эмеректери жана жыгач устундуу темир жабылган бастырманын 70 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ

Чүй облусу

6.                15-ӨКБ

1 б

1 09:55 10:07 10:37 11:35 12:00   Москва району, Беловодск айылы, Колхозный көчөсү №103, аянты 96 чарчы метр болгон бастырма толугу менен жана 500 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
7.                8-ӨКБ

1 б

1 12:44 13:06 14:18 15:35 16:15   Аламүдүн району, Маевка айылы, Ала-Арча көчөсү №178А, короодо 200 түк чөп жана 10 м3 отун күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ
8.                15-ӨКБ

1 б

1 13:55 14:15 14:30 14:55 15:20   Москва району, Садовое айылы, Комсомол көчөсү №33, аянты 12 чарчы метр болгон бастырма толугу менен жана 50 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
9.                27-ӨКБ

1 б

1 14:32 14:40 14:48 15:00 15:18   Ысык-Ата району, Кант шаары, Чүй көчөсү №4, короодо 80 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
10.           1-ӨКБ

1 б

1 14:36 14:59 15:11 15:30 15:57   Аламүдүн району, Бирдик айылы, мүрзөнүн аймагында 1 га куураган чөп жана бак-дарактар күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
11.           21-ӨКБ

1 б

1 15:21 15:36 15:54 15:56 16:06   Токмок шаары, Садаев көчөсү №20, короодо 10 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. кол каражат
12.           1-ӨКБ

1 б

1 15:27 15:42 16:09 16:24 17:05   Аламүдүн району, Дачный айылы, ачык аянтта 1,5 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
13.           22-ӨКБ

1 б

1 15:36 15:46 16:08 16:20 16:32   Жайыл району, Алексеевка айылы, ачык аянтта 1 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
14.           5-ӨКБ

1 б

1 18:15 жеткенге чейин 18:55   Кемин району, Кемин шаары, ачык аянтта куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.
15.           21-ӨКБ

1 б

1 18:38 18:45 18:55 19:13 19:365   Токмок шаары, Ленин көчөсү №377, коммуналдык ишкананын аймагында 3 м3 отун күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
16.           1-ӨКБ

1 б

1 21:26 21:32 21:48 22:27 22:40   Аламүдүн району, Ленин айылы, ачык аянтта 1 га бак дарак күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
17.           22-ӨКБ

1 б

1 23:44 23:51 00:05 02:18 02:34   Жайыл району, Алексеевка айылы, Киев көчөсү №12, жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 50 чарчы метр чатыры жана 200 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Ош облусу

18.           66-ӨКБ

1 б

1 16:10 16:28 17:16 17:42 18:34   Кара-Кулжа району, Ылай-Талаа айыл аймагы, Ылай-Талаа айылы, Сатыбаев көчөсү №141, короодо 2,5 тонна жыйылган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ
19.           13-ӨКБ

1 б

1 16:16 16:22 16:30 17:00 17:14   Кара-Суу району, Шарк айыл аймагы, Бабалашкар айылы, Орзу көчөсү № жок, короодо 100 боо жүгөрү сабагы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
20.           64-ӨКБ

1 б

1 03:07 03:12 03:15 04:25 04:35   Араван району, Юсупов айыл аймагы, Октябрь айылы, Эрке-Кашка көчөсү №11, жалпы аянты 60 чарчы метр турак үй, гараж толугу менен жана ашкана эмеректери күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ

Жалал-Абад облусу

21.           79-ӨКБ

1 б

73-ӨКБ

1 б

1 10:22

 

10:35

12:10

 

12:23

12:29 01:35     Ала-Бука району, Ала-Бука айыл аймагы, Иштамберди тилкеси, ЖЧК «Full Gold Mining» алтын-кен ишканасынын кампасынын 2000 чарчы метр аянты күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ
22.           20-ӨКБ

1 б

1 10:51 10:57 жеткенге чейин 11:11   Жалал-Абад шаары, Курортный көчөсү, мүрзөнүн аймагында 2 сотык куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.
23.           59-ӨКБ

1 б

1 11:45 12:18 12:21 12:53 13:56   Сузак району, Курманбек айыл аймагы, Кара-Чолок айылы, Кармышаков көчөсү №16, жыгач устундуу шифер жабылган эки кабаттуу сарайдын аянты 40 чарчы метр болгон экинчи кабаты толугу менен, 30 боо жүгөрү сабагы жана отун күйгөн. Өрттүн себеби: балдардын от менен шоктугу. 1ствБ
Ысык-Көл облусу
24.           34-ӨКБ

1 б

1 12:22 12:55 13:11 14:23 15:11   Түп району, Байзак айылы, Ташиев көчөсү №4, короодо 300 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
25.           39-ӨКБ

1 б

1 16:42 17:05 17:25 20:45 21:10   Ак-Суу району. Энчилеш айылы, Абылов көчөсү №33, аянты 98 чарчы метр эки кабаттуу сарай толугу менен, 900 түк чөп жана 300 түк саман күйгөн. Өрттүн себеби: балдардын от менен шоктугу. 2ствБ

Талас облусу

26.           100-ӨКБ

1 б

1 14:09 14:24 14:37 16:55 17:17   Манас району, Кызыл-Жылдыз айылы, Бөкөнбаев көчөсү №75, короодо 200 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: балдардын от менен шоктугу. 2ствАБ

Нарын облусу

27.           42-ӨКБ

1 б

1 22:09 22:20 22:35 23:30 23:45   Кочкор району, Семиз-Бел айылы, К.Арыкчиев көчөсү №15, мончонун 6 чарчы метр пластик шыбы, 2 эшик жана 2 терезе күйгөн. Өрттүн себеби: отко этиятсыз мамиле кылуу. 1ствБ
28.           42-ӨКБ

1 б

1 03:52 04:55 05:40       Кочкор району, Кызыл-Дөбө айылы, Акунбек көчөсү, короодо 1000 түк чөп жана 300 боо самандан өрт чыккан. Учурда өрттү өчүрүү иштери жүрүп жатат. 1ствБ

Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болгон.

Бишкек шаары

Ленин районунда 19-октябрь күнү саат 14:25те М.Рыскулов көчөсүндө Ала-Арча суусуна 1991-жылы туулган эркек киши кулап түшкөн.

КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары жабыркаган адамды суудан алып чыгышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Абалы орто.

Биринчи Май районунда 19-октябрь күнү саат 22:55те КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары И.Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан №141 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Нарын облусу

Кочкор районунда 7-август күнү Теңдик айылында Чу дарыясына 2013-жылы туулган бала чөгүп кеткен.

19-октябрь күнү издөө-иштерин улантуу максатында Кочкор райондук ӨК бөлүмүнөн 15 куткаруучу, 4 суучул, Суучулдар кызматынан 5 суучул, жалпы 24 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 13 адам тартылды.

20-октябрь күнү издөө иштери улантылат.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here